Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Улуу муундун айрым өкүлдөрү кыргыздын салт-санаалары унуткарылып баратканын айтып, тынчсызданганы менен, өлкөнүн айрым аймактарында капчыкты каккан каада-салттар тескерисинче, жылдан-жылга күч алууда.

Оор экономикалык абалга карабастан Таласта ата-эне кызын турмушка узатып, же баласын үйлөндүргөндө бериле турган калың жана септин наркы жыл сайын көбөйүп, жаңыдан чоң турмушка аттанган жаш үй-бүлө үчүн кесепетин тийгизүүдө.

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун тургуну Асылай мындан эки ай мурда жолдошу менен ажырашып кетти. Эки жаш үстүбүздөгү жылдын жаз айларында эле баш кошуп, тойго 300дүн тегерегинде киши чакырган.

Кыргыздын каада салты менен баланын ата-энеси кыз тарапка болжол менен 200 миң сомдун тегерегинде нак акча алып барганда, Асылайдын ата-энеси да кымбат баалуу үй эмеректерин жаңы кудалардын үйүнө жеткирип берген.

Тойдон кийин сөз көбөйдү

“Той болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, калың алып, кыз себи берилип бүткөндөн кийин жаңы келин Асылай кайын энесинин көзүнүн кареги менен тең айланып, күнүмдүк тиричилик башталат. Бирок көп узабай жаш үй-бүлөнүн көптөн үмүттөндүргөн келечегине балта чабылып, ортодо чыр ырбай баштайт. Асылай өзүн каада-салттардын курмандыгы болгонун айтат:

- Жолдошум деле түшүнүктүү, кайын атам деле түшүнүктүү. Барган жерим жакшы жер эле. Ушул кайын энемен эле кетти деп ойлойм, ал мага эрегишип, “себиң мындай келди, сенин алдыңа биз мындай түшүп бардык” деп көп басынтчы болду. Кийинки күндөрү мен чыдай албай калдым. Ажырашууга туура келди. Жолдошум ажырашкысы келген жок, бирок мен кайын энем менен жашай албай калдым.

Бул маселе боюнча Асылайдын кайын-журту менен байланышканыбызда алар келинин күнөөлөп, суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты.

Бир караган адамга оор басырыктуу көрүнгөн, көп сүйлөбөгөн Асылайдын жолдошу Бакыт “ажырашууга эмне себеп болду?” деген сурообузга жер тиктеп, үшкүрүнүп, жубайынын чыдамсыздыгын белгиледи:

- Билбейм, мен ата-энемдин сөзүн угам. Асылай деле кичине ойлонуп койсо болмок.

“Кыз каадасы менен”

Талас районуна караштуу Көк-Ой айылынын тургуну Акинай Тилекматова Таласта калыңдын наркы башка аймактарга салыштырмалуу жогору болгонуна нааразы экенин айтып, тойдогу көнүмүш болуп калган чыгымдар чыр-чатактын башаты болгонун белгиледи:

Тажикстанда ашкере ысырапкорчулукка бийлик тарабынан тыюу салынган.
- Той ээлери деле кийит жок деп чакыруунун астына жазып коюп жатышат. Бирок ага карабастан кийит алып барышат. Жок эле дегенде жоолуктун жакшысын алып барганда 500 сомдукту алып барасың да. Анын ордуна акчалай эле алып барсаң эки жаштын керек-жарагына тыгынчык болот эле.

Анткен менен кыргыздын салт-санаасына түшүнүү менен мамиле жасалышы керектигин айткандар да аз эмес. Талас облусунун губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Нусуп Бектенов өзү ата катары салттарды урматтарын жана Таластын кыздары үчүн калың кымбат болгонуна сыймыктанарын айтып, мүмкүнчүлүгүнө жараша ар бир кыргыз сый-урматын көрсөтүшү зарыл деп эсептейт:

- Мен “Таластын кыздары кымбат экен” дегенге сыймык менен карайм. Кыздары кымбат болсо ошондой кыздары бар. “Аш-тойлор кымбаттап кетти, мынча каражат кетет экен” дегендей өкмөттүк деңгээлде маселелер көтөрүлүп кетти. Бирок бул кыргыз элинин башынан келе жаткан салты. Ар бир адам өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша иш кылат да. Мисалы, 500дөн ашык катташың болсо аларга бир эле кой союп тоспойсуң да.

Нусуп Бектеновдун пикиринде, калың-септин кымбаттыгы эки жаштын мойнуна ошончолук жүктү артат.

Ысырапкорчулуктун да чеги болот

Талас облустук “Дабан” гезитинин башкы редактору Мира Сейдикеримова акыркы учурларда алардын редакциясына каада-салттардын айынан ажырашкан келиндер көп кайрыларын айтып, кыргыздын салттарын туура пайдалануу керектигин белгилейт:

- Бул боюнча көп келиндер кайрылып жатышат. Азыр тойлордо эле эмес, акыркы сапарга узатууну да шааң-шөкөткө айландырып жиберишти. Билинбей калды ашы кайсы, тою кайсы.
Ушул кайын энемен эле кетти деп ойлойм, ал мага эрегишип, “себиң мындай келди, сенин алдыңа биз мындай түшүп бардык” деп көп басынтчы болду.

2005-жылы той-аштарда ысырапкорчулукту азайтуу тууралуу президенттин буйругу чыгып, бирок бул башталыш соңуна чыкпай калган. Ушул өңдүү эле буйрук облус башчысы тарабынан да үстүбүздөгү жылдын октябрь айында да чыккан. Бирок бул буйрукту аткаруу өтө кыйын болгонун облустук администрацияда Билим берүү, маданият, жаштар жана спорт саясаты боюнча бөлүм башчысы Асыл Мамырова мойнуна алып, муну жөнгө салуу үчүн тарбия бала бакчадан эле башталышы керектигин айтат:

- Чоң кызматта болобузбу же аябай бай жашайбызбы? Бул жашоого сергек көз караш менен карап, ысырапкорчулукка жол бербей түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк бардыгы бала бакчалардан башталса, адамдар акырындап түшүнөт эле.

Облусту эмес, Талас районун гана алганда 2009-жылдын жыйынтыгы менен былтыр 71 жаш үй-бүлө катталса, анын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 37 үй-бүлө ажырашып кеткен. Алардын катарында 4 жыл жигити менен сүйлөшүп жүрүп, баш кошуп, бирок кыргыздын каада-салттарынын курмандыгы болгон биздин каарман Асылай да бар.

"Азаттыктын" архивинен: Капчыкты каккан каада-салт

Элдин турмушу начар делген Баткен облусунда бир жылда эле үйлөнүү тойлоруна кеткен чыгым 1,5 млрд. сомду чапчыган. (Жеңиш Айдаров, Баткен.)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG