Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Темир Сариев "Азаттыкка" келип, интервью берип, аны бийлик менен тымызын келишип алып, бирдиктүү оппозицияны бөлүп-жаруу үчүн өз алдынча шайлоого аттанганы жөнүндө сөздөрдү "чынга окшогон калпка" чыгарды. Таза шайлоо болсо 100 пайыз жеңишке жетерине ишенерин, бийликке ашкере кошоматчылардын салтты тепсеп жатканына жаны күйгөнүн, экс-президент Аскар Акаевди тирүүсүндө алып келип сыйлап алуу туура чечим болорун баса белгиледи.

Бизге кереги жок, өлүп калгандан кийин сөөгүн алып келип анан баатыр кылабыз деген. Ошол тирүүсүндө биз алып келип сыйлап алышыбыз керек.
- Темир мырза мына өткөн күндөрдө президенттик шайлоого талапкер катары өлкөнүн бир топ аймактарын кыдырып келген экенсиз. Ушул үгүт иштеринде сиз эмнени таптыңыз? Эмнге өкүндүңүз?

- Эң негизгиси, биз Кыргызстандын алты дубанын толук кыдырып бүттүк, эл менен жолугуштук, маанайын көрдүк. Биринчиден, элдин турмушун көрдүм, пикирлеш, бизди жактырган адамдарды таптым. Экинчиден, мен ушуну улам-улам эле айта берем, өзгөчө мага таасир калтырган Бишкектен 1100 км алыс турган Пулунду деген айыл болду. Ошол жерде карыялардын кыргызча нукура асыл сөзүн уктум, калыс сөзүн, акыл ойлорун уктум. Биримдикке, ынтымака чакырган, баарын туура түшүнгөн, меймандос сөздөрүн айткан кыргыздын нукура абышка , байбичелерин көрдүм. Мен үчүн бул абдан чоң кубаныч.

Кээ бир саясатчылар, коом таануучулар мени түштүктө көп тааныбайт деп айтышчу эле. Бул төгүнгө чыкты. Албетте, курч маселелер болду, курч суроолор болду, айтылып аткан айың-ушактар айтылды. Өкүндүргөнү - бир гана ушул Таш-Көмүрдө жергиликтүү бийликтин ашынган кошоматчылыгы өкүндүрдү. “Азаттык” бул окуяны биринчилерден болуп берди. Жолугушуу бүтүп, кечкисин келип бир жеке менчик үйгө сүйлөшүп мейман болуп калып, төшөккө жатып уктап жатканыбызда жергиликтүү бийлик, финансылык полициянын жергиликтүү башчылары келип, коркутуп бизди түнкүсүн он бир жарымда төшөктөн тургузуп, кетирүүгө мажбур кылышты. Бул биздин эч качан маданиятыбызда, үрп- адатыбызда, салтыбызда болбогон нерсе. Мына ушундай ашкере кошоматчылык абдан өкүндүрөт. Бул бизди гана эмес, жалгыз Сариевди гана эмес, кыргызды сое турган нерсе.

-Ушул үгүт иштериндеги тоскоолдуктар жөнүндө бир топ талапкерлер айтып атышат. Алардын ичинде сиздин шайлоо штабыңыз дагы жанагындай маалыматтарды таратты. Ушул бийликтин кысым көрсөтүү механизмине туруштук берүүнүн кандай аргасы бар, сиздин оюңузча?

Эгерде бийликти күч менен алмаштыруу болсо, акыры кайра эле айланып келип ушуга түшөт.
-Эми жолу бирөө, муну 2005-жылы март окуясы көргөздү. Бирок ал дагы тайкы жол да. Эгерде бийликти күч менен алмаштыруу болсо, акыры кайра эле айланып келип ушуга түшөт. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы улут болгондон кийин, мамлекет болгондон кийин ошол демократиялык принциптерди терең кабыл алгандан кийин, мыйзамдуу бийлик алмаштыруу жолуна өтүшүбүз керек. Ошондо гана биздин өсүшүбүз, багытыбыз туура болот да. Бирок буга эң бийлик өзү түшүнүш керек да. Түбөлүк эч нерсе болбойт, Бакиевдин да заманы бүтөт бир күнү. Бүгүн бүтпөсө - эртең бүтөт, эртең бүтпөсө - бүрсүгүнү бүтөт.

-Президенттик кызмат үчүн күрөштүн жаңы ыкмасы катары ушул жолку президенттик шайлоодо парапсихология деген нерсе пайда болду. Азырынча бирди жарым өз көзүм менен көрдүм деп айта албайт, бирок ушул жөнүндө абдан көп айтылып атат. Сиз кандай дейсиз ушул жөнүндө?

-
Мен бул ушактардын бири деп эсептейм. Эч ким эч кимди “окутуп”, эс-акылын жоготтуруп койгон жок. Андай боло турган болсо Кыргызстандын баары “окуп” отурат анда. Бул жөн эле өзүн алып жүрүштүн айласын таппай, кичине бир напсисин тыйбаган адамдардын ойлоп чыгып атканы да. Мен ошондой деп жооп берет элем атын айтпай туруп.

-Президенттик шайлоого БЭК менен эмес өз алдыңызча кеттиңиз, бул жөнүндө абдан көп сөздөр жүрүп жатат. Сиздин ушул кетишиңиздин бир себеби катары бийлик менен келишип кетти деген сөздөр айтылып атат. Эмне айта аласыз бул боюнча?

-Мен бир гана нерсени айтам да, бул боюнча бир топ жооп бердим “Калпты чындай айтса, чын чычалап чыга берет” дейт, калп айтканды токтотсок. Ушул мамлекет башына барам деп жүргөн адамдар өздөрү ушак сөздөрдү чыгарып жүрөт, бул уят эле нерсе. Эми баардыгын убакыт көргөзөт.

-Темир Сариевдин артында экс-президент Аскар Акаев турат деген жоромолго сиз кандай жооп айта аласыз. Мындай кеп айрыкча сиз Оштогу жолугушууларда Акаевди Кыргызстанга алып келүү керек деп билдиргениңизден кийин күчөп кеткендей болду да?

-Мындан башка да айтып жүрүшөт, Бакиев менен жолугуп премьер-министрге макулдугун бериптир, бирөөнүн өкүл атасы болуптур, бирөөнө куда болуптур, жаш келинчек алыптыр деп. Эми ушул ушактын баарын териштирип отурсак биз өз максатыбызга жетебизби? Ооба, Акаев жөнүндө мага Оштон суроо берди. Ошол жерде мен жалгыз турган жокмун, ошол жакта турган адамдар күбө. Мен оюмдагы чындыкты айттым, бирөөнө жагат, бирөөнө жакпайт, бирөө ошону менен упай топтойм дейт. Ошондо айттым, мүмкүн менин ушул жообумду угуп кээ бир мага ишенип жүргөн адамдар менден кетип калат, мүмкүн кээ бирөө келет деп. Бирок чындык өзү ачуу болот, мен ошол гана чындыкты айттым. Бизге кереги жок, өлүп калгандан кийин сөөгүн алып келип анан баатыр кылабыз деген. Ошол тирүүсүндө биз алып келип сыйлап алышыбыз керек.

Бизге кереги жок, өлүп калгандан кийин сөөгүн алып келип анан баатыр кылабыз деген. Ошол тирүүсүндө биз алып келип сыйлап алышыбыз керек.
Жаманбы, жакшыбы ал журт башында турду. Ошол эле бүгүнкү иштеп аткан президент анын астында эки облусту башкарып губернатор болуп, премьер-министр болуп иштеп турду. Мына бүгүнкү бийликтеги азыр Ак үйдө отургандардын 99% ошол убагында иштеген адамдар. Губернаторлор, акимдер, министрлер, көп-көп депутаттар мына “Ак жолдун” 99% “Алга Кыргызстандан” келгендер. Бул биздин тарыхыбыз, биз муну басып өттүк, жөн эле куру сөз сүйлөбөй, ошол сөзү менен кылган иши шайкеш келип туруш керек.

-Президенттик шайлоого добуш берүү күнү жакындаган сайын азыр талапкерлердин биригүү ыктымалдыгы жөнүндөр айтылып атат. Мисал үчүн сиз Назаралиев, Атамбаев, Сариевдин биригүүсү жөнүндөгү жоромолго кандай жооп кайтарат элениз?

-Мен “Ак Шумкар” партиясынын чечими менен бир топ адамдар менен кеңешип чыктым, партиянын чечими бар. Мен мына алты дубанды кыдырып келдим, элге айткан сөзүм бар, элдин батасын алдым, элдин ишенимин алып отурам. Мен ошого жараша иш кылам. Биздин багытыбыз аныкталган, биз ошону менен баратабыз.

-Президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үмүтүңүз канчалык?

-Үмүтүм 100%. Эгер таза шайлоо болсо, мен ойлойм, биз жеңишке жетебиз. Биз элдин маанайын, элдин каалоосун тилегин да көрүп турабыз. Биз сунуштап аткан программа жагып атат. Анткени биз жаңы жашоо, таза шайлоо, таза коом, таза президент, ачык бийлик, таза саясат деп айтып атабыз.

-Сиз даярдалган аудитория дедиңиз, даярдалган аудиториялар болдубу, аны кантип аныктадыңыздар?

-Даярдалган аудиториялар болуп атат, бүгүнкү иштеп аткан президент үчүн. Мына тизме менен киргизип атышат, эркин микрофон жок. Биз бир да адамды даярдап койгон жокпуз, андай мүмкүнчүлүгүбүз да жок, андайга азыр каражатыбыз да, кудуретибиз да жетпей турат. Биз ошон үчүн эл чогулган жерлерге, автовокзалдарга, чоң базарларга, шаардын ортолоруна, айылдарга барып, айыл ортосуна туруп, атайын чакырып жолугуп атабыз.

-Талапкерлердин телетаймашы, телеэрөөл деп айтып атабыз да, ушуга бөлүнгөн убакытты талапкерлер кандай пайдаланып атат? Алардын бири сиз болуп атасыз да. Ушул алдын-ала жазылган, жалгыз чыгууну шарттаган, телетаймаштын шарттарына канчалык деңгээлде сиз баа бере аласыз?

-Өткөндө мына алты талапкерди чакырыптыр, бир саат бериптир. Түз эфирде болду. Мен аябай өкүнүчтө калдым эки талапкер келген жок, бирок мен ошону толук колдондум. Теледебат, телекөрсөтүү менен ушул көп элдер талапкерлердин аң, сезимин, ой жүгүртүүсүн, сөздү таап сүйлөөсүн, өзүнүн оюн кыска убакытта түшүндүрүп берүүсүн, анан сөзгө чычалайбы-чычалабайбы, алып жүрүшү, туруп басышы кандай болот деп мындай баа берет. Шайлоо деген бул - тандоо деген сөз. Ушундайга барыш керек, корккон адамдар бара албайт. Ар түрдүү шылтоону айта берет, мен тигиндей элем, мен мындай элем депчи.

-Жанагы чучу кулакта сиз менен кайым айтышка туш келген Атамбаев бийлик оппозицияны бөлүп-жарып атат деп өзүнүн дебаттан баш тартышын негиздеп бербедиби. Бул сөзгө сиз кандай карайсыз, макулсузбу ушуга?

-Эми ал өзүнүн сөзүн айтты, аны мындай айтты, тигиндей айтты деп мен айткым келбейт турат. Мен дегеле бул үгүт иштеринде барган жеримде бирөөнү да жамандап, бирөөнү мактаганым да жок. Эгерде жанагы теледебат болсо, бетме-бет отурсам мен анда ал кишиге суроолорумду берет элем. Талашат элем, сөзсүз түрдө эле жамандаш кереги жок, күрөштүн башка жолдору да бар, күчтүү жолдор бар. Ошолордун бири бул элдин ишенимине кирүү, ошол жол менен кетип баратабыз.

-Сиз жетектеген “Ак Шумкар” партиясы БЭК кыймылынын курамында болгонун буга чейинки фактылардан билебиз. Азыр “ Ак Шумкар БЭКтин курамындабы же бөлүндү беле?

Бирок төрт киши отуруп алып тон бычып биз эң негизгисибиз, калгандары бизден кийинкиси деген бул туура эмес. Бул дагы убактылуу гана уюшулган орган болчу, анын тилектери, максаттары таптакыр башка болчу. БЭКте бүгүн мен бармын да, жокмун да деп айта албайм, анткени БЭК жок. Ал юридикалык каттоодон өткөн эмес.
- “Ак Шумкар” партиясы өзүнүн курултайын өткөзүп, менин талапкерлигимди өткөзгөндө БЭК мүчөлөрү өздөрү чогулуп алышып, бизди чыгардык деп коюптур. Мен айтып коюшум керек, БЭКтин документтеринин баары менин колумда. Менден аны эч ким келип сурай ала элек, биз түптөөчүлөрдүн бирибиз дейбиз. Бирок төрт киши отуруп алып тон бычып биз эң негизгисибиз, калгандары бизден кийинкиси деген бул туура эмес. Бул дагы убактылуу гана уюшулган орган болчу, анын тилектери, максаттары таптакыр башка болчу. Мен аларды көргөзүп айтып берем. Мына былтыр өткөзгөн курултайды алып көргүлө, андан кийин март айындагы талаптарды карап көргүлө, кандай талаптар бар эле.

Бурчтан чыга калып эле биз шайлоого бирдиктүү адам менен барабыз деп айтканы бул туура эмес. БЭКте бүгүн мен бармын да, жокмун да деп айта албайм, анткени БЭК жок. Ал юридикалык каттоодон өткөн эмес. Бул бир нече партиялардын сүйлөшүп, бейөкмөт уюмдардын кол кармашып, макулдашкан сөзү гана болчу. Мына БЭКтен чыкты деген адам өз арызы менен катталып отурат. Ал партиянын атынан, же кандайдыр бир кыймылдын атынын чыккан жок, өз арызы менен катталып отурат. Аны ошол БЭКтен чыкты деп таанууга мүмкүнчүлүк жок. Биз “Ак Шумкар” партиясы оппозициячыл партиябыз, оппозициячыл партия өзүнүн талапкерин көргөздү, ошон үчүн биз бүгүнкү бийликке оппозиция болуп турабыз.

-БЭК ушул 23-июлдагы президенттик шайлоодо шайлоочуларды өз добуштарын коргоого чакырган билдирүү таратты да. Курамына өзүңүз өңдүү аттуу-баштуу кишилер кирген “Ата Мекен” партиясынын парламенттик шайлоодогу ахыбалы кайталанбасын деген тынчсыздануулар болуп жатат. “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевди жактаган шайлоочулар өз добуштарын кантип коргой алышат?

-Биз барган жерлерде ушул суроо болуп атат да. Биз таза шайлоону кантип өткөзөбүз, добуштарыбызды кантип коргоп калабыз деп. Мен барган жерде ушуну ачык эле айтып атам: жалгыз Сариев көзөмөл кыла албайт. Таза шайлоо өткөзүш үчүн, добуштарды уурдатпаш үчүн ар кимибиз көзөмөл кылышыбыз керек. Биз ошондой чыкырыктарды кылып атабыз, кудай буюрса ошол шайлоо күндөрү бизди жактоочулар өздөрү шайлоо участагына келип эртен менентен кечке чейин ошол жерде болуп, жыйынтыгы чыкканча күтүп, ошол шайлоо комиссиясынын төрагасын чакырып, бизге дагы протоколдун бир көчүрмөсүн бергиниң деп ошол айылдык тургундар ошол шайлоо участагына келип, добуш бергендер талап кылабыз деп турушат. Мен ойлойм бул туура чечим.

- Сиздердин мурдагы саясий үзөңгүлөштөр ошолордун бүгүнкү билдирүүсүн колдошу мүмкүнбү?

-Мен ойлойм ал билдирүүлөр буга чейин болуп келе берген, мен дагы тилекке каршы ошол жерде көп убакыт жүрдүк. Баардыгы менен үзөңгүлөш болуп кимдин эме сүйлөөрүн канчалык туруктуулугун толук эле изилдеп чыгып калдык. Биздин өзүбүздүн жолубуз бар, биздики кыла турган ишибиз менен иштиктүү деп ойлойм да. Калгандары боюнча мен айткым да келбейт, алар өздөрү айткан сөздөрүн убадаларын, багыттарын аткарсын. Мен аларга ийгилик каалайм.

-Сиз президенттик шайлоо 23-июлдагы добуш берүүлөр таза өтөөрүнө ишенесизби, өзүңүздүн ниетиңизде?


-Мен бүт жерден ушундай суроолорду берип атам, мага да берип атышат. Азыр Кыргызстанда таза шайлоо өткөзөм десең дагы өткөзө албайсың. Эмне үчүн? Анткени мына шайлоо комиссиясынын төрагалары ыйлап келип атышат. Бизге кантип канча процент алыш керек, кантип бузуш керек, протоколдорду кантип толтуруш керек, ошол урнага байкоочуларга кандай мамиле кылыш керек, кимдерге кайрылышың керек, бир нерсе болуп калса аларды кантип чыгарып коёт деп баарын үйрөтүп койду.

Мына бүгүн ЕККУнун байкоочулары менен жолуктум, ал жерде да ушул сөз болду. Таза шайлоо өткөзүү бүгүн эң биринчи бийликтин милдети, бийликтин эртеңкиси. Эгер таза шайлоо өтпөсө бийликтин эртеңки күнү кыска болот, кыйын болуп калат. Элди коркутуп-үркүтүп кармап отура албайсың, анда коркутуп-үркүтө берсең эркин адам жок болуп калат, эркин адамы жок мамлекет алсыз болуп калат. 99% бурмалоо жолу менен келген президенттин эч качан күчү болбойт. 50+1 алып, бирок ошол таза шайлоо менен келген президенттин президенттин күчү эки эсе кубаттуу болот.

-Сиз өзүңүз айткандай таза шайлоо өтсө 100% жеңишке жетээриңизге ишенесиз. Сиз жеңишке жетип президент болуп калсаңыз ишти эмнеден баштайсыз?

-Мен эртеси күнү эртең менен саат сегизде баардык радиолорду, баардык телевидениелерди чакырып туруп элге кайрылуу менен баштайм. Урматтуу кызматта турган адамдар, прокурорлор, милиция тармагында иштеген, күч органдарында иштеген, жергиликтүу бийликтер, акимдер, губернаторлор бүгүнкү күндөн баштап биз ак барактан Кыргызстандын жаңы тарыхын баштадык, мага кошомат кылып, ага кызмат кылганыңарды токтоткула, силер элге, мыйзамга кызмат кылгыла. Бугүндөн баштап эгерде мыйзамды бузган адам, мыйзамды сыйлабаган кызматкер токтоосуз кетет. Элди дагы мыйзамды толук сактоого чакырым деп биринчи чакырыгым ошол болот.

-Кокус президенттик шайлоодо өзүңүз айткандай биринчи болбой калып сизге жаңы келген президент кандайдыр бир кызмат сунуш кылса, маселен ар кандай имиш сөздөргө карабастан чындыгында эле премьер-министрликти сунуштаса сиз барасызбы?

-Биринчиден жарышка чыккан адамдардын баары тең утам деп барат. Анан кийин шайлоо бүтпөй жатып эле мен буга макулмун дегениң, же биякка барамын дегениң бул туура эмес. Биринчи шайлоону өткөзөлү, биз жеңишибизге толук ишенимибиз бар, таза шайлоо өтсө. Шайлоодон кийинки жагдайларды биз, албетте, шайлоонун жыйынтыгы менен сүйлөшөбүз. Бирок бир нерсени айтып коёюун, мен барамбы кызматка, барбаймынбы, элди үндөймүнбү-үндөбөймүнбү, баардыгы тең шайлоонун жыйынтыгы менен болот. Экинчиден элге ачык чыгып айтып, анан кийин кылабыз. Биз ачыктыкты, тактыкты талап кылып атабыз, кудай буюрса биздин да кийинки кадамдарыбыз ушул принципте кетет.

-Темир мырза, сизге чоң рахмат “Азаттыктын” Бишкектеги бюросуна келип биздин суроолорубузга жооп бергениңизге.

-“Азаттыкка” да чоң ыраазычылык билдиргим келет. Сидер бүгүн бирден бир эң акыйкат сүйлөгөн, элге туура маалымат жеткизген радио катары таанылып келатасыңар. Мен мына ушул Кыргызстандын баардык булуң-бурчун кыдырып жүрүп “Азаттык” жөнүндө эң гана жакшы сөздөрдү угам да. Баары тең күтүп турган толкун, дайым ушундай болуп кала бергиле.

-Рахмат, саламатта болуңуз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG