Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Дасторкондун жасалгасын карап, аны сыноо көрүнүшү Кыргызстанда жашаган башка улуттарда да бар.


Түрктөрдө алтын өтө маанилүү


Бишкектин четинде түрк тектүүлөр жашаган Орок айылына барганда тойдун үстүнөн чыктык. Гүлзада аттуу үй кожойкеси кызын турмушка узатып, кошуналарына чакан той өткөрүүгө камынып жаткан экен. Кожойкенин айтымында, келген коноктор дасторконду сынайт. Ошол себептүү ал кымбат баалуу салаттарды жана таттууларды койгонго аракет кылган. Түрктөр негизинен улуттук майрамдардан сырткары үйлөнүү тойго көп маани беришет.

- Эл келгенде дасторконду сынайт. "Ой, салаты жакшы экен же начар экен, ачып калыптыр, таттуулары көп жакшы эмес, арзанын алыптыр" дешет. Кимдин колунда болсо жакшы, кымбат конфеттерди алат. Эгер жакшы жасалса "оо, жакшы жасалды" деп макташат. Начар болсо жылдап айтышат.

Гүлзада айымдын айтымында, бир тойду өткөрүүгө орто эсеп менен 4-5 миң доллар кетет. Андан сырткары эки жашка белектер өзүнчө эсептелет. Эгер кызды алып качып кеткен болсо той да арзан бааланат экен. Анткени түрктөрдө алдына түшүп үч жолу келсе, үч жолу тең белек менен келиши керек.

- Ошондуктан элдин колунда анча жок болгондон кийин көптөрү алып качышат. Калың эки миң доллардан жогору. Алар эки миң алып келгенден кийин “бир жарымын ал, 500дү кайра бер” деп сүйлөшөт. Анан кайтарып беребиз. Андан сырткары алтыны да бар. Бизде алтын абдан жакшы берет. Билерик, сөйкө, шакек бардыгы жакшы болушу керек. Алтынсыз кыз күйөөгө тийбейт, башкача айтканда алтын кызды тартыш керек.

Түрктөрдө төшөктөрүнө пахта салуу уят деп эсептелет. Сөзсүз жүн салынышы керек. Үйүндө кой кармабагандар той алдында жүн издеп жөнөйт, сатып алышат. Ошондой төшөк, жууркандардан он чакты берилет. Ал эми кыз менен жигитке кийит кийгизмей да бар. Мисалы, кыздын ата-энеси күйөө баласына саатынан баштап, эки сыйра жука, калың байпакка чейин сөзүз бериши шарт.

Тойдо арак да ичилет. Гулзада айым дасторкондо болгондо да кымбат баалуу арак-шараптар болбосо ошол үйдүн кожойкеси, же той ээси сөзгө илинерин белгиледи. Ал кээде берилген жоолук, кездемелердин айынан таарынып, сүйлөнгөн учурлар да болорун кошумчалады.

Маалымат үчүн: 2009-жылдагы эл каттоонун эсеби боюнча Кыргызстанда 39 миңден ашуун түрк жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Чүйдө, Бишкек шаарынын тегерегинде жана Жалал-Абадда жашайт.

Корейлер тойго көп каражат жумшабайт

Ал эми корейлердин көпчүлүгү тойлорго көп акча коротпойт. Колунда барлар өтө жакшы жана кымбат той өткөрө алышат. Кыз-жигит гана ЗАГСка барып никелерин каттатып келип жашай беришет.

Корейлердин кафесинде иштеген Ли аттуу айымдын айтымында, ар ким колунда бар, жогуна карап той өткөрөт. Келинге калың төлөө деген маселе жок. Ал эми эки жашка туугандары колунан келишинче, мүмкүнчүлүгүнө жараша белек беришет. Керек болсо 4-5 кишинин айланасында деле жакшы майрам өткөрө алышат. Ал эми үстөлдүн үстү негизинен жеңил салаттар, чөп-чар менен кооздолот. Кыргызстанда 17 миңден ашуун корей жашайт.

Жөөттөр белектин баарын жаштарга берет

Жөөттөрдүн майрамдары да көп каражатты талап кылбайт. Улуттук, диний, салттык майрамдарында негизинен улуттук тамак-аштар жасалып, жакындары менен майрамдалса, үйлөнүү тойдо тааныштарынын көптүгүнө жараша коноктор чакырыла берет. Жөөт улутунун өкүлү Александр Зелитченко майрамдардын көбү сентябрь айында болорун белгиледи:

- Бирок бул майрамдар көп каражатты талап кылбайт. Буга негизги керектелчү эле тамак-аштар колдонулат жана алар үйдө эле жасалат. Кой союлбай калды, эт аз болуп калды деп кабатырланбайбыз. Үйлөнүү тою да ар кандай болот. Мисалы, биздин тарыхый мекенибиз Израилде чоң тойлорду өткөрөт. Ал жакта ресторанга чакырылган адам компьютерден алдын ала бир адам үчүн сарпталган каражатты билип алса болот. Келген конок ошону төлөйт жана жүрөктөн чыккан акчасын чын дилден эки жашка тапшырат. Бизде атасы кызынын тоюн өткөрүп атса тойдо чогулган акчаны алат деген жок. Баары эки жашка кетет. Бирок азыр салт санаасы менен тойлор бизде деле аз болуп калды. Көбүнесе эле тойлор европалашып кетти. Израилде бул багытта атайын салттар бар.

Тарыхчы жана социаологдордун изилдөөсү да, 2009-жылкы эл катоонун жыйынтыгы да Кыргызстанда жөөттөр абдан азайганын көрсөтөт. 1999-жылы алардын саны бир жарым миңден ашуун болсо азыр ал эки эсе кыскарган.

Дунгандарда калың арзан, сеп кымбат

Майрам аттуу кыргыздын кызы мындан 46 жыл илгери дунган жигит менен бирге түтүн булатууну чечкен. Ал дунгандардын башкы майрамдарынын бири айт майрамы экенин билдирди. Орозо айтта кой союлбаса да таттууларга көбүрөк көңул бурулат. Ал эми Курман айтты сөзсүз кой, бука, же торпок союлат. Бирок кыргыздардай болуп аш-тойго ашыкча каражат жумшалбайт. Майрам эженин айтымында, дунгандар киши каза болгондо мал союп, дасторкон жайбайт.

- Мисалы, өлүм болгондо үч күн үйдөн тамак жасабайт, түтүн чыкпаш кеерк. Мындайча айтканда аза күндөрү болуп эсептелет. Кошуналар тамак-аш алып келип берип турат. Ал эми төртүлүгү болгондо куран окутуп, кой союп анан кишилерди чакырат.

Ал эми үлпөт той негизинен короонун ичинде дунган музыкасынын коштоосунда өтөт. Кызга сеп жакшы берилгени менен, калың өтө чоң эмес. Калың берилет, бирок бул символдуу түрдө гана деп эсептелет. Бул сумма 6-8 миң сомдун тегерегинде болот. Ал эми Кыргызстандын айрым аймактарында салтка кирген себет жана кийит деген баш оорутмайлар дунгандарда жок.

- Булардыкы өзү эмес туугандары жардам берет. Канча бир тууганы болсо ошолорго бирден чоң белек, мисалы, эмерек алып бересиң деп тапшырып, бөлүштүрүп коет. Кийин ал той кылганда биз алып беребиз дегендей. Септи шыпыргыдан тартып бардыгын алып беришиң керек, бирок кийит деген жок.

Кыргызстанда 58 миңден ашуун дунган бар. Алар негизинен Чүй өрөөнүндө жашайт. Алардын көбү соода жасап, жер иштетет.

“Бишкек Консенсус" экономикалык изилдөөлөр институтунун эсептөөсүнө караганда, Кыргызстанда жыл сайын той-топур, аш-тойлорго 40 миллиард сомдон ашык каражат сарпталат. Бул көрсөткүчтөрдүн көп пайызы үйлөнүү тойлоруна туура келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG