Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Жалал-Абад азыр ыңкылап борбору эмес


2005-жылдагы элдик толкундоолор
2005-жылдагы элдик толкундоолор

24-мартта ыңкылаптын беш жылдыгы анын баштапкы очогу болгон Жалал-Абадда белгиленди. Ыңкылаптын катышуучуларынын пикири боюнча бийлик беш жыл мурдагы убадаларын аткарбады. Үй-бүлөлүк башкаруу кулаган жок. Бүгүн 2005-жылдагыдай күн сайын облбийлик алдында нааразылык иш чарасын өткөрүү мүмкүн эмес. Бийлик экс-президенттин тушундагы кызматкерлерден арылбай, демократиялык баалуулуктар артка кетүүдө.

Ыңкылап майрамы облустук “Курманбек” стадионунда белгиленди. Майрамдын катышуучуларын жергиликтүү бийлик башчылар менен ыңкылапка бараандуу үлүш кошкон деп эсептелген адамдар ( облустун мурунку губернатору Ж. Жээнбеков, Кыргызстандын Пакистандагы ыйгарым укуктуу элчиси Б. Асанов, Жалал- Абад шаар башчысы Т. Акамбаева, губернатор К. Масиров) куттукташты.

Ыңкылап 2005-жылдагы парламенттик шайлоодогу нааразылыктан улам келип чыккан. Беш жыл мурдагы кырдаалды ушинтип мүнөздөгөн губернатор Кошбай Масиров Жалал- Абад облусу ыңкылап очогу бойдон кала берерин белгиледи. Анткени, жергиликтүү бийлик элдин көйгөйлөрүн угуп, нааразылык иш- чарасын өткөрөм дегендерге тоскоолдук кылган жок.

Беш жыл мурда экс-президенттин бийлигине нааразы болгон 300гө жакын адам областтык бийликти басып алган. 2005- жылдын 4- мартынан 25- мартына дейре алардан сырткары миңдеген кишилер азыркы Эркиндик аянтында күн сайын саясий акцияларды өткөрүп турушкан.

Ошондо облбийликти ээлегендердин өкүлү Төрөкан Алимов ушу тапта облус ыңкылап бешигине айланбаганын айтат. Азыр бийликке нааразы адамдар мурдагыдай жергиликтүү бийлик имаратынын маңдайында каалаган убакта митинг-пикет өткөрө албайт. Нааразылык иш чара өткөрүүгө көздөн далдаа, элден окчун жай бөлүштүрүлгөн.

Бийлик ыңкылаптагы убадасын аткарбады, менчиктештирилген жайлар мамлекетке кайтарылбай, экс-президенттин тушундагы кызматкерлер бийликтен кеткен жок. Революциялык үмүт-максаттар, идеялар толугу менен ишке ашпай калды. Учурда демократиялык баалуулуктар жоюлуп, адам укугу, сөз эркиндиги артка кетти, - дейт республикалык элдик кеңештин облустагы төрагасы Төрөкан Алимов.

Т. Алимовдун жүйөөсүн Жалал-Абад шаарынын мэри Тилек Акамбаев четке какты. Көп жылдан бери жетекчилик кызматта жүргөн шаар башчы президенттин бир туугандары ишине кийлигишпей, кайра элдин социалдык талабын аткарууга үлүш кошуп келаткандыгына күбө экенин билдирди.

2005-жылы 20- мартта бийлик маңдайындагы элди кууп тараткан милиция областтык акимчиликти ээлеген адамдарды жабык автоунаага жүктөп, бир бөлүгүн Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө, экинчи машинадагыларды Базар-Коргон районуна алпарып камаган.

Үчүнчү автоунаа менен Майлуу- Суу шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, сурак бергендердин арасында Арапбай Ураимов да болгон. Анын оюнда ыңкылаптын чыгуусуна, анын бешиги болуусуна облуста жагдай жок, себеби турмуш оңолууда, социалдык – экономикалык кырдаал жакшырды, бардык тармакка тегиз көңүл бурулганда, нааразылык иш чарасын өткөрүү туура эмес, деп эсептеген Арапбай Ураимов чыныгы ыңкылапчылар бааланбай калганына нааразы болду.

Жалалaбаддыктарды ыңкылап майрамы менен куттуктаган Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Бектур Асанов кыйын кырдаал түзүлгөндө мамлекет башчы оппозицияны да эстен чыгарбай, элдин эркине баш ийүүсү зарыл экендигин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG