Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Ө. ТЕКЕБАЕВ: БАКИЕВ ЖӨНҮНДӨ УШАК-АЙЫҢДАРДЫН ЧЫГЫШЫНА ПРЕЗИДЕНТ АДМИНИСТРАЦИЯСЫ КҮНӨӨЛҮҮ


Расмий жарыяланган маалымат боюнча президент Курманбек Бакиевдин эмгек өргүүсүнө чыкканына 22 күн болду. Германияда эс алып жатат дегенден башка маалымат жок болуп жаткандыктан президенттин саламаттыгына байланыштуу түрдүү каңшар кептер тарап жатат. “Азаттык” бул маселе боюнча “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кепке тарткан.

- Сиз мурдагы спикер катары айтсаңыз, мамлекет башчысы ордунда жок кезде өлкөнүн коопсуздугу кимдин жоопкерчилигинде калат, өкмөт башчынын, спикердинби, же президенттик администрациянын башчысынынбы?

- Кыргызстанда бул маселе боюнча калыптанып калган адат салтта жок, кагаз жүзүндө түзүлгөн жобо дагы тилекке каршы жок. Бул биздин мамлекеттин чоң кемчилиги деп эсептейбиз. Алдыңкы тажрыйбасы бар өлкөлөрдүн салтына карасак, мамлекет башчысы сырт жакка кеткенде анын функциясын аткарган кызмат адамы сөзсүз Кыргызстандын ичинде калыш керек. Көп өлкөлөрдө мамлекеттик эң чоң жетекчилер, бул генштабдын башчысы, парламенттин төрагасы, өкмөт башчысы бир учакка отурбаган эрежелер бар. Тилекке каршы, жокчулуктанбы, биз баарыбыз чогулуп алып бир учакка отуруп чет жакка учуп кеткен учурлар абдан көп болгон. Мына президент Бакиев Германияда жүргөндө, биздин башка жетекчилер 8-мартта үй-бүлөлөрү менен эс алганы чет жакка учуп кетти деген сөз дагы Кыргызстанда маалымат тарады. Мунун өзү бизде кагаз жүзүндө иштелип чыккан эмес, ошондой эле салт жүзүндө оозеки да айтылган эмес.

Ал эми биздин Конституция боюнча президент жок учурда анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Төрага аткара албай калган учурда өлкөнүн өкмөт башчысы аткарат. Мен ойлойм, ушул окуядан кийин Кыргызстанда мыйзам түрүндө, же президент бекиткен жобо түрүндө мамлекеттик бийик кызматтагы адамдардын ушундай кырдаалда жүрүм-турумдары жөнүндө бир эреже иштелип чыгыш керек.

- Президенттин ден-соолугуна байланыштуу түрдүү ушактардын чыгышына ар кандай күчтөрдү айыптоо болуп атат. Сиз кандай ойлойсуз, Курманбек Бакиевдин айланасындагы адамдар буга жол бербей коюшса болот беле. Мисалы ошол эле президенттик администрация, президенттин маалымат кызматы жана башкалар?

- Ушактардын чыгышына биринчи кезекте президенттин администрациясы күнөөлүү. Анткени отпуск боюнча маалымат ачык-айкын айтылып, ден-соолук боюнча да маалымат ачык айтылып турса, мындай ушак айыңдар болмок эмес. Кыргызда ушак тараганда айтып коет го адамдын өмүрү узун болот экен деп, президент аман болсун. Андай ушактар башка саясатчылар боюнча дагы тез-тез чыгып турат. Мен түштүккө кетип атып Чычканга кирип кеткенде байланыш үзүлөт мобилдик телефондо. Ошол 3 сааттын ичинде эле мени канча жолу өлтүрүп, канча жолу көмүп жиберишет. Ал эми бир ай дайының чыкпай кетип, телефон аркылуу эл менен байланышпасаң, же телевизордон көргөзүп койбосо, албетте, андай сөздөр чыга берет. Мына ушул кемчиликти президенттин администрациясы кетирбеш керек. Алар ушул ушак тарап кеткенден кийин муну таш боор адамдар жасап атат, алардын тилеги таш капсын деп айтып атышпайбы, мына өзүлөрү барып көрүп келишти, ушул көргөндө тасмага тартып элге көргөзсө болмок.

Путин Сочиде эс алганда тоонун башына кантип чыкканын, жаш балдар менен жолугуп кантип чай ичкенин, кантип лыжа тепкенин, кантип бассейнге түшкөнүн, кимдер менен жолукканга чейин көргөзүп отурат. Ал эми биздин чоң кызматтагы адамдар бир айдын ичинде ал жерге барып жолугуп келиптир, мына Богатырев айтып отурат. Мына ушуларды эл журтка көргөзүп койсо болот. Ал эми телевизордон сүрөтүн көргөзүп алып диктор окуганы бул абдан терс таасирин тийгизип атат.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG