Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Токтайым Үмөталиева: "Эл жарылып кетпей араң турат"


Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар биримдигинин төрайымы Токтайым Үмөталиеваны 14-мартта Бишкекте электр кубатынын кымбаттыгына каршы акция өткөндөн кийин милиция кармап кетип, түшүнүк жаздырып алып туруп кое берди.

- Сиздер кечээ электр кубатынын кымбатташына каршы "220" кыймылы уюштурган акцияга катыштыңыздар. Айтсаңыз, ошол акцияга келген элдин маанайы кандай?

- Биз болгону эле интернет аркылуу жарыяладык, ким каршы болсо келип биз менен ой-пикирибиз менен бөлүшүп кетсин деп. Анан кечээ "Форумдун" алдына бир топ жаштар келди, ой-пикирин айтышты, кичинекей концерт болду. Ошол концерт бүткөндөн кийин биз тарап кетип баратсак, өзүбүздүн кагаздарыбызды таркатып, баракчаларабызды көтөрүп чыгып бараткан жерибизден биздин унаалар камакка алынды.

Эч нерсе түшүндүрүшпөйт, эч нерсе айтышпайт же документтерин көрсөтпөйт. ГАИнин кызматкерлери 4-5 депутатты көзүнө илбей машинаны аңтарып, эмне үчүн аңтарып, кармап атышканы жөнүндө жооп айтышпайт бизге. Ошондо болбой милиция бөлүмүнө алып кетебиз, ошол жерден жооп айтасыңар деп кечээ бир топ ызы-чуу салышты.

Анан мен айттым, УВДга мен өзүм барайын деп барып, ошол жерде үч сааттай отуруп, түшүнүк каттарды жазып бердим. Бейөкмөт уюму кылып аткан эч кандай коркунуч эмес экенин, азыр социалдык проблемалардын курчуганын түшүндүрүп айтып келдим.

- Сиз Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисине кайрылуу менен кат жазгандыгыңызды айттыңыз эле?

- Ооба, мен ачык эле ошол райондун жетекчилигине ачык түшүнүк кат жаздым, айттым, мындай укук бузуулар элдин кыжырын кайнатып, нааразылык туудурат. Азыр элге кылдат мамиле кылбаса, азыр ширенкесиз да эл жарылып кете турган болуп турат.

Айыл жергесинин эли эмне үчүн талап кылып чыгып атышат. Ошол эле Нарында бир гектар жери бар адамга 500 сомдон салык салып атат.

Анан өзгөчө азыркы абал, Гуревич мырза жөнүндө ар кандай маалыматтар чыгып атат, каражатты алып кетип атат деген сөздөр чыгып атат. Ошол жагы коркунуч туудуруп атат элибизге.

- Сиздердин кыймыл тарабынан мына ушул талап да коюлушу мүмкүнбү?

- Биз ушул жөнүндө депутаттарга кайрылуу кылып атабыз, өткөндө бир сыйра кайрылуу кылдык. Себеби биз да соттошууга аракет кылабыз. Себеби элдин, бюджеттин, соцфонддун каражаты эч убакта жеке менчик банкта болбош керек, муну мурун да айтканбыз.

Керек болсо президентке, депутаттыкка талапкерлердин каражаты да ошол банкта кармалган. Ага да каршы болгонбуз.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG