Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

Мындан беш жыл илгерки Март окуялары ушу кезге чейин талаштан башы чыкпай келатат. Айрымдар аны “Жоогазын ыңкылабы” , “Элдик көтөрүлүш”, башкалар бийликти басып алуу, төңкөрүш деп аташат.

Өкмөт башчынын биринчи орунбасары Акылбек Жапаров ал окуяларга өзү аралашып, ыңкылапчылардын штабын жетектеген.

Айтканды укпаган А.Акаев

- 2005-жылдын 24-мартындагы окуялар сиздин жадыңызга жат деле болуп калган болуш керек. Ошол окуянын кандай башталганын, кандай өткөнүн айта кетесизби? Анан ушуга улай дагы бир суроо, Акүй алынган чакта а кездеги элдик кыймыл жетекчиси К.Бакиев тамак ичип отурганын айтышат, ошондой болду беле?

Акылбек Жапаров: - 23-мартта он эки жарымда тарадык. Киев көчөсүндө координациялык кеңештин штабы бар эле. Жакшы маанай менен тарадык. Анткени Алмаз Атамбаев жетектеген социал-демократтардын штабы менен биригип, ал кыймылдын теңтөрагасы болду. Курманбек Бакиев төрага болчу. Эки штаб биригип, анын штаб жетекчисине мен шайланып, элдин толкунун бийлик токтото албасын түшүндүк. Бирок ошол кезде президент өлкөсүн таштап алып качып кетет деген он уктаса түшүбүзгө да келген эмес. Муну илимпоздор да изилдеп көрүшөр. Ал кишинин ата-тегин да изилдеп атышат. Эмне үчүн эли-жерин таштап качканына тарых өзүнчө баа берер. Бирок биздин максат тынч жыйын өткөрүп, дарбазалардын жанына боз үйлөрдү тигип алып, президентти сүйлөшүүлөргө чакыруу, анын үчүнчү мөөнөт президенттиик шайлоого барбай турган убадасын алып, Н.Танаевдин өкмөтүн отставкага кетирүү болчу. Анан эл ишене турган өкмөт түзүлсө күздө октябрда болчу шайлоого камданабыз, деген үмүт менен 24-мартка даярданганбыз. Эртең менен эрте Ж.Назаралиевдин борборунун алдына чогула баштадык. Анткени келгендердин көпчүлүгү Кочкордон болчу. Менин апам эле кичи автобустар менен 836 адамды Кочкордон бул жакка жиберген. Билесиздер Кочкордогу шайлоодо 16 миң киши баарына каршы дегенди чийип, демократия тарыхында болбогон кадамды жасашкан. Бул шайлоого келгендердин 63% көбү болчу. Анда элдин деми күчтүү болчу.

- Ж.Назаралиевдин медициналык борборунун жанына топтолуунун себебине токтоло кетсеңиз.

Акылбек Жапаров: - Мен өзүм жаңы автовокзалдын жанында жашачумун. Чогулган элге эгерде күч колдонуша турган болсо Ж.Назаралиевдин борборуна кирип кетип, үйлөрдүн арасы менен автовокзал жакка качып кетишке болмок. Биз штабдан ошону ойлодук. Эртең менен сегизде ал жерге чогулдук. Ж.Назаралиевге ырахмат! Ал бийликтен коркпой эле бизге бүт шарттарды түзүп берди. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. 23-мартта күндүзү он эки жарымда тарагандан кийин К.Бакиевдин уруксаты менен а кездеги Коргоо министри Э.Топоев, коопсуздук кызмат жетекчиси К.Иманкулов анан депутат М.Малабаев менен жолуктум. Алар Коргоо министрлигинин ичинде сүйлөшөлү деди. Макул болуп ал жерге келгенибизде саат бирден өтүп калган экен. «Элди кантип токтото аласыңар?» дешти эле мен токтото албашыбызды айтып, бирок президент эл алдына чыгып үчүнчү мөөнткө шайлоого барбай турганын билдирип, шайлоонун таза өтүшүнө жардам бере турганын ырастап, 15 – 18 округда кайра шайлоо жүрүшүнө кепилдик бере аларын убада кылса биз аны өзүбүздүн штабга алып чыгарыбызды айттым. Анан Э.Топоев барып «ВЧны» алып телефон чалды эле аны кошпой коюшту. Андан кийин СНБ төрагасы К.Иманкулов А.Акаев менен сүйлөшөйүн деди эле байланыштырышты. Ал киши жагдайды түшүндүрүп, «биздин маалыматтар боюнча эки колонна чыккан жатат, эл көбөйүп жатат, шаардыктардын көпчүлүгү колдоп кеткидей, ошондуктан бүгүн мени кабыл алыңыз», деп айтты. Жанагындай суроолорду сизге айтып берейин деди.

- Сизди кошкон жокпу?

Акылбек Жапаров: - Жок, кошкон жок. Үчөөбүзгө угулгудай кылып ал телефонду көрсөтүп атты. Ары жактан кыйкырык-өкүрүктөр болуп атты. «Ушу голодранецтердин колунан эчтеке келбейт. Бул генералдар предателдер. Обстановка под контролем. «Отец» деп атыштыбы, «атаке» деп атыштыбы билбейм, не надо с ними разговаривать» деп атышты. Анан президент А.Акаев: «Силер, эмне паника кылып атасыңар. Эртең тогуз жарымда жумушка барам, ошондо мага келесиңер» деп жолукпай койду. Мына ошондон кийин мен кыймылдын жетекчиси К.Бакиевге телефон чалып айттым. «Булардыкы болбойт экен. Эртеңден баштап Кудай деп чыга берели. Мен эртеңден баштап тиги жерде болом» деп саат бешке чейин бир туугандарым менен чогуу элдин санын тактап, алардан каяктан келерин, кандай аракеттерди жасарын тактап жүрдүк. Анан эртең менен сегизден баштап эл топтоло баштады. Анан элдин саны 5 000 ашкандан кийин Кудай деп аянтты көздөй жөнөдүк.

"Акүйдү басып алабыз деген ой такыр жок эле"

- Ак үйгө кандай жол менен барууну чечтиңиздер?

Акылбек Жапаров:
- Биздин бүт сценарийди, теңибиз КТРди алабыз, калганыбыз аянтка барабыз деген кабарды атайын тараттыргам. Ошонүчүн КТРдин жанына БТРлерди коюп, катуу тосуп калышыптыр. Анан ошонун жанынан өтүп баратканда Азимбек Бекназаровго: «Азим байке, оңго бурул, чоң проспект менен кетебиз», дедим. «Эмнеге, эмнеге?» дейт. «Ошол чоң проспектке чыгып алсак бизди эч ким атпайт. КТРдин кереги жок» деп оң жакка бурулуп өтүп кеттик. Солдаттар ошол КТРдин тегерегинде кала беришти. Анан биз чоң жолго чыгып алгандан кийин студенттер, элдер кошулуп көпчүлүк менен Ак үйдү көздөй кете бердик. Дагы бир жолу айтайын, ал Акүйдү басып алабыз деген ой такыр жок эле. Бирок ошондо эртең менен айттык. Аябай сак болбосок болбойт дегенбиз. Бул бийлик деген провокацияларга барууга даяр экен деп бизге маалыматтар келген. Ошол органдарда да бизге жан тарткан кишилер бар эле. Алар келип айтышты, «ак кепкачандар даярдалып жатат. Түнү менен шаардагы дүкөндөр тонолот. Аны шылтоо кылып коменданттык саат киргизилип, баарыңарды камайт, баарыңарды атат» дешкен. Биз өзүбүдүн арабызды бекемдеп, ар бирибиз ким эмнелерге жооптуу экенин тактап, кайсы жерге боз үйлөр тигилет, талап-тоноолорго жол бербейбиз деп келгенбиз. Андайга жол бербейбиз, кыйынчылыктарга моюн бербейбиз, деп аракет жасаганбыз. Тилекке каршы, жанагы ак шапкечендер чабуул коюп, таш атып, калкан-салкандарын даярдап алышкан экен, бирок эл деген эл экен. Элдин агымы, сүрү кыйын да. Аскерлер өздөрү провокация жасашты. Анан элди таш бараңга ала баштагандан кийин эл агып барып эле Ак үйгө кирип кетти. Сел да. Мына өзүмдүн Азат деген инимдин буту сынып ошол күнү ооруканага түштү. Далай киши тепки жеди ошол күнү. Мен Ак үйдүн жанында элди жыйынга чогултуп жатсам таш бараңга алып ийишпедиби. Ошондо Топчубек акем жүгүргөн бойдон келатат. «Э, Топчубек аке, эмне?» десем, «артыбыздан таш менен кууп келатат» дейт. Карасам ак шапкечендер кууп келатышат. Бизде да оңой эмес балдар бар болчу. Алар дагы чыгып, каршылаша түштү да, бирден-бирден кармап, эсине келтирип артына айдадык. Анан бир он - он экидей атчан милиция чыга калды эле Кочкордон келген жигиттер атчанды кантип алыштын ыкмасын билишет. Алдыга өткөрүп жиберип, артындагысын таш менен урса жыгылып калды, ал деле жаш бала да. Анан атка секирип минди да канында бар эмеспи, эмнеге артка кетебиз деп элди сүрөп, көпчүлүк сүр менен Ак үйгө кирип кетпедикпи. Бирок мунун баары эбепке себеп да, баары Кудайдан болот экен. Мен муну түшүнүп келатам. Мына жума намазга барайын деп атам. Элди башкарганга келгенде да Кудай коет экен. Алып кетерде болсо алыстан баштайт экен. Акылдуу, билимдүү деген президент элге чыгып койгондо мынчалык жаңжал да болбойт беле, дейм да.

- Акылбек мырза, сиз жетектеген штаб келген элдин тамагын уюштуруу, аларды күтүп алууну кандай даярдады эле?

Акылбек Жапаров: - Анын баары биздин моюнда болду. Кемчиликтер да болду. Мынчалык көп эл келет деп ойлогон эмеспиз. Менин бир тууганым элге суу ташып келгенге үлгүрбөй калды. 30 миң, 50 миңдей киши аянтка чогулуп 4 КамАЗ суу көз ирмемчеликте жок болду. Келген элди жер-жерлер боюнча жайгаштырып, алардын тамак-ашын кантип уюштурууну штабда эсептеп чыкканбыз. Менин Кытайда окуган Максат деген уулум жанымда жүрдү. Бир жагында 300 миң сом, бир жагында 10 миң, 20 миң долларды салып алып жүрдү. Штабда колунан келген да, келбеген да кишилер жүрдү. Анын айта турганы, айтпай сыр кылып сактап койчусу да бар.

- Кандай тамак берели дедиңиздер эле?

Акылбек Жапаров: - Биз аны бөлүштүрүп койгонбуз. Ар бир 100 кишиге, 50 кишиге жоопкер адамдар бар болчу. Аны биз ойлонуштурганбыз. Кочкордо 8 миң ашуун киши чыкканда алдастап эле калганбыз. Кочкор боюнча нан жок болуп калды. Бирок бир күндөн кийин келген адамдар өзү менен өзү болуп, уюшулуп калышат экен. Биздин биринчи, экинчи күнгө эсебибиз бар эле. Ошо жумуштар жасалмак. Ал эми жанагы тамак жеди-жебеди, деп айтып жүргөн кишилер, алардын өзүнүн мойнунда болсун. Анткени ал кишилердин көбү штабда болгон эмес, сүйлөшүп да турган эмес. Анан ушундай сөздөрдү айтып атышат. Биз ар бир жарым саат сайын а киши менен телефон аркылуу дагы, кат аркылуу дагы байланышып турдук. Биз күткөн эмеспиз, эл Ак үйгө кирип кетип калат деп. Биз «Курманбек Салиевич, келбесеңиз болбойт» деп ошо Азимбек Бекназаров экөөбүз турганыбыз эсимде. Кыймылдын башында турган киши, президент качып кеткенден кийин айттык. Мындай толкунду токтото ала турган, мындай кыймылды башкара ала турган киши керек. А.Бекназаров тамашалап: «Мен орусча жакшы билбейм, сен тыңырааксың, көтөрүп алып кирбейлиби» деди. Мен ошол жерде деле айттым. «Мынчалык элди касиеттүү бирөө алып кетпесе, азыр жакшысы дагы болот, жаманы дагы болот, кан төгүлүп кетиши мүмкүн» дедим. Мына ошол Ак үйгө кирип кеткенден кийин эле 6 – 7-кабатты тазалап бүттүк. Азимбек Бекназаров менен чогуу жүрдүк. Андан кийин К.Бакиевге айткандан кийин эле келди. Мына Кудай буюрса андан кийин 5 жыл болду. Экономикада жаман болгон жок. 14 жыл ичинде коммунисттерден калган, Советтер Союзу тушунда курулган, Кудай берген мүлктөрдү талкалап, жок дегенде уяң жүндүү койлорубузду сактай албай, 14 жыл адашып жүргөн экенбиз. Мына 5 жылдан бери экономикабызда түздөнүү, алдыга жылууга шарттар түзүлдү. Мына ушул үчүн 2008-2009-жылы экономикалык кризис болобу деп Кудай ошол революцияны кылганбы деп ойлоп кетем. Алар бийликтен кетпей калса 2008-жылда кыргыз далай кыйынчылыкты башынан өткөзмөк экен.

- Акылбек мырза, маегиңиз үчүн чоң ырахмат! Ишиңиз ийгиликтүү болсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG