Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Кийим тигүү тармагы өлкөдөгү мыкты өнүгүп жаткан тармактардын катарында. Бул жаатта орто эсеп менен 160 миңден ашуун адам эмгектенет. Анткен менен көйгөйлөр да жок эмес. Өзгөчө 7-апрелден кийин казак тарап Кыргызстан менен чек араны жаап койгондон улам, кийим тигүү тармагы бир топ чыгымга учурады.

Нора Өмүрзакова бир топ жылдан бери кийим тигүүчү цехти иштетет. Башында цехинде бирин-серин тигүүчү эмгектенсе, эми ондогон адамды иш менен камсыз кылып, кадыресе бутуна туруп калды. Ишкер айымдын айтымында, кийим тигүү тармагы акыркы жылдары бир топ өнүккөнү менен көйгөйлөр дале бир топ:

- Мисалы, өлкөдө кийим тигүүчү болуп иштөөнү калаган кыз-келиндер өтө көп. Анткени алар жакшы маяна алат. Тажрыйбалуу тигүүчү орто эсеп менен жумасына жети-он миң сом каражат табат. Бирок тигүүчүлөрдү окутуучу жайлар өтө аз. Көп учурда биз өзүбүз аларды окутууга туура келет. Ошондуктан тигүүчүлүк өнөргө үйрөтүүчү окуу курстарын, техникумдарды көбүрөөк ачса жакшы болоор эле.

Өлкөдө ушул тапта орто эсеп менен эки жарым миңдин тегерегинде тигүүчү цехтер бар. Адистердин айтымында, алардын жарым-жартылайы көмүскө иштейт. Цехтердин көбү жер төлөдө жайгашып, алардагы иштөө шарттар начар.

Ден соолук – байлык, бирок...

Мира цехтердин биринде үтүкчү болуп иштейт. Ал акча табуу үчүн ден соолугун курмандыкка чалган миндеген аялзатынын бири:

- Цехте иштөө шарттар чынында эле начар. Жайында цех ичи үп, желп эткен жел жок. Кышында суук сөөктөн өтөт, өпкө кездемеден чыккан чаңга толот. Бирок айла жок, үй-бүлөнү багалы деп иштеп атабыз. Бир айда он миңге жакын акча табам.

Жеңил өнөр жай жана кийим тигүү тармагында эмгектенгендердин профсоюзунун жетекчиси Рыскүл Бабаева дал ушул иштөө шарттардын начардыгы канчадан бери жоюлбай келе жаткан проблема экенин моюнга алат. Ошондой эле иш берүүчү менен жумушчу ортосундагы мамилелерди Эмгек кодексине ылайык мыйзамдуу жолго коюу дагы орчундуу маселердин бири дейт Рыскүл айым:

- Иш берүүчү тикмечи болобу, үтүкчү болобу, айтор жумушчуну ишке алып, аны бир канча күн иштетип, жакпай калса маянасын бербей туруп эле жолго салган учурлар бир топ. Кээде болбогон шылтоолорду айтып бир айлык маянасын толугу менен бербей коет. Иш берүүчү менен жумушчу ортосунда келишим жок болгондуктан, тикмечилер жөлөк пул, пенсия дегенден куру калышат. Мына ушул маселелерди өкмөт чечип берсе дейбиз.

Үмүт оту өчпөйт

7-апрелдеги окуядан соң Казакстан бир жарым ай чек араны бууп салган. Мунун айынан кийим тигүү тармагы бир топ чыгымга учураган. Ушул тапта ишкерлер үчүн чек ара ачылганы менен баары бир товарларды алып өтүү кыйын болуп калды дейт “Ак бийкеч” кийим тигүү ишканасынын жетекчиси Султан Матеев:

- Орусия жергиликтүү жеңил өнөр-жайында өндүрүлгөн продукцияны өз өлкөсүнө өткөрүүдө салыктарды алып салган. Ал эми бир тууган делип жүргөн казак тарап бизге эч качан жеңилдик берген эмес. Биздин продукцияга алар он алты пайыз салык салат. Жетинчи апрелден кийин чек араны такыр эле жаап салды. Канчалаган ишкерлер жабыр тартты ушунун айынын. Ошондуктан биз бийликтен ушул маселени чечип берүүнү суранганбыз.


2005-жылы кийим тигүү жаатында иштегендер патенттин негизинде иштөөгө өткөн. Бул көмүскө иштеп аткан далай ишканаларды ачыкка чыгуусуна, мамлекеттик казынага бул тармактан түшкөн каражаттын көлөмүнүн өсүшүнө алып келген. Бирок көп өтпөй бул система алынып салынган. Бир нече убакыттан кийин кайрадан патенттик система киргизилгени менен, патент баасы мурдагыдан бир топ жогору.

С.Матеевдин айтымында, мына ушундай көйгөйлөрдү чечип берүү суранычы менен алар Убактылуу өкмөткө кайрылышкан. Ал эми Убактылуу өкмөт бул маселенин үстүндө иштеп атканын билдирген. Ошентип кийим тигүү тармагында иштегендер жаңы бийлик алардын көйгөйлөрүнө чындап көңүл бураар бекен деген үмүттө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG