Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

“Дордой-Динамо” бешинчи ирет Кыргызстандын чемпиону болду


Өлкөнүн футбол чемпионаты 26-октябрда жыйынтыкталды. Баш байге үчүн Нарындын “Дордой-Динамо” жана Канттын “Абдышата” командалары беттешип, “дордойчулар” бешинчи ирет чемпиондугун сактап калышты.

Эки команда теңата оюн көрсөттү. Натыйжада биринчи таймдын 40-мүнөтүндө канттык коргоочулардын каталыгын туура пайдалануу менен “Дордой-Динамо” командасынын чабуулчусу Мирлан Мырзаев эсепти ачып, командасын алга сүрөдү.

Экинчи таймда канттык футболчулар канчалык аракет кылышканы менен эсепти тендей алышпады. Ал түгүл 60-мүнөттө канттык чабуулчу Эсенгул уулу Чолпон 11-метрлик айып тобун тебүү укугуна ээ болгону менен топту дарбазачынын өзүнө таамай багыттап, ыңгайлуу учурду туура пайдалана албады.

Ошентип 1:0 эсеби менен Нарындын “Дордой-Динамо” командасы Канттын “Абдышата” командасын утуп, бешинчи ирет өлкө чемпиондугун сактап калды.

Ал эми түштүк аймагында Ош шаарынын “Алай” командасы Карасуунун “Жаштык-Акалтын” командасын жеңип, “Алайдын” футболчулары коло байгенин ээси болушту.

Футбол баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин пикиринде Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатына 4 облус жана Бишкек шаарларынын командалары гана катышып, футболго айыл жергесинде көңүл бурулбай, жылдан жылга кыргыз футболунун деңгээли төмөндөп баратат.

-2-3 команда менен гана чектелип калуудабыз. Буларга теңдеш атаандаштар болбой, чеберчилик аксап турат. Буга далил Бишкекте өткөн Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунда финалда тажикстандыктарга “Дордой-Динамонун” жеңилип калышы айгине болду.

Ал эми футбол күйөрманы, “Шоро” компаниясынын жетекчиси Табылды Эгембердиевдин пикиринде футбол улут ден соолугу үчүн керек:


- “Алибек алына жараша” дегендей, Өзбекстан, Тажикстан менен таймашып жүрө беребиз. Жыл өткөн сайын футболго кызыгуу байкалып жатат. Ошондуктан футболду өнүктүрүү боюнча улуттук долбоор бар, буга өкмөттүк колдоо зарыл.

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиевдин айтымында жыл өткөн командалардын чеберчилиги жогорулап баратат. Бирок футболго өкмөттүк деңгээлде камкордук керек.

Ошентип кечээ Кыргызстандын беш жолку чемпиону болгон Нарындын “Дордой-Динамо” командасы бир аз тыныгуудан кийин кайрадан машыгууларды баштап, январда Москвада өтүүчү Шериктештер кубогуна катышууга даярдык көрүшөт.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG