Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Алдым-жуттумдар саны артып баратат


Кыргызстанга иш сапары менен коррупцияга каршы иш жүргүзгөн эл аралык «Транспэренси Интернэшнл» уюмунун башкаруу кеңешинин төрайымы Угетт Лабель келди. Ал президент Курманбек Бакиев баш болгон бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, коррупция маселеси жаатында пикир алышты. Талдоочулардын баамында, учурдагы бийлик системасы реформаланбай турган болсо, коррупцияны алдын-алууга багытталган түркүн иш-чаралардын пайдасы болбойт.

“Транспэренси интернэшнл” уюмунун эң коррупциялашкан мамлекеттер тизмесинде Кыргызстан 180 мамлекеттин арасында 166-орунда турат. 2003-жылы ушул тизмеде 128-орунда турган Кыргызстан жыл сайын төмөн карай түшүп отуруп, акыры коррупциянын деңгээли боюнча Өзбекстан менен Түркмөнстанга теңелип калды.

“Транспэренси интернэшнл” уюмунун башкаруу кеңешинин төрайымы Угетт Лабелль Кыргызстанга иш-сапары менен келип, өз отчетунда жыл сайын төмөн карай кулап бараткан өлкө жетекчилери менен дал ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Айрым талдоочулардын баамында, мамлекетте олуттуу системалык реформалар иш жүзүнө ашмайынча ар качан болуп келген мындай жолугушуулардан пайда деле болбойт.

Аталган уюмдун тизмеси боюнча Кыргызстан жыл сайын коррупциялашып бараткандыгына тиешелүү бийлик өкүлдөрү кошулбай турушканын айтып келатышат.

Маселен, Кыргызстан коррупция деңгээли боюнча 166-орунга түшүп кеткенине Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Садар Жапаров кошулбасын айткан эле. Анын айтымында, өлкөдө соңку жылдары коррупциянын деңгээли кыйла эле азайды.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, дүйнөдөгү башка абройлуу уюмдардын тизмесинде да Кыргызстан эң коррупциялашкан мамлекеттердин катарында жүрөт:

- Азыр коррупцияны изилдеген эки чоң уюм бар. Алардын бирөөсү “Глобал интэгрити” деп аталат, борбору Вашингтондо. Алардын көрсөткүчү боюнча дагы Кыргызстан артка кетип атат тилекке каршы. Экинчиси жанагы “Транспэренси интернэшнл”. Булардын дагы көрсөткүчү боюнча Кыргызстан артка кетип аткандан кийин биздин жетекчилер ойлонуш керек да. Негизи эл аралык уюмдардын тизмелерди түзгөндө биздин мамлекетти жасалма көтөрүү же ылдый тартууга кызыкчылыктары жок...

Талдоочулардын пикиринде, коррупция менен күрөшүү – комплекстүү иш-чараларды талап кылат. Андыктан мындай өнөкөттү азайтыш үчүн коррупция менен күрөшкөн орган түзүп коюу же бир-эки адамды жазага тарта салуу жетишсиз.

Экономист Талант Кемеловдун баамында, коррупция көйгөйүн тээ мектептерден, бала-бакчаларынан баштабаса болчудай эмес:

- Коррупцияны бир эле бийлик жеңе албайт. Аны менен жалпы коом күрөшүш керек. Аны тээ бала бакчалардан баштап үйрөтүш керек экен. Бир киши келип алып эле аны жоюп жибере албайт. Анда ал жылаңач баатыр болуп калат. Президент өтө таза болуп кеткен күнү деле коомчулук коррупцияны массалык түрдө кабыл албашы керек. Ошондо гана бул көйгөй азаят.

Эл аралык “Транспэренси интернэшнл” уюму дүйнө жүзү боюнча антикоррупциялык тармак түзүп, бул социалдык көйгөйгө каршы күрөшүү аракетин жүргүзөт. Дүйнөнүн 90 мамлекетинде өзүнүн өкүлчүлүктөрүн ачкан уюм жыл сайын дүйнөдөгү коррупция боюнча отчет чыгарып, коррупциянын деңгээлине карата мамлекеттердин тизмесин түзүп келет. Уюмдун акыркы отчетунда Кыргызстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан мамлекеттердин арасында 166-орунга түшүп кеткен.

XS
SM
MD
LG