Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:40

1999-2000-жылдары куралчан топтор Баткен жергесин басып кирип, тынч жаткан калкка бүлүк салган. Ошо мезгилде ата журтун коргоого Ош шаарынан 200дөн ашуун жаран аттанган.

Алардын басымдуулугу кан майдандан аман-эсен кайтканы менен, айрымдары салгылашуу убагында окко учуп, жыйырма чактысы кырчындай кезинде майыпка айланды. Баткен согушунун ардегерлеринин Ош шаардык уюмунун төрагасы Абдыманап Караев «Азаттыкка» буларды айтты:

- Өтө оор болгон. Себеби жаш мамлекетибиз жаңыдан бутуна туруп келаткан. Ошентсе да максатыбызга жетип, баскынчыларды Баткен жергесинен кууп чыгып, толук бойдон талкаладык. Жалпысынан жетимиш жигит деп айтылып жүрөт, чындыгында жүздөн ашуун мекен коргоочу террорчулар менен салгылашта курман болгон. Өкүнүчтүүсү, каза тапкан жигиттерибиздин үй-бүлөлөрү таптакыр каралбай калды. Жарадар болуп кайткандардын деле турмушу абат эмес. Чоңдор бардыгын мыйзамга такап жатышат. Мамлекет тарабынан эч кандай камкордук жок.

Абдыманап Караев кеп арасында патриоттордун демин сууткан мындай көрүнүштөргө куралдаштары нааразы экендигин жашырган жок.

Ара чолодо кепке кошулган Баткен согушунун катышуучусу Абдыкалый Кыбыраев коогалаңга быйыл он жыл толгондугун белгилеп, аларга карата көңүлкош мамилеси үчүн бийликти кескин сындады.

- Биздин макамыбызды ооганчыларга теңеп, 2000-жылы бир топ жеңилдиктер ыйгарылган. Коммуналдык кызматттардын (мисалы, электр энергиясы, газ үчүн) 50 пайызын гана төлөп жатканбыз. Ал жеңилдикти бир жылча пайдаландык. Андан кийин өкмөт бизди мындай «олжодон» кур калтырды. Расмий түрдө президент Бакиевге, Жогорку Кеңешке жана башка инстанцияларга бул маселенин тегерегинде кайрылганбыз, тилекке каршы, эмдигчие чечилбей келатат.

Абдыкалый Кыбыраев Баткен согушунун катышуучулары жогорку бийликтен түңүлүп, акыры Ош шаарынын жаш мэри Мелис Мырзакматовго үмүт байлап жатышкандыгын, ага социалдык жана башка жеңилдиктерди ыйгаруу өтүнүчү менен кайрылышкандыгын маалымдады.

Өз кезегинде Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовго чоң иш-чаранын үстүндө жолугуп, микрофон сунганыбызда, Баткен согушунун катышуучуларынын кебин төгүндөдү:

- Баткен согушунун катышуучулары өздөрү сунуштарын берише элек. Мен аларды жыйналышка чакырсам, топтолушкан жок. Бетме-бет жолуксак жакшы болот эле. Шаардык Кеңеш ошого жараша чечим токумак.

Сөз арасында мэр Мелис Мырзакматов бардык мaселе өкмөт жана Жогорку Кеңеш тарабынан чечилүүгө тийиштигин кошумчалады.

Ошол эле учурда жергиликтүү талдоочулар 1999-2000-жылдардагы Баткен согушуна жалаңтөш баатырлар жөнөтүлгөнүн, акчалуулардын балдары жүйөөсүз шылтоолор, ошондой эле акчанын күчү менен аскерге барбай калышкандыгын улам-улам эске салууда. Серепчилердин баамында, Мекенинен каны-жанын аябаган патриотторго мамлекет ар тараптуу камкордукту күчөтпөсө, Баткен окуясы сыяктуу кырдаал кайрадан башка түшүшү толук ыктымал. Анда эл-журтту тышкы душмандардан коргогонго күч топтоо сөзсүз олуттуу көйгөйгө айланат.

Серепчи Төлөгөн Келдибаевдин баамында, өкмөт Баткен окуясынын катышуучуларынын укугун ооганчыларга жана чернобылчыларга теңебесе, мындай чекилик үчүн эртедир-кечтир жооп берээри анык.

- Көйгөйдөн арылуу үчүн адагенде мыйзам кабыл алуу зарыл. Мамлекеттик тапшырманы аткарып жатып ооруга чалдыкса же набыт тапса, алардын үй-бүлөсү өкмөт тарабынан милдеттүү түрдө корголууга тийиш. Мында социалдык жеңилдиктер көбүрөөк каралганы оң. Мындан тышкары, Кыргызстанда терроризм коркунучу күч, ошондой эле Баткен окуясына окшогон күтүүсүз кол салуулар болбойт деп эч ким кепил боло албайт. Ошонун кесепеттери түштүк аймагына, анын ичине Баткенге тийиши толук ыктымал.
XS
SM
MD
LG