Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Мамлекет байлыктарын Бакиевдин жакындары көзөмөлдөп калды


“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев президент К. Бакиевдин өзүнүн уулун мамлекеттик чоң кызматка коюп алганы ага аброй алып келбей турган чечим деп эсептейт.

- Темир мырза, президенттин уулу Максим Бакиев үлкөн кызматка дайындалып кетти. Мурунку президенттин уулу Айдар Акаев каржы министринин кеңешчиси кызматына гана жеткен эле. Бул дайындоонун оң жана терс жактары тууралуу пикириңиз?

- Мамлекет башында турган адам моралдык жактан элдин астында абдан жооптуу да. Анткени элдин жүгүн, милдетин алып башкарам деп отурат. Өзү дагы шайлоо астында элге убада берген, мен келгенде жаңыланууну кылам, жаңы багытты аныктадык, ошол боюнча иштейбиз деп. Мамлекет башында турган адам эл менин кылган иштеримди, кыймыл-аракетимди кандай кабыл алат деп сөзсүз түрдө ойлош керек. Өзүнүн кадамын элдин багыты, мүдөөсү менен салмактап туруш керек. Бул бир жагы. Экинчи жагы, бийлик ортосунда, өзгөчө мамлекеттик бийлик ортосунда тең салмактуулук анан бирин-бири көзөмөлдөп туруу болуш керек.

- Булардын баары бузулду дейсизби?

- Ачык айтыш керек, реформадан кийин көп укуктарды өзүнө алып алды. Эми өзүнүн кичүү баласын жогорку мамлекеттик кызматка койду. Ал президенттик кеңештин мүчөсү да болуп калды. Ал өзү айтты, эми эң негизги иштердин баарын тең ошол президенттик кеңеште талкуулап туруп анан кабыл алабыз деп. Ушуга караганда, мен ойлойм, коомчулукта терс кабыл алуу болот. Бул Бакиевге аброй алып келбейт.

- Бул дайындоо эмнеден кабар берет? Максим Бакиев көмүскөдөн башкарууну токтотуп ачыка чыкканыбы же бийликтеги үй-бүлө мураскерди эмитен даярдоого кириштиби?

- Эгер билсеңер, мурунку бийликти кулатууда негизги фактор болуп үй-бүлөлүк башкаруудан кетебиз деп айткан. Азыр болсо тескерисинче президент Бакиев өзүнүн жакын туугандарынын баарын тең мамлекеттик кызматтарга алып келди. Жумушсуз бири да калган жок. Муну айтыш кыйын, мураскери болобу, же бүгүнкү кырдаалдан келип чыгабы деп. Бирок негизги багытты баары эле көрүп турат. Анткени жакын адамдарынын баарын тең мамлекеттик кызматка алып келди. Алар көбүнчө ресурстарды, негизги акчанын багыттарын көзөмөлдөөгө өтүп алышты.

- Темир мырза, Россиянын 300 миллион доллары Өнүктүрүү фондуна, ал аркылуу "MGN Групп" деген менчик топтордун колуна берилип, ошол аркылуу Камбар-Ата-2 ГЭСи каржыланат деп айтылууда. ГЭСти куруунун бул жолу кандай тобокелчиликтерди жаратышы ыктымал же ушундай жол менен куруу туурабы?

- Биринчиден, ГЭСти биз курушубуз керек, ГЭС Кыргызстанга керек нерсе. Кеп канчалык эффективдүү болуп атат, келген акчалар канчалык туура пайдаланылып атат, ал жакта ачыктык-айкындык барбы, эң негизгиси ал элдин акчасы да. Анткени аны бир кишиге берген жок, мамлекетке кыргыз элине берип атат. Ошол акча элдин көзөмөлүндө болуш керек. Эгерде аны бүгүн парламент, эл көзөмөлдөбөсө, жеке менчик адамдар аны башкарып калса, ал кимдин кызыкчылыгына иштеп атат, бул абдан чоң суроо болуп калат.

- Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG