Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

В.Халилов ооруканада, соту кийинкиге жылдырылды


Вугар Халилов “Flexi Communications” компаниясынын жетекчиси
Вугар Халилов “Flexi Communications” компаниясынын жетекчиси

6-июлга белгиленген “Flexi Communications” компаниясынын жетекчиси Вугар Халиловдун кылмыш ишин карачу сот кийинкиге жылдырылды. Антишке 12-апрелден бери Улуттук коопсуздук кызматынын абагында отурган В.Халиловдун ден соолугу начарлап, ооруканага жатып калышы себеп болду.

Кыргызстандын коопсуздук кызматы В.Халиловго мыйзамсыз табылган акчаны адалдоого катышкан, салык төлөөдөн качкандыгы үчүн айып койгон.

Журналист, финансист, ишкер

Британия жараны Вугар Халилов өткөн жылы Кыргызстанга келип “Flexi Communications” компаниясын түзгөн. Жаңы компания келери менен Кыргызстандагы президенттик шайлоодо а кездеги мамлекет башчысы К.Бакиевдин атын чыгаруу максатында иш-аракет жасаган. Президенттин жаңыртылган веб-сайтын мына ушул компания жасап берген.

В.Халилов жетектеген компаниянын пиар кызматынан Евгений Гуревич башкарган “MGN Group”, Михаил Надель жетектеген «Азия Универсал банк» сындуу ири каржылык мекемелер да пайдаланып турушкан. Е.Гуревичке алыскы Италиядан олчойгон айып коюлуп, анын италиялык мафия менен биргеликте ири өлчөмдөгү акчаларды будамайлоого катыштыгы ачыкка чыгып, “MGN Group” компания жетекчиси ушул Бишкекте деле жат көздөн далда жүрүүгө мажбур болуп калган кезде Вугар Халилов ага маалымат жагынан колдоо көрсөтүп, эларалык финансылык көз боемочулукка Е.Гуревичтин эч кандай тиешеси жоктугун айтып чыккан.

В.Халиловдун адвокаты Артем Иванов ага эч негизсиз эле айыптар коюлуп, бийлик алмиашкандан кийин Бишкектен качып кетпеген британиялык ишкерди кандай да болсо жазалоо үчүн абакка отургузуп коюшканын айтат.

- Менимче Вугарга каршы коюлган айыптардын баары ойдон чыгарылган, кандай да болсо айып тагуунун эле аракети. Себеп дегенде кредиттин алынышы, дегеле карыз акча кандай максатта берилген? Ал бизнесин алдыга жылдырыш үчүн коммерциялык кредит алган. Эмерек сатып алуу, офис акысы, кеңсе буюмдарын алыш үчүн пайдаланган. Алынган акчаны мыйзамдуу пайдаланган.

16 миллион сомдук кредит алган Вугар Халиловго Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренеси боюнча арам акчаны адалдоо катышкандыгы, ошондой эле салык төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн айып коюлууда.

Мактоонун март акчасы

Кыйла жылдар ВВС дүйнөлүк кызматында журналист катары иштеп келген Вугар Халиловдун ушу тапта эларалык издөөдө жүрүшкөн Е.Гуревич, М.Бакиев, М.Надель, А.Елисеевдер менен кантип кызматташып калышы азырынча жашырын сыр катары калууда.

А.Иванов айыпталынып жаткан В.Халилов мурунку бийликтин каржылык көз боемочулуктарына тиешеси бар делинген адамдар менен эч кандай ысык ымалада болбогонун, алар менен иш боюнча гана мамиле-катышта болгонун ырастайт.

- Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн даңктоочусу. Бул сөздөр кайдан чыкканын мен билбейм. Мунун баары эч кандай негизсиз. Ал эч качан Е.Гуревичтин оң колу болгон эмес. Ал финансист эмес, журналист.

В.Халиловдун жактоочусунун болжолунда, үч томдон турган кылмыш ишин териштирүү кыйлага созулушу мүмкүн. Мурунку бийликтин каржылык көз боемочулуктарына кайсы бир деңгээлде тиешеси бар компаниянын каржылык ишмердиги камтылган кылмыш ишинин эки томунда белгиленгендерди тактап, аныктап чыгуу кыйла убакытты алары талашсыз.

Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук прокурорунун башкы жарадамчысы, мамлекеттик айыптоочу Бурулбү Көчөрбаеванын айтуусунда, кылмыш ишти териштирүү эми башталат.

- Ишти баштай элекпиз да азыр. Ошондон мен эч нерсе айта албайм. Айыптоо тергөөнүкү. Сотто ал кандай болорун айтыш кыйын. Башка болуп кетиши да мүмкүн. Ар кандай да.

Вугар Халиловдун бир тууганы Азер Халилов жаңыдан башталып аткан соттун кандай жүрүшү тууралуу болжол кура албастыгын билдирүү менен чектелди.

- Укуктук маселелер боюнча эң жакшысы адвокатка кайрылсаңыздар, ошол жакшы билет.

12-апрелден бери абакта жаткан В.Халиловдун ден соолугу начарлап, ушу тапта Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын борборунда күчөтүлгөн күзөт алдында дарыланып жатканын А.Иванов маалымдады. Кийинки сот 13-июлга жылдырылды.

XS
SM
MD
LG