Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Туристтик жайкы маал кандай өтүп жатканы тууралуу суроолорго Мамлекеттик туризм агенттигинин башчысы Турусбек Мамашев жооп берди.

- Турусбек мырза, быйылкы жай Кыргызстанда саясий окуяларга өтө жыштыгы менен өзгөчөлөндү. Бул ириде президенттик шайлоого, ЖККУнун Чолпон-Ата саммитине камылгаларга жана алардын өткөрүлүшүнө байланыштуу болду. Ушул иш чаралар туристтердин жайкы эс алуусуна кандай таасир этти?

- Менимче, өтө деле таасири болгон жок, тескерисинче коопсуздук жагы аябай күч болду биздин эс алуучуларга, алардын коопсуздугун түзүүгө жакшынакай шарт түзүп берди негизинен. Жылдагыдай эле жакшы быйыл, кудай буюрса жакшы эле болот деген ниеттебиз.

- Быйыл туристтердин агымы кандай болуп атат. Мисалы ишкерлер жылдагыдан аз дегендей божомолдорду келтирип атышат. Буга эмне таасир этиши мүмкүн?

- Быйыл биринчиден аба ырайынын мээлүндүгүнө байланыштуу сезон бир аз кечирээк башталды. Бул жайкы туримзге таасирин тийгизди. Экинчиден, жылдын башынан баштап айтып атпайбызбы, каржы каатчылыгы дагы туризмге сөзсүз түрдө өзүнүн таасирин берди. Баалардын бир аз кымбатчылыгы бизге туристтердин келүүсүн кескин түрдө азайтып атат. Себеби бул жөнүндө сөз кылганбыз, туристтик өлкөлөрдүн баары каржы каатчылыгына байланыштуу кесин түрдө бааларын төмөндөткөн. Биз дагы ушундай суроолор менен кайрылганбыз, эки жолу тегерек үстөл өткөргөнбүз. Бирок тилекке каршы көпчүлүгү муну түшүнбөй, ошол бойдон бааны жогорулатып жиберип атышат. Бул дагы өзүнүн таасирин тийгизди. Бирок биздин Кыргызстанда бүгүнкү күндө бир эле жайкы сезон менен чектелбейт, бизде жылдын ар кандай убагында эс алууга мүмкүнчүлүк бар. Ошон үчүн биз негизинен быйыл жакшы жемиштер болот деген ниеттебиз.

- Сиз айтып атпайсызбы коопсуздук маселелери жакшы болду деп, ошол эле мезгилде ошол коопсуздуктан жабыркап атабыз деген угармандар кайрылып атышат, көлдүн жээгине өтө албай атабыз, кайтаруу күчтүү болуп атат дегендей. Саясий окуялар алдын-ала белгиленген да, ошону чечүүнүн кандайдыр бир чараларын өкмөт көрдү беле?

- Биздин ММКлар аркылуу мурунтан эле белгилүү болгон, айтылып аткан, саммит өткөн убагында ушундай болот деп. Биз деле алардын эс алуучуларга кескин түрдө тиешеси болбосо керек деп ойлойбуз. Бирок алар мурунтан билген. Балким бирден, экиден айткандар болгондур, негизинен эс алуучуларга тоскоолдук болгон жок, себеби алар маалыматты толук алган, билген. Ошол убакта көчөгө чыгып, автоунаа менен жолтоо болбой туруусун суранган. Саммит эки эле күн болбодубу, бул анча деле жолтоо болгон жок го деп ойлойм.

- Дагы бир маселе, Ысык-Көлдөн башка дагы Кыргызстандын жакшы кооз жерлери бар эмеспи. Мисалы Кыргызстандын түштүгүндө, Нарын өрөөнүдө. Ошол жакка каттаган туристтер тууралуу маалыматтар барбы?

- Маалыматтар бар. Мына азыр эгер түштүк жака барсаңыздар, же учак менен учсаңыздар өзүңүздөр күбө болосуздар. Негизинен учактарда 90 пайызы жалаң жер-жерлерден келген туристтер. Түштүк жака барсаңыздар рюкзак көтөрүп алып топ-топ болуп жүргөн чет элдик эс алуучуларды көп жерден көрөсүздөр. Кыргызстандын баардык аймактарында азыркы учурда алыстан келген эс алуучуларды көрөсүздөр. Бул дагы жакшынакай жүрөктү жылыта турган жакшы жышаан.

- Кайсы өлкөлөрдөн көбүрөөк келип атышат?

- Көбүнчө Казакстан, Орусия, Өзбекстан сыяктуу коңшу өлкөлөрдөн. Эс алуучулардын 90 пайызы ушул жерден келгендер. Бизде түз учактын жоктугунан алыскы Европадан келүү азыраак санда. Алар жок дегенде Европанын бир шаарына түз учак болсо деп суранып жатышат. Бизде Стамбул менен Москвага гана түз учак бар да. Ошого байланыштуу бизге азыраак келет. Бирок келип Кыргызстанды көрүп билели, эс алалы дегендер көп.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG