Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Ала-Тоодо дагы бир аскердик базанын кереги бар беле?


Кыргызстанда дагы бир орус аскер базасын ачуунун кажети бар беле? Бул маселенин айланасында аскердик эксперт Токтогул Какчекеев ой бөлүшөт.

- Канттагы авиа базанын компоненти бул бир эле база. Азыр аскердик база мамлекеттин эки тарабында болгон атат, бирөө түндүктө, бирөө түштүктө. Экинчи жагынан бул маселе 90-жылдарда эле козголгон. Совет доорунда түштүктө бир аскер-техникалык базаны уюштурганга жана ошонун жанында чакан тоо аткыч бригадасын жайгаштыруу жөнүндө маселе каралып келген.

СССР урагандан кийин биз көп убакыт өзүбүз да байкап отурдук, бир катар чоң окуялар болуп кетти. Совет ураардын алдында Оштогу окуялар болду 90-жылкы, андан кийин 99-жылы моджахеддер - Өзбекстан Ислам Кыймылынын күчтөрү кирди. Жыл сайын кыргыз чек арасында атышуулар болуп, адам өмүрү кыйылып, ушундай нерселер жыл сайын болуп атат. Ошондуктан бүгүнкү күндө биздин түштүк чөлкөмгө Орусиянын эмес, ЖККУнун эки аскер батальонун жайгаштыруу керек болуп жатат.

Көпчүлүгү айтып атат, суу-энергетика боюнча маселени токтотуш керек, тиги-бу деп. Чынында Орусия ал жерде, эгерде угармандар буга көңүл буруп жүрсө, жакын арада Орусия Американын гуманитардык жүктөрүн өзүнүн аймагы менен өткөзөөрдө орустар эки маселени койгон. Биринчи орчундуу маселеси, Американын жана НАТОнун күчтөрү апийим, баңгизаттарды тарап жаткан жолдорду бууганга катышат. Экинчи жагынан алар өткөрүп аткан курал-жарак, же болбосо кандайдыр бир жүктөрдү Орусиялык тарап кайсы маалда кааласа текшергенге мүмкүнчүлүк алышкан.

Мына ушуга көз бурганда, бүгүнкү күндө 45 млрд. долларга Ооганстандан наркозаттар кетип атат. Бүгүнкү күндө Орусияда 2 млн. баңги адам катталган. Бирок чынында андан көбүрөөк. Кыргызстанда да, Орто Азияда да ошондой абал. Ошону токтотконго Орусия өзүнүн күчтөрүн, куралдуу моджахеддердин Кавказга келе турган жолун бөгөш үчүн стратегиялык максат менен коюп атат.

- Токтогул мырза, сиз Кавказ деп кеттиңиз, ушул меморандумда Кыргызстандын аймагындагы орусиялык аскерий объектилердин коопсуздугун камсыздоо деген пункт бар. Кавказдагы айрым окуялардын кайталанышына алып келбейби мындай шарт?

- Жок, бизде андай окуялардын кайталанышына шарт- мүмкүнчүлүк жок. Бул орустардын эмес, ЖККУнун аскердик тобу түштүккө жайгашканга кээ бир кошуна өлкөлөр каршы болуп атат.

Кавказда мисалга 1999-жылы ошол эле Кавказдан, ошол эле Поволжьеден, Башкирстан, Татарстандан келген моджахеддер Өзбек Ислам Кыймылынын арасында болгон да. Биздин 150 жигитибиз каза болгон, мына 10 жыл толуп атат 99-жылкы болгон окуяга. Эмнегедир ошону унутуп калсак дагы, бирок ушул күндөрдө орус президенти менен аскерлерди жайгаштыруу жөнүндө меморандумга кол койдук. Кандайдыр бир өзүнчө ушундай айкалыш иш болуп атат.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG