Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандардын коомдук коргоочусу Т. Тургуналиев соттун жүрүшүндөгү урунттуу учурлар жөнүндө “Азаттыкка” ой-пикир бөлүштү.

-Сиз Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандардын коомдук коргоочусу катары сотко катышып жатасыз. Коюлган айыптар сотто далилденип жатабы?

- Биринчиден, коюлган айыптар сотто күбүлүп түшүп барат уламдан-улам. Айыптоочу тарап, демек прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы, милиция даярдаган толгон токой күбөлөрдүн көпчүлүгү алгачкы сөздөрүнөн, арыздарынан баш тартып атат.

Экинчиси, ошол Балыкчыдагы сот Кыргызстандагы бүгүнкү саясий абал, адам укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө даана көрсөтүп турат. Себеби дегенде, соттун биротоло көз карандыгы болуп калганын ошол сот Дүйшөнбиев көрсөтүп атат.

Кыргызстанда кыйноонун БУУ далилдеген беш түрү тең бар экени көрүнүп турат. Денесине жаракат келтирүү, уруп-согуу, моралдык жактан кыйноо, эмоционалдык жактан кыйноо, психологиялык тараптан кыйноо бүт баардыгы бар экенин.

Себеби 19 адамдын бешөө-алтоо өтө катуу оору экен, анын ичинде учук, көк жөтөл, бөйрөк оору, ашказанында жара менен ооругандары бар. Биз үч жолу сурангандан кийин эки бөйрөгү тең ооруп аткан Асанова деген жапжаш кызды араңдан зорого бошотту да.

-Топчубек мырза тартип коргоо органдары кандай далилдерди келтирип жатат, соттун көз карандылыгы кандай жагдай менен далилденип жатат?

-Ал жерде ушул он тогуздун бүт бардыгына Балыкчыда конституциялык түзүлүштү күчкө салып жок кылуу айыбы коюлган. Ал эми башкасын айтпай эле коёюун, ошол Балыкчынын прокурору Айтпаев мырза, Кыргызстандын бардык жери калып, анын ичинде конституциялык түзүлүштүн пайдубалы, уюткусу турган Бишкек дагы соо калып, Балыкчыда эле ушул конституциялык түзүлүштү жок кылууга болобу деп сурасам, ал "билбейм" деп атпайбы. Ал эми бир топтору ачыктан-ачык эле айтып атат мүмкүн эмес деп.

Экинчиси, шайлоого тоскоол болгон дейт. Аны дагы шайлоо комиссиянын башчысы баш болуп эчен-эчен күбөлөр айтты, бир дагы киши шайлоого бара албай калган эмес, булар тоскоол болгон эмес деп.

Үчүнчүсү, коомдук баш-аламандык деп атат. Коомдук баш-аламандыктын башчылары болуп ошол бийликтегилер турат. Эгерде бийликтегилер алдын тосуп, минтебиз-тигинтебиз дебегенде, мүмкүн алар ошол шайлоо комиссиясына барып эле өздөрүнүн нааразылыгын билдирип кетмек.

Ал эми соттун көз каранды экендигин далилденгени - прокурорлор отуруп алып эле ошол жерден “мындай кылабыз, тигиндей кылабыз” десе эле, сот ошого макул болуп атпайбы.

-Бул процесс канчага созулушу мүмкүн?

-Бул процесс үч жумадан бери болуп атат, менин оюмча дагы бир же эки жумага уланып кетет го. Себеби дегенде ушул он тогуз адамдын ар бири, андан башка дагы беш-алты күбө суралышы мүмкүн.

-Саясий куугунтукту токтотуу үчүн президент менен жолугушууга оппозиция аракеттенип жатат. Айрым каттар да жазылды деген маалымат чыкты эле. Муну сиз тастыктай аласызбы?

-Мындай аракеттер болгон, биз азыр дагы сунуш киргизип атабыз. 10-мартта бийлик тарап менен бириккен оппозиция тараптан, укук коргоочулардан ошондой жолугушуу болгон. Биз саясий куугунтукту токтоткула десек, Элмурза Сатыбалдиев баш болуп, Малеванная каш болуп, Досбол Нур уулу төш болуп бир дагы бизге жарытылуу жооп беришкен жок.

Ал эми азыр дагы бириккен оппозиция ошого даяр. Бирок президент баш болгон бийлик даяр эмес, саясий куугунтук - саясий репрессияга айланды.

Авторитардык бийлик тоталитардык диктатурага айланып баратат деп биздин комитет март айында эле тыянак чыгарган. Ал эми акыркы окуялар уламдан-улам ушуну далилдеп атат да. Кыйноонун, зордук зомбулуктун эң бир жаман түрлөрүн колдонуп атышпайбы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG