Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:00

Беш жылдыктын суроосу: ыңкылап болду беле?


Март ыңкылабынан 5 жылдыгына арналган илимий жыйын, Бишкек, 2010-жылдын 19-марты.

Март ыңкылабынан 5 жылдыгына арналган илимий жыйын, Бишкек, 2010-жылдын 19-марты.

Мындан беш жыл илгерки март окуялары бийлик алмашуусубу, элдик ыңкылаппы, кансарай кутумчулугубу? Бишкекте өткөн республикалык илимий жыйында мына ушул суроолордун айланасында кызуу талкуу жүрдү.

Элдин көкөйүнө көк таштай тийген бийликти мындан 5 жыл илгери алмаштыруунун натыйжасы кандай болду?

Убадалар кана?
Эгерде биз ыңкылаптын 9 эрежесин толук аткарганыбызда биздин тарыхый абалыбыз алда канча башкачараак болмок... К. Исаев

Профессор Кусейин Исаев март ыңкылабынын 5 жылдыгына арналган илимий жыйында сөз сүйлөөдө, 2010-жылдын 19-марты.
Илимий чоң жыйынга чейин эле 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларды элдик ыңкылап катары сыпаттоо аркыл пикирлерди жаратып келген. Антишке мамлекет менен өкмөт башчыларынын экөө тең бир күндө өлкөнү таштап качып кетиши, бош калган орунду ээлеген жаңы бийликтин эл алдында берген убадаларынын ишке ашпай калышы себеп болду окшойт.

Өкмөт өкүлдөрү менен илимпоздор чогулган чоң жыйында белгилүү мударис Кусейин Исаев элдик нааразылыкты жараткан маселелер чечилбей калганын ачык эле айтты.

- Эгерде биз ыңкылаптын 9 эрежесин толук аткарганыбызда биздин тарыхый ахывалыбыз алда канча башкачараак болмок. Мына мен сиздерге айтып берейин. Президенттин ант берүүсү ыңкылап жеңгенден беш жарым айдан кийин болду. Өкмөттүн курулушу сегиз жарым айдан кийин болду. Эгер биз ыңкылаптын мыйзамын аткарган болсок биринчи Жогорку Кеңеш тарасын! Экинчиден, Конституциянын иштеши убактылуу токтосун! Үчүнчүдөн, эларалык келишимдердин баары толук сакталат. Төртүнчүдөн, 3 айдын ичинде Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрөбүз деп, Элдик кыймылдын координациялык кеңеши милдетин алыш керек болчу. Тилекке каршы, андай болбой калды.

К.Исаев президент шайлангандан аз өтпөй Элдик кыймыл жетекчилери жыйын чакырып бийликке жетишкенин айтуу менен чектелишкенин сынга алды. Ыңкылап алдындагы максат-милдеттерди азыркы бийлик аягына чыгарышы керектигин ырастады.
Жыйындын жүрүшүнөн

Ыңкылап болгон, эй

24-марттагы окуяларды мамлекеттик төңкөрүш катары баалоо туура эместигин профессор Айнура Арзыматова белгиледи. Анын ырасташынча, ыңкылаптын максат-милдеттеринин ишке ашышы кыйла убакытты талап кылат. Ошондон ыңкылаптан кийинки 5 жыл ичинде эч кандай өзгөрүүлөр болбоду деш туура эмес.
Профессор Айнура Арзыматова март ыңкылабынын 5 жылдыгына арналган илимий жыйында сөз сүйлөөдө.

- "Бийлик жүгү" деген түшүнүк бар. Анын ичине жалаң эле мансап сөөлөтү эмес, чоң жоопкерчилик, өлкөнүн ар бир жаранынын тынчтыгы менен бейпилдигин камсыз кылуу жоопкерчилиги да кирет. Президент миллиондогон адамдардын тынч жашоосун камсыз кылууну биринчи орунга, жекече коопсуздугун экинчи орунга коюшу керек.

Профессор Аалыбек Акунов да 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларды Кыргызстандагы элдик ыңкылап катары сыпаттагандарга кошулат.

- Революциялардын “2 Х 2 = 4” дегендей бир формуласы жок. Ар бир өлкөдө революция болгондо анын өзгөчөлүктөрү болот. Бирок негизги шарттары бар. Ошол объективдүү шарттарын, субъективдүү өбөлгөлөрүн эске алганда биз муну элдик же демократиялык революция деп айтканга толук негиз бар.

17-марттагы Элдик курултай катышуучулары бийлик мындан беш жыл илгерки убадаларынан тайып, башкаруу ушул калыбында улана берсе “ар бир аймакта эл бийлигин калыбына келтирүү маселесин чечүү” укугун пайдаланышарын эскерткен. Өкмөт башчынын биринчи орунбасары Акылбек Жапаров антип өктөм талап койбой, тараптар ортолук маселелерди сүйлөшүп чечиши зарыл экенин билдирди.
Биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров март ыңкылабынын 5 жылдыгына арналган илимий жыйнда сөз сүйлөөдө.

- Бийлик деген элге кызмат кылуунун инструментарийи. Анан бийликке келем дегендер дагы, бийликте отургандар дагы элди биринчи астыга кое турган болсо анда биригип, кыргыз элинин тынчтык жашоосун ойлоно турган болсок, анда биз бириге турган платформа бар. “Жок, мен президент болгондон кийин силерди жыргатам, калгандын баары акмак”, дей берсе ошо кишини шайлап ала турган кишилер да көрсүн. Анткени ошол кишилердин арасында дагы премьер болгондор бар. “Бүгүн премьер бол”, десе жүгүрүп премьер боло кала тургандар да бар.

Элдик ыңкылаптын 5 жылдыгы алдында өлкөдө нааразылык күчөп, көпчүлүк катышкан көчө жыйындар көбөйүүдө, алар да куушуп өтчү курултайлар менен коштолууда. 5 жылда Конституция 4 ирет өзгөртүлүп, анын натыйжасы үй-бүлөлүк башкаруунун терең тамырлашына алып келгенден башкага жарабаганы 17-марттагы Элдик курултайда байма-бай айтылып турду. 5 жылдык мааракенин кейпи ушул.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG