Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Н.Абдылдаева: “Абактагыларды актай турган тасма жоголду”


Петровка чатагына байланыштуу сот жараяны уланууда. Бул темада “Азаттыкка” “Жашылдар” партиясынын төрага орунбасары Наргиза Абдылдаева маек куруп берди.

“Азаттык”: Сиз Эркин Бөлөкбаев жана Сапар Аргынбаевге байланыштуу сотко катышып, анын жүрүшүнө байкоо салып келатасыз. Бул сот жараяны канчалык деңгээлде мыйзам чегинде өтүп жатат?

Наргиза Абдылдаева: Бул сот мыйзам чегинде өтүп жатат деген бийликке жакыныраак болуп жатат. Ал эми Аргынбаев, Бөлөкбаев, Рыскуловдорго такыр эле каршы болуп жатат. Сот башчысы, прокуратура, ошондой эле бийлик да.

Себебин айтканда, делодон кассета жоголуп жатат. Кассетада 26-27си күндөгү тартылган нерселер бар болчу. Ал кассетада таш ыргыткан, тополоңду баштаган, үйлөрдү талкалаган жаш балдар тартылып калыптыр. Ал эми үч адам айыпталып жаткан, алар такыр эле кассетада жок. Тергөө жүрүп жатканда ошол балдарга кассетаны көрсөтүп, силер эгерде ушул үч адамга каршы чыкпасаңар, силерди бул кассета аркылуу ушул үч адамдын ордуна отургузуп коебуз деген коркутуулар болгон деп айтты.

Эми ушул жаш балдар сот процессинде Аргынбаев, Бөлөкбаев, Рыскуловдорго каршы чыгат. Ошондуктан бул кассета үч адамды айыптабай эле, тескерисинче, актап чыгара турган кассета болгондуктан бул иштен жоголуп жатат. Эми буга сот өзү да көз жумуп атат, прокуратура да жооп бербей атат.

“Азаттык”: Ал эми күбөлөрдүн көрсөтмөсү кандай болуп атат?

Наргиза Абдылдаева: Төртүнчү сот процессинде күбөлөр келип атат, алар жабырлануучулар, ошол 26сы күнү үйлөрү талкаланган, малдары жоголгон, машиналары талкалангандар. Көбүнчө күрд улутундагылдар болуп жатат. Алар келип ар бир жабыркаган адамдар Аргынбаев, Рыскулов, Бөлөкбаевдердин адвокаттары сурап жатышат, “бул адамдарды 26сы күнү көрдүңөр беле, ошол башаламандыкка тиешелери барбы” деп. Үйү талкаланган адамдардын арасынан “көрдүңөр беле” деген суроолорго, “жок, буларды көргөн эмеспиз, булар тууралуу уккан эмеспиз, булар мындайга бара турган адамдар эмес” деген сыяктуу жооптор айтылып жатат.

Ал эми күрд улутунун диаспорасынын башчысы Бөлөкбаев Эркин Касымович тууралуу мындай деп айтты: “Эркин Касымовичтин атасы Касымды жакшы билем, үй-бүлөсүн, ага-инилерин жакшы билем, мындай үй-бүлө мындай ишке барбайт. Сот башталганда мен Бөлөкбаевдин 233-299-беренелери менен айыпталып жатканын угуп абдан таң калдым, була адам мындайга барбайт” деп аябай ишенимдүү айтып кетти.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG