Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Т.Сариев: “Азыр бийликке жалпы эл оппозиция”


Алайдагы жол тосуу жана Бишкекте Исмаил Исаковдун бошотулушун талап кылган ачкачылык акциясы тууралуу “Азаттыкка” “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев маек курду.

- Алайда ачкачылык акциясы башталды. Бүгүн да алайлыктар чогулуп чыгарын айтышууда. Кечээ жол тоскондорду кууп таратышты, Бишкекте да ачкачылык акция уланууда. Сиз ушул саясий окуяларга кандай баа бересиз? Ушул нааразылык акцияларынан натыйжа чыгабы?

Темир Сариев: Ачкачылык жарыялоо - бул саясатта акыркы чек болуп эсептелет. Анткени буга чейин айтылып аткан сөзүбүз, жасалык аткан иш, же болбосо кандайдыр талаптар мыйзамдуу аткарылбай жатканынан айласыздан барган иш.

Көптөр туура эмес сүйлөп атышат, элдин ден соолугу керек деп. Биринчиден, укук, мыйзам сакталуу керек. Сопу-Коргондо 300-400гө жакын адам жыргаганынан чыккан жок. Ал жерде азыр кыш суук. Ошого карабай боз үйлөрүн тегеректеп, ошого түнөп аткан элдин убалын да бийлик ойлош керек. Албетте негизги нааразычылык кылынган иш менен тартылган жаза экөө шайкеш келбей жатат.

Исмаил Исаковду беш маселе боюнча күнөөлүү деп айыпташып, ошонун төртөөн жок кылып, бирөө калыптыр. Ошону менен сезиз жылга эркинен ажыратып койгону көп элдердин кыжырын келтирип, кандай болуп кетти деп айтып жатышат.

Эми ал чыккынчы же мамлекеттин душманы болбосо эмне үчүн мындай катуу жазага тартты? Анын үстүнө иш да бир жактуу болуп атпайбы. Ошону менен чогуу болгондордун бардыгы мөөнөтү чыгып кетти деп куткарылып атат. Мыйзам бардыгына бирдей иштебей жатат.

- Буга чейин оппозиция өкулдөрүн биримдик, ынтымак жок деп сындап келишчү эле. Ушул окуялар оппозиция арасында шериктештикти, тилектештикти жаратышы мүмкүнбү?

Темир Сариев: Адамдардын баарын бир бөлмөгө камап, "силер биригесиңер" дегендей болуп атат. Мен ушундай жагдайлар бириктире алабы, же бириктире албайбы – билбейм. Анткени ар түрдүү адамдардын ар түрдүү ойлору бар. Кээ бирөө бийликте жүргөн, кээ бирөө бийликке эч качан барган эмес. Бардыгын тең бир бөлмөгө байлап эле “силер биригесиңер” дегендей доомат коюш туура эмес.

Негизгиси, мен ойлойм, бүгүн бийликке оппозициячыл көз карашта жүргөн адамдардын негизги талаптары биздей. Анткени алар мыйзамдуулук, акыйкаттык орносун, ачыктык болсун дегендер. Анын жолдору ар түрдүү, кээ бирөө башка жолду издейт. Түшүнүгү, байкоосу башка болуп атат, бирок беш-алты адамды оппозиция деп айтыш туура эмес. Азыр бийликке жалпы эл оппозиция болуп турат. Жалпы эл - бул кыргыз эли. Ал ар дайым биримдикте. Биз ушуну туура түшүнүшүбүз керек.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG