Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:42

Болжолдуу эсептөөлөргө караганда жылына кыргызстандыктар ар кандай шаан-шөкөт, той-тамаша, сөөк узатуу зыйнатына 2 миллиард ашуун доллар сарпташат.

Ашыкча ыгым-чыгымдарды азайтуу, айрым ырым-жырымдарды жупун өткөрүү максатында мурдагы парламент тушнда атайын мыйзам долбоору иштелип чыгып, бирок ал өтпөй калган. “Азаттыктын” кезектеги тегерек үстөл талкуусу мына ушул темага арналды.

Талкууга катышкандар:

Ишкер Анарбек Усупбаев

“Ата Журт” партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Ибрагим Жунусов

Кыргызстан тамадалар ассоциациясынын төрагасы Эшенкул Барпиев

“Азаттык”: Тажикстанда ашыкча ыгым-чыгымдарды жоюу жөнүндө атайын мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзүлүп, анын канчалык ишке ашырылып атканы азырынча белгисиз, жыйынтыгы кийин чыгып калар. Ибрагим мырза, сиз ашыкча каада-салт, ырым-жырымдарды чектөө жөнүндө өзүнчө мыйзам долбоорун даярдаган экенсиз. Мына ошол мыйзам долбоорунан баштасак.

Ибрагим Жунусов: 2008-жылы мага көпчүлүк аксакалдар кайрылып, “ушундай тоюбуз да, өлүмүбүз да бирдей болуп калып атат, бардык жерде эле чыгаша бар, колунан келгени, келбегени да болуп атат, ушуну мыйзамдаштырып карап бербейсизби” дешкен. Ушул эле нерсени башка облустардын аксакалдары менен да макулдаштым.

Ушундай мыйзамды даярдап, мыйзамды комитеттен, фракциядан өткөрүп, парламентке келгенде мага мыйзам катары эмес, өкмөткө протоколдук тапшырма катары берели деп айтышкан. Мен макул болуп, протокол катары берилип, анда бизде мамлекеттик катчы деген бар болчу, анын алдында комиссия түзүлүп, иштей баштады, комиссияга мен да киргем. Бир топ маселелерди көтөргөнбүз. Бирок протоколдук тапшырма деген протоколдук тапшырма, мыйзам деген мыйзам.
Ибрагим Жунусов

Кийин мен өкүнүп калдым, мыйзам чегинде кабыл алганыбызда бир топ жетишкендиктер болот эле. Бирок ошого карабастан көпчүлүк жерлерде ушул нерсе ишке аша баштаган. Буга биринчи кезекте айыл өкмөттөрү, акимдер, молдолордон бери баштабасак бул нерсе токтобой турган нерсе экен.

Мен өзүм деле көрүп жүрдүм, көпчүлүк жерлерге барып калсам, бир жылкы деген кеп болбой калган, өлүмгө барсаң деле, тойго барсаң деле. “Бир жылкынын учасы чоң кудага тийбей калды, ортоңку кудага дагы бир учага” деп дагы жылкыларды союп атышат. Кой жөнүндө сөз жок. Анысы аз келгенсип арагы болот. Баланын колунда барбы, жокпу, ага карабайт экен. Мен өзүм деле айылда өскөн баламын, айылда көпчүлүгүнө күбө болдум, кээ бир молдолорго тийип кетсе кечирим сурайм, бирок болгон нерсе, өздөрү токтотолу дейт да, анан өлгөн адамдын баласын чакырып алып, “сенин атаң жеген, сенин атаң төрдө отурган, жиликтин баарын алган, устукандын чоңун атаңа тартчу, сен дагы соесуң” дешет экен. Колунда жок болсо кошунасын чакыртып бата берип, карызын төлөйт деп мойнуна жүктөп койгон нерселер көп болгон. Муну токтотууга бир топ аракетти жасаганбыз. Бирок протоколдук тапшырма жакшы аткарылбай калат экен. Кудай насип этип кайрадан барып кала турган болсом, ушул мыйзамдын үстүнөн кайрадан иштейм.

Кылымдан бери келаткан каада-салт

“Азаттык”: Анарбек ага, өтө кылдат мамилени талап кылган ушул маселени мыйзам негизинде, же болбосо бийликтин күчү менен токтотууга, жөнгө салууга болобу?
Алты саатта 14 тамак жейт экен, бул эмне деген ашказан? Колуман келсе алты жолу айлантып Нобель сыйлыгын берет элем.


Анарбек Усупбаев: Мен Ибрагим инимдин айтканына бир аз каршымын. Себеби кыргыз эли улуу элбиз. Тарыхыбызды жакшы билебиз. Ошондон бери келаткан каада-салтты ушунча кылымдан бери сактап келатабыз. Аны мыйзам менен токтотууга болбойт. Мен мыйзам чыгарууга каршымын. Себеби адам баласы төрөлгөндө, бой жеткенде, үйлөнгөндө, үч убакыт болот экен, ушул үч нерсени белгилеш керек экен. Өлүм деген ар кимдин башында бар. Буга эч ким кыйналбаш керек, анткени өлүм өзү менен келет экен да, кетет экен. Бул акыркы сый экен.

Акыркы убакта бизде болбойт, жөн эле көөмүп коюш керек деген сөздөр көп болуп атпайбы, ал туура эмес. Кыргыз деген баатыр, улуу эл болгон. Ар бир кыргызды кадырлап көмгөн, кошок айтып, баатырларды айттырып даңазалап көмгөн. Анан ошондой кылып ашын берген. Мыйзамдын кереги жок бул жерде. Арабдын, орустун, чет мамлекеттин идеология, көз карашын таңуулабаш керек бизге. Кыргыз элди сактап калыш үчүн муну уланта бериш керек, бирок жакшынакай жагы менен.

“Азаттык”: Эшенкул мырза, кыргыз тойлорунун, кыргыздын салтанаттарынын негизги алып баруучусу, той эркелеринин, той алып баруучуларынын ассоциациясынын жетекчисисиз. Күз келгенде той-аштын күнү тууйт. Ушу тапта сиздин кесиптештериңиз да тойдон-тойго, үйдөн-үйгө, кафе-ресторандардан колу бошобой жаткан чагы болуш керек. Той кийин көбөйдүбү?

Эшенкул Барпиев:
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, өзгөчө көп. Уюткулуу журтубуздун улуулугу түгөнбөй, көөнөрбөй, жоголбой келатканыбыз ар бир кылымда жаралган бирден-экиден учкул кеп, макалдар бар.

Кыргыз илгери эле той-аш деген күркүрөгөн күздө, мал жайлоодон түшкөндө, кызыл кырманга толгондо болот деп айткан. Мына ушул августтун этегинен баштап жаңы жылга чейин ар бир адамдын, ар бир кыргыз туугандарыбыздын жакшылыктары көбөйүп атат. Ысырапкорчулук боюнча кыргыздын улуу адамы арбагы менен колдосу Дооронбек агабыз менен көп жакшылыкта жолугуп калдык, “Эшенкул, канча тойго барып атасың, мен да чакыруум көп, келип атам. Эмнеге той көбөйүп атат?” деп суроо салды. Мен айттым, ар кимдин жеке турмушунда кызы чоңоет, уулу үйлөнөт, жанагыдай ашууларды ашып өтсө, ак өргө болуп калат, толтура той бар эмеспи, ошондой берип атса керек десем. Докем ыраматылык “бир жагы туура, бирок мен сага чындыгын айтып коеюн, эртеңки күнү эмне болорун эмес, бүгүнкү кыргыз кандай жашарын билбей калды, көп кыргыз бергенин чогултуп алайын деп эле, улам бир шылтоо таап той бере баштады” деп айтып калчу эле.

Ысырапкорчулук чындап эле көбөйүп калды. Бир дипломдун тегерегинде 500 киши, бир ымыркай үчкө чыкса буга деле той болуп атат. Сөзсүз түрдө уул үйлөнтсөк, кыз чыгарсак жакшылык, элүүдөн ары көздөй үй-бүлөлөр болсо бул жакшылык. Чындап эле бүгүнкү күнү той өтө көп. Биздин борбордо 58 тамада болсо, күнүгө ар кимиси иштеп атса, 58 той болуп атат. Ал эми канча деген тайкеси, байкеси башкарган, тамадасы жок тойлор болуп атат. Дем алыш күндөрдү эсептегенде Кыргызстанда шумдуктудай той көп, Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Бул элди бириктирген жагы, түндүк менен түштүк, батыш менен чыгышты токтотуп койгон, элди ынтымакка ордолуу уюткубузду чачыратпай бекем кармап турган улуу дасторкон. Ушул дасторконубуз көп боло берсин деген гана тилегим бар.

Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып...

“Азаттык”: Ибрагим мырза, тойго кеткен ыгым-чыгымдар албетте өзүнүн чөнтөгүнөн чыгып аткан нерсе. Бирок ошол эле мезгилде биздеги көмүскө экономиканын сыртка чыгарылышы, акчалуулардын, байлык дүйнө жыйнап алгандардын өзүн көрсөтүп коюсу катары да көрүнүп атат. Азыр так эмес маалыматтар боюнча Кыргызстанда жылына 1 млрд. менен 2 млрд. доллардын ортосундагы ашыкча ыгым-чыгым болуп атат дейт. Кыргызстанда жашаган негизги улут кыргыздарга гана тиешелүүбү, же башка улуттарда дагы ушундай ыгым-чыгымдар барбы?

Ибрагим Жунусов: Анарбек байкенин айткан сөзүнө мен дагы каршы пикиримди айтып коеюун. Биринчиден, той тойдой өткөнү жакшы. Мен ага каршылыгым жок. Менин айтып аткан нерсем, адамдын сөөктү акыркы сапарга узатуу аземдери жөнүндө, ошол жерде кетирип аткан чыгымдар жөнүндө болуп атат.
Эртеңки күнү карызга белчесинен батыш максатпы? Максат эмес. Элиңе чайыңды бер, жакшынакай дасторконуңду кой, анан батаңды ал.


Мен Кара-Суу районунда, Сары-Ой айыл өкмөтүндө эл менен жолугушканда рахматын айтышты. Айыл өкмөттүн башчысы өзү токтотуп койгон, бир койдон ашыкча мал сойдурбайт. Бул бир четинен ашыкча чыгым кетирип убал болбосун деген ниетте. Экинчиден, азыркы эле сиздер айткан, бай менен кембагалдын өлүмү бирдей болсун. Мисалы, бай адам 5-6 жылкы сойсо, кембагал бир да мал сойбосо, ошол да өкүнүп калбасын. Сойдура турган болсо, сойдуруп бүткөндөн кийин, өзүңүздөр жакшы билесиздер, ар төртүнчү күнү пайшамбалык өтөт, пайшамбага өзүнчө сойдуруп, кыркына өзүнчө сойдуруп, жылдыгын тойдой өткөрүп, анан кийин үч жолу кетип, карыздарга батып атат. Баягы бала бир четинен эне-атасынан айрылганына өкүнүп атса, экинчи четинен колунда бар болсо жакшы, колунда жок болсо карызын төлөй албай өмүр бою кыйналат. Мына ушундай нерседе кыйынчылык болбосун деп атам.

Мен 2005-жылы бир жылда үч жакынымды көмдүм. Апамды, эки бир тууган агамды. Колунда барбы жокпу карабайт. Мага өтө кыйын болду бул нерсе. Бул нерсени башка адамдар да сезиш керек. Колунда бар адам сезбеши мүмкүн. Бул нерсеге чек койбосо болбойт, чек койдуруш керек. Ким кандай кабыл алат бул экинчи маселе болуш керек.

“Азаттык”: Башка улуттарда да агылып-төгүлүп-чачылуу барбы?

Ибрагим Жунусов: Башка улуттарда биз менен тең тайлашып келаткан өзбек туугандарда да ушундай нерсе көп. Өзбек туугандар тоюнда бизден артык чачат. Өлүмүндө болсо, тескерисинче, үч күнгө чейин сөөк чыккан үйдөн мештин морунан түтүн да чыгарбайт, ал жерде чай да кайнабайт. Өлүм жеринде мал союш деген жок.

“Азаттык”: Анарбек ага, ашыкча ыгым-чыгымдардын Кыргызстанда эгемендик алгандан кийин ожо алып кетиши эмнеге байланыштуу болду? Кыргызстан мурдагыдай Москванын көзүн карабай калгандан болдубу, же экономикалык турмушубуз аябай алдыга кетип бардар жашоого өтүп калгандан болдубу?
Анарбек Усупбаев

Анарбек Усупбаев: Элдин турмушу азыр оңолду. Эл мурункудай кембагал эмес. Жок дегенде 10 үй-бүлөдө бир унаа бар. Совет доорунда бир айылда бир унаа болчу эле. Үйлөрдү салып атышат, турмуш оңолуп атат, жаман болгон жери жок.

Ибрагим иним айтып атпайбы, залкар кишинин өлгөнү менен жөнөкөй кишинин өлгөнү тең болуш керек деп. Бай адамдын дүйнөсүн эмнеге аяйбыз, чача берсин. Ошол жерге кедейлер барып кичине болсо да курсагын тойгузуп алсын. Андан эч кандай жамандык жок.

Той-аш бергенде, өлүк узатканда базар иштей баштайт. Базарда ким иштейт? Биздин соодагерлер иштеп атат. Бул экономиканын өзүнүн бир жагы. Анан азыр мыйзам чыгарып туруп, болбойт деп койсок, ал байлардын акчасынын баары кайда кетет? Анда ал ойлонот, анда мен швейцариялык банкка салайын деп, бул жактан алып кетет да. Албасын, ушул жерде тоюн бере берсин, өлсө ашын бере берсин.

Ибрагим Жунусов: Байлардын акчасын чачыш үчүн ошол байларды өлтүрүш керекпи? Ошол байлар өлтүрбөй эле чача бербейби. Элге тараткысы келсе тоюн өткөрө бербейби. Сөзсүз байдын бирөө өлсө эле союш керекпи?

Анарбек Усупбаев: Мен өлсүн деген жерим жок. Колунда болсо эмнеге жасабайсың деп болтурбоого аракет кылабыз. Жасай берсин. Кыргызда сөз бар, өлүм өзү менен кетет деген. Анткени ошончо жек-жааты бар, ошолор алып келет. Анан биз бул жерде акырындык менен арабдын жолуна түшүп баратабыз. Ислам дининин айтуусу боюнча, үч күн эч кимди чакырбашың керек, эч ким келбеш керек деген. Ал туура эмес.

Байдын ашын кедей кызганганда...

“Азаттык”: Эшенкул мырза, шаанилүү окуянын такай күбөсү болуп келатасыз. Кийинки кезде өтө эле артык баш, ысырапкорчулук жолугуп аткан жокпу? Баамыңызга урунуп атабы?

Эшенкул Барпиев: Урунуп атат. Биз тамадалар борбору кеңешип, эмдиги жылкы сезонго той бере тургандар менен сүйлөшөлү деп атабыз. Биринчиден, дасторконго келгенде эле тойдун ээси айтат, шорпону тез берели, салаттар желип кетет деп. Экинчи тамак, анан бешбармак берилет. Биринчиден, 6 саат деген тойдун формасын 3-4 саатка жылдырганга аракет кылабыз. Экинчи тамактын кызыкчылыгы бул – ошол эле кафе-ресторандын ээсинин кызыкчылыгы. Карап көрсөңүз, бир дасторкон жайылганда рюмка кое турган орун жок, он чакты салаттын түрү турат. Анан калыптанып калган нерсе, тойду бешке чакырсак 12де бүтүрүш керек. Бул тамадалар өзүнүн кызыкчылыгына, азырак иштеп калалы деген формат катарында көрбөш керек. Чакырган кишини чарчатпаш керек. Оюн-тамашасы кыска болсо кызыктуу болот. Он саатка чейин чойгондорду көрүп атам.

Андан тышкары “эрегишкен эр өлөт”, же “каргага тийген каздын буту сыныптыр”, сөзсүз түрдө баягыда балык, кара, кызыл икрасы менен болгон, эми биз кошпойлубу деп калат. Ар ким төшөгүнө карата бутун сунсун да. Жылкыңа карап ышкыр. Кыргыздын улуулугу ушунда, чыдаган киши той берет, сыйлаган киши тойго келет. Чыдадыңбы жаса, эл жесин дедиңби бер, түнгөнүп калса кайра кош. Жок, биринчи антрактка чейин салатты жедирбей, шорпону бере салалы дейт. Эмнеге десең, видеого сонун түшсүн, дасторкону бош эмес экен деп айтсын дейт. Кудай урбадыбы, элди чакырдыңбы, тамада ал-ал деп алты саат бою какшап атат. Ал дегенден кийин алсын, же дегенден кийин жесин. Биз да тамашалап айтабыз, ушул Жумабек той берип атат, Жумабектин тамагын жеш керек, түгөтүп коюп дагы барбы деш керек деп.

Кыргызда дагы бир улуу сөз бар, досуңдун берген ашын душманындай түгөтө ичип-жеп кетсең, досуң ыраазы болот деген. Анда эмнеге дасторкон жайдык? Анан тойду 3-4 саат кылып эле, тамак-ашынын баарын жеп кетсе, сооп, бата ошол.

“Азаттык”: Кыргызстандын тышкы карызы 2 жарым милиарддан ашып кетти. Түштүк Кореянын калкы өзүнүн кыз-келиндери шакегине чейин берип туруп, ушул өлкөнү карыздан алып чыгыш үчүн аракет кылды эле. Биздеги ушундай кетип аткан акчаны жалпы эл чогулуп туруп башка жалпы ишке жумшоого биздин элдин эрки, чама-чаркы жетеби, же биз тойду көркүн ачышыбыз керек деп дагы тойду көбөйтө беришибиз керекпи?

Ибрагим Жунусов: Ар бир той өткөрүп аткан адамга тоюңду өткөрбө, бул жакка бер десек туура эмес болуп калат. Мамлекеттик машстабдагы тойлорду токтотуш керек. Райондун түзүлгөнүнө 80 жылдык дегендерди токтотсок болот. Ушул жерде да көп акча кетет.

Түштүк Кореяда аялдары шашкектерин, мончокторун, эркектери колундагы нике шакегинен башкаларын баарын өткөрүп берип бутка турушкан. Бизде да бир мезгилде ушундай нерсе башталып токтоп калган. Эч ким колдобой койгон. ХИПИКке чейин бир архитектор жаран көтөрүп чыккан бул маселени. Андайды биринчи түшүндүрүү менен көп нерседен кутулуп кетсек болот.

Сиз айткан 2 млрд. акчаны бул жакка эч ким төкпөйт. Аны төктүрүш үчүн биринчи элдеги патриоттук сезимди ойготуш керек. Анан өзүңдүн тоюңду өткөрбөй бул жакка төк дегенге биздин эл барышы кыйын.

Алты саатта 14 тамак

“Азаттык”: Анарбек ага, сиз жалпы элдик куржунга акчаңызды чыгардыңыз эле, менин билишимде, саналуу эле кишилер чыгарган. Бирок сиздин демилгеңизди артынан колдогон киши болбой калды. Дегеле ушундай идеяга кандай карайсыз?

Анарбек Усупбаев: 2 млрд. деген көп акча эмес. Бакиев беш жылдын ичинде Кыргызстандан 50 млрд. уурдап кеткен турбайбы. 2 млрд. деген Кыргызстан үчүн болбогон акча. Азыркы бийликке келгендер таза иштесе албай-жутпай, баары ордуна келет. Кыргызстан бай мамлекет, суубуз, алтыныбыз, толуп аткан тоо байлыктар бар. Башындагы адам уурдабай таза иштесе, бир паста кутулабыз.
Бир дипломдун тегерегинде 500 киши, бир ымыркай үчкө чыкса буга деле той болуп атат.


Ибрагим иним мандат алганы турат, анан ойлойм, кечээ “Азаттыктан” берип атасыңар, унаалар талаш болуп атыптыр, бул депутаттарга унаанын кереги жок. Анткени партиялык тизме менен келди да, ар бир партияда өзүндө унаалар бар болуш керек, ошолор менен иштеш керек. Булардын кабинеттен чыкпай эле иштей турган жөнү бар. Мүмкүн айылдардан келгендерге батир бериш керек. Ушундай нерселерди ордуна келтирсе эле жакшы болгону турат.

Дүйнө жыйнайм деп адам той, аш бербейт, мен дүйнөмдү чачайын, элден бата алайын деп той берет. Биз токтотобуз, мыйзам чыгарабыз деген бул туура эмес.

Ибрагим Жунусов: Мен той жөнүндө айткан жокмун, сөөк узатууну айтып атам.

Анарбек Усупбаев: Сөөк узатуу кыргыздын салты менен боло бериш керек. Арабдын жолуна түшпөш керек. Аш-той деген бул эмне? Ошол жерде эл жыйылат. Жездебиз кайтыш болуп кетти эле, койгону барсам, алты облустан кудасы бар экен, алты облустан кудалары келип, ошол жерде кыргыздын биримдиги, ынтымагы көрүндү. Эч ким бөлүнгөн жок. Ошон үчүн муну токтотпошубуз керек. Бул кайра кыргыздын жолу менен өтүш керек. Далайлар жети атасын билбей тууганына үйлөнүп атышпайбы, анан ара-чоро бала төрөлүп атат. Тамадалар сценарий түзүп, ошол тойдо санжырасын берсе бири-бирине. Мен ойлойм мындан кыргыз уттурбайт.

“Азаттык”: Ашыкча ыгым-чыгымдарды башка улуттук улуу ишке жумшасак кандай болот?

Эшенкул Барпиев: Жеке адамдын өзүнүн тагдырына, пешенесине туура келген жакшылыктарды айта албайбыз. Анткени биз кандай деңгээлдеги тамада болбойлу, биз аткаруучубуз. Калпагыбызды, чапаныбызды жаап, тыйыныбызды колго берет. Тойдун кожоюну мындай өткөр десе, өткөрүп кете беребиз. Бирок кээде ашыкча чыгымдар толтура эле болуп атат. Мисалы, он күн мурда уулумду үйлөнттүм. Лимузин дегенден мен качырдым. Ошого 500 доллар бериш сага зарылбы? Эмне кереги бар?

Тойдо 2-3 ыр ырдап койгонго 500-600 доллар берип атат. Бул биринчиден, мактанчылыгы бар экен, колунда бар экен, ашыкча чыгым 3-4 миң доллар чындап бар. Үйүндө калып калса эртең деле оокат керек да. Ибрагим башында айткандай эле, эртеңки күнү карызга белчесинен батыш максатпы? Максат эмес. Элиңе чайыңды бер, жакшынакай дасторконуңду кой, анан батаңды ал. Жок, бир көрүнүп калалычы, “куда болсо кул бийиңди сураш, куда болсоң кул да болсоң сыйлаш” деп туруп шумдуктудай шоуну көрсөтөт, анан бүткөндөн кийин ресторанга тыйыны жетпей отурат. Ошон үчүн тапканыңды эле койчу, чын ыкластуу мейман балдарыңа бата берели деп келет, чын ыкластуу мейман сенин дасторконуңду карабайт, көңүлүң үчүн барат.

Алты саатта 14 тамак жейт экен, бул эмне деген ашказан? Колуман келсе алты жолу айлантып Нобель сыйлыгын берет элем. Азыр эки басмаканада иштеп атам, приздин ордуна китептерди коюп атат, галстуктун ордуна “Манастын” он томдугун берип атат. Өзүмдүн тоюмда, Ашым Жакыпбеков биздин агаларыбыз болот, ошондон 25 китеп алып баргам, куда-сөөктөргө, өкүл атасына, жек-жаатарга ошону тараттым. Карачы, эмне деген байлык. Руханий байлыктын башаты ушул да. Көйнөгүң туура келеби, чайнегиң сынып калабы? Китеп деген турат. Кийинки муундар окуйт. Ушундай жакшы жактарга өтүп атабыз. Бул көпчүлүктүн колунда. Биз жакшы идея бергенге аракет кылып атабыз.

Анарбек Усупбаев: Ушул жерден айтып койгум келет кыргыз туугандарыма. Кайсы жерге барсам да байкап турам, аксакалдар сөөк алганда акырын кичүүсүнө берип коет, менин жашыма жет деп тилек кылып коет. Акыркы күндөрү карсаң, жаштарына чейин эркек башы менен жиликти дасторкондон салып алып көтөрүп кетип атат. Мен айтат элем, айланайын туугандар, кыргызда аял киши тилек кылып алат экен, ага уруксат, эркек киши көтөргөнү уят экен.

"Азаттыктын" архивинен: Үйлөнүү тою канча турат?

"Азаттык+" сыналгы берүүсү буга чейинки чыгарылыштарында "Үйлөнүү тоюна канча каражат сарпталат?" деген темага кайрылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG