Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:43

3-апрелде Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында драматург Султан Раевдин пьесасы боюнча коюлган “Арбактын таажысы” спектаклинин бет ачары болду.

Сахнада падыша. Ал таажысын эч кимге бергиси келбей, дүйнөгө түркүк болчудай түр көрсөтүп, алы-күчтөн тайып баратса да өзүнүн өкүмзардык бийлигин колунан чыгаргысы келбей, бийликтин кумарына кангысы жок.

Спектаклде падыша менен кошо окуяны улантып жүргөн каармандар Тан менен Шай аттуу бейбаш жигиттер анын таажысынын айланасында кеп узатып, жеңил-желпи жашоону даңазалап, жамандык издеген карасанатай, кара өзгөй адамдарды сүрөп, аларга караманча-каршы боорукер момун адамдарды келеке кылып, окуянын жүрүшүнө ылайык өз көз караштарын айтып, ийкем кыймыл аракети аркылуу окуяны өрчүтүп жүрүп отурушат.

Тан аттуу каармандын ролун ойногон актер Болот Тентимишев өзүнүн образы аркылуу айтайын деген оюн мындайча чемеледи.

- Драмада жазылган жакшы ойлор, жакшы сөздөр чыгышы үчүн менин каарманым падышанын жанында караан, көлөкө болуп турушу керек. Анткени азыркы мезгилде адамдардын руханий дүнүйөсү бош калып, сезимине бүлүк түшүргөн, ойлонто турган нерселер жоголуп баратат. Аларды күлкү-тамаша, жеңил-желпи шоу сыяктуу арзан нерселер басып баратат. Мына ошол майдаланып бараткан адамдарды колдогон биз, биздин каарман болот. Руханий дүйнөгө чакырган башка каармандар бар. Мына ошолор менен биздин ортобуздагы карама-каршылыкты, тирешүүнү ачып берели деп аракет кылдык.

Пьесада Уильям Шекспирдин, Гетенин, чыгыш поэзиясынан Жалаледдин Руминин чыгармаларынан үзүндүлөр келтирилген. Негизинен чыгарманын идеясы бул жашоодо адамдар бирдей экендиги, өмүр менен өлүм жанаша жүрөөрү, жан дүйнөсү жакыр адамдар байлыктын, бийликтин, көралбастыктын кулу болоору көрсөтүлгөн.

- Пьесада негизинен адамдын баалуулуктары, адамдын жан дүйнөсү, ыйман жөнүндө камтылган. Ошондой эле сүйүү менен арман, байлык менен сулуулук, ак-көңүлдүү менен көрө албастыктын карама-каршылыгы чагылдырылган, дейт пьесанын автору Султан Раев.

«Арбактын таажысы» спектаклинде айтылган ойлор, оюндун жүрүшүндөгү актерлордун кыймыл-аракети менен көрсөтүлгөн окуялар бүгүнкү биз жашап жаткан коомдогу окуяларга үндөш. Анда адамзат руханий байлыгын жоготкон сайын баш аламандык, ач көздүк, карасанатайлык, зомбулук күч алары баса белгиленген.

Спектаклдин көрөрманы, белгилүү дарамтург Мар Байжиев болсо спектаклдин коюлушу орус-кыргыз театраларынын үлгүсүндөгү салттуу спектаклдерден айырмаланып турарын, окуялар бири-бирин толуктабай, айтайын деген ой аягына чыкпай, куру-кыйкырыктар менен коштолуп турарын айтты.

- Окуянын баш-аягы жок болуп турат да. Ошондуктан жанагы айтайын деген ой ага жетпей жатат. Спектаклде ток этер жери айтылбай эле негизги айтайын деген ойдун тегерегинде эле кыймыл-аракет болуп калды.

Спектаклдин сүрөтчүсү Жолдош Нурматов «Арбактын таажысы» спектаклинин сценографиялык чечилишине токтолуп, сахнадагы декорациялар шарттуу түрдө даярдалып, актерлордун кыймыл-аракетине ылайыкташтырылып жасалганын, негизинен бул чыгарма философиялык ойлорго бай экенин белгиледи.

Чынгыз Айтматов атындагы орус драма театрында «Арбактын таажысы» спектаклин орус тилинде түркмөн режиссеру Овлякули Ходжакули даярдаган. Спектаклде ойногон Кыргыз эл артисттери Анатолий Адали, Татьяна Стрельцова, кыргыз актерлеру Марат Козукеев, Болот Тентимишев башкы каармандардын образын кызыктуу жаратып, жогорку чеберчиликте аткарышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG