Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Жогорку Кеңеш депутаты Бакыт Төрөбаев чукул кырдаалдар министри болуп дайындалды. Мурдакы министр Камчыбек Ташиевди премьер-министр Данияр Үсөнов жаңы жетекчини тааныштыруу учурунда кескин сынга алды.

Өкмөт башчы Данияр Үсөнов жаңы министр Бакыт Төрөбаев менен Чукул кырдаалдар министрлигинин эмгек жамаатын тааныштырды. Анын айтымында жаңы министр “Ак жол” партиясынан, Жогорку Кеңеште депутат, экономист жана ишкер.

Отуз алты жаштагы жаңы министр Бакыт Төрөбаев президенттин ишенимин актоого аракет кылаарын билдирди:

-Мага чоң ишеним көрсөтүлүп жатат. Ушул ишенимди бардык күч-кубатымды жумшоо менен актоого аракет кылам. Бул өтө жоопкерчиликтүү кызмат. Сиздер койгон милдеттер мага түшүнүктүү. Аскердик, финансылык жана эмгек тартибин бекем сактап, талапты катуу коем. Кыргызстан үчүн кызмат кылып, жоопкерчиликти моюнга алам.

Министрди тааныштыруу жыйынында өкмөт башчы Данияр Үсөнов министрликтин мурдакы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин ишмердигин сынга алды:

Камчыбек Ташиев ... өзгөчө кырдаал учурунда гана президенттин буйругу же өкмөттүн чечими менен менен колдоно турган 18 миллион сом кол тийгис запас акчаны да мыйзамсыз короткон.

Данияр Үсөнов
-Камчыбек Ташиев чукул кырдаалдар министри болуп турганда Ошто курулган үй үчүн бөлүнгөн 45 миллион сомдун ордуна 100 миллион сомго жакын каражатты ашыкча чыгымдаган. Мындан сырткары өлкөдө өзгөчө кырдаалдар учурунда гана президенттин буйругу же өкмөттүн чечими менен менен колдоно турган 18 миллион сом кол тийгис запас акчаны да мыйзамсыз короткон.

Ошондой эле премьер-министр Чукул кырдаалдар министрлигинде каржылык мыйзам бузуулар көп болгонун айтып, бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сом каражаттын кандай максаттарда колдонгону текшерүүгө алынаарын, суроо-талап катуу болоорун дагы эскертти.

Ушул эле күнү экс-министр Камчыбек Ташиев анын министр кезиндеги мыйзамсыз иштери жөнүндө элге тараган маалыматтарды төгүндөгөн билдирүү таратты. Ал маалымат жыйынында министрликтин кызматкерлери үчүн Оштогу үй арзанга курулганын, аны бийлик негизсиз каралап, кылмыш ишин козгоого аракет кылып жатканын билдирген эле.

Камчыбек Ташиев премьер-министр Данияр Үсөнов менен өткөн бейшембиде болгон жыйында айтыша кеткен. Премьер-министр Камчыбек Ташиевди Чукул кырдаалдар министрлигинин корундагы 18 млн. сомду министрликтин кызматкерлерине үй курууга пайдаланганы үчүн сынга алган эле. Буга териккен Камчыбек Ташиев ошол замат кызматтан кетээрин айтып, жыйындан чыгып кеткен. Ал ошол эле күнү арыз жазып, эртеси анын арызын президент кабыл алып, кызматтан бошотту.

Бул аралыкта Эсеп палатасы менен каржы полициясы мурдакы министр Ташиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүгө алып, мамлекеттик каражат максатсыз жумшалгандын билдирген.

Каржы полициясынын басма сөз катчысы Нурила Батыралиеванын айтымында экс-министр Камчыбек Ташиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн эки берене боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

- Камчыбек Ташиев министрликти күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз кылуудагы мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 4,6 млн. сом зыян келтирилген. Мындан сырткары тендерди да мыйзамсыз өткөрүп, көп каражат максатсыз чыгымдалган. Учурда каржы полициясы тарабынан жогоруда айтылган бардык фактылар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

“Ата Мекен” партиясынын аппарат жетекчиси Алмамбек Шыкмаматов болсо бул министрликке Бакыт Төрөбаевдин дайындалышы президенттин айланасындагы эки чоң топтун өз ара тирешин, сузактыктардын нааразылыктарын басаңдатуу катары баалап, түштүктөгү таасирдүү саясатчы Камчыбек Ташиевдин канатын алдын ала кыркуу деп жоромолдоду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG