Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

24-март - Кургак учук менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул дата Кыргызстанда да белгиленип, анын алкагында өткөн иш-чаранын негизги максаты - өзгөчө жаштарга кургак учук дарты менен күрөшүү жана алдын-алуу жолдору тууралуу маалымат берүү болду.

Адистердин айтымында, кургак учук дартына чалдыккандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Ага калктын калың катмарынын социалдык абалынын начарлашы жана айлана-чөйрөнүн кирдеши себеп болууда. Бул дартка көбүн эсе жаштардын чалдыгып жатышы өзгөчө тынчсыздандырат.

Маектешибиз Айгүл кургак учук менен 3 ай мурун ооруп калган эле. Айгүл иммунитети начар болгондугунан улам бул дартка чалдыкканын айтты:

- Азыр ооруканага келип дарылануудамын. Келгенден баштап өзүмдү жакшы сезип калдым. Азыркы коомдо бул ооруну бардыгыбыз терс кабыл алабыз. Мен да алгач аябай жаман болгом. Дарылангандан кийин бул ооруну жеңсе болот экен деп калдым. Дарылардын жана доктурлардын күчүнө терең ишенем.

Дарыгерлердин белгилешинче, кургак учук өпкөдө гана учурабай, кишинин бардык органдарында пайда болушу мүмкүн. Эгерде бул дартты өз убагында дарылабаса, анда ал өтүшүп кетип, адамдын өлүмүнө да себепкер болот.

Дарыгер Курманбек Палванов тамак-аштын начардыгы кургак учуктун пайда болушунун бирден бир себеби деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Канчалык тамак-аш начар болсо, ошончолук адам организминде иммундук функциясы төмөн болот. Ошондуктан көп учурда иммундук функциясы төмөн болгондор бул ооруга чалдыгышат. Көбүнчө базарда отургандар көп кабылышат. Кургак учук менен ооругандар дарыланбай жүрө берип, билинбестен башкаларга да жугузушат.

Маалым болгондой, кургак учукту Кохтун бактериясы чакырат. Ал адамдын организмине кирип, иммундук системанын өзгөрүшүнө алып келет. Эгерде кургак учукту жакшылап дарылабаса, ыңгайлуу учуру келгенде бактерия кайра жанданып, оорулуунун өпкөсүндө көбөйүп, организмди ууландырат.
Кургак учуктун белгиси – жөтөл эсептеленет. Үч жумадан ашык жөтөл боло турган болсо сөзсүз дарыгерге кайрылуу зарыл.


2009-жылдын расмий көрсөткүчү боюнча Кыргызстанда 5535 адам кургак учук дартына чалдыккан. Дегеле бул ооруга чалдыккандардын саны өлкө боюнча 1000 адамга 101 адам туура келет. Мындан сырткары кургак учуктан көз жумгандардын саны 2008-жылга салыштырмалуу 8 эсеге кыскарды.

Кургак учук боюнча улуттук борбордун жетекчиси Автандил Алишеров кургак учуктун жайылышына миграция да себепкер болгонун белгиледи:

- Бүгүнкү 101 деген көрсөткүч абдан көп болуп саналат. Себеби Европанын көрсөткүчтөрү боюнча 50дон жогору болсо, эпидемия деп аталат. Демек бизде да эпидемиялык кырдаал бар десем болот. Биздин изилдөөлөр боюнча кургак учук миграциянын эсебинен да көп таркайт. Маселен, 2008-жылдын көрсөткүчү боюнча Орусиядан келген мигранттардын ичинен 240 адам кургак учук менен катталса, 2009-жылкы көрсөткүч боюнча 450 адам кургак учук менен ооруп келген.

Кургак учук айрыкча жаз мезгилинде, адамдын организмине витаминдер жетишсиз болуп, иммунитети начарлаганда күч алат. "Кургак учуктун алгачкы белгилери кандай болот" деген суроо менен дарыгер Тамара Баялиевага кайрылганыбызда, ал мындай деп жооп берди:

- Кургак учуктун белгиси – жөтөл эсептелет. Үч жумадан ашык жөтөл боло турган болсо сөзсүз дарыгерге кайрылуу зарыл. Экинчиден, адамдын алы кетип, эч нерсеге көңүлү келбей калат. Үчүнчүдөн, табити азайып, акырындык менен арыктай баштайт.

Кургак учук менен ооруган бала.
Адистердин ырасташынча, кургак учуктун жайылышына бирден-бир себеп – көпчүлүктүн бул оору тууралуу маалыматы жоктугунда. Көпчүлүк жөнөкөй эрежелерди да унутта калтырып келет.

Мисалы, сырттан үйгө келгенден кийин сөзсүз колду таза жууп, ошондой эле өз убагында жана туура тамактанып, иммунитеттин начарлашына жол бербөө керек. “Азаттыктын” сурамжылоосуна катышкан жаштар кургак учук тууралуу толук маалыматка ээ болбогондорун жашырышкан жок:
Канчалык тамак-аш начар болсо, ошончолук адам организминде иммундук функциясы төмөн болот.


1. Бүгүн кургак учук менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү экенин билген эмесмин. Мурда деле билчү эмесмин.

2. Кургак учук жөнүндө көп угам. Кээде автобус, маршруттарга да түшкөндөн корком.

3. Жакшы тамактануу менен гана кургак учукту алдын алса болот деп уккам.

4. Мен ойлойм, абакта отуруп чыккандардан көп жугат.

Учурда жер шаары боюнча кургак учук менен 20 миллионго жакын адам ооруйт. Ал эми бир оорулуу бир жылда 100гө жакын адамга бул илдетти жугузуп турат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кургак учуктан толук айыгууга болот. Себеби ал үчүн дары-дармектер да, керектүү аппараттар да жетиштүү. Эгерде оорулуулар ооруканага канчалык эрте кайрылышса, ошончолук тез убакытта биротоло сакайууга болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG