Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Кыргызстан-Түркия: билим тармагындагы кызматташтык


Түркияда билим алган кыргызстандык студенттер.
Түркияда билим алган кыргызстандык студенттер.

Бишкектеги кыргыз-түрк кыздар лицейи жаңы окуу жылында 50 кыргыз кызын кабыл алды. Түркия менен Кыргызстандын билим берүү кызматташтыгы, эл агартуу көйгөйлөрү тууралуу аталган лицейдин жетекчиси Хасан Дурсун "Азаттыкка" маек курду.

- 2010-жылдагы окуу жылы башталды. Бул жылды кыргыз-түрк кыздар лицейи кандай даярдык менен баштады?

Хасан Дурсун: Жаңы билим берүү жылы үчүн ашкана, жатакана, сабактар - бардык шарттар түзүлдү. Жаңы мугалимдер келди. Эч бир проблема жок.

- Быйыл канча кыз кабыл алдыңар, канча кыз окуйт?

Хасан Дурсун: Жыл сайын биз сынак менен 50 кыз кабыл алабыз. Ар бир жылы марттын аягында гезит, журнал, радио аркылуу элге билдиребиз, апрелдин аягына чейин бизге документин тапшырат, майдын аягында экзамен болот. Бул сынак боюнча жыл сайын 50 окуучу кызды лицейге кабыл алабыз, эмне болсо баарын бекер беребиз, эч кандай көйгөйлүү маселелер жок. Алыс жерден келгендер үчүн жатаканабыз бар.

- Сиздердин окуу жайды бүткөн кыздар да билимин өркүндөтүү үчүн кайсы окуу жайларга тапшырышат?

Хасан Дурсун: Биздин лицейибизди бүтүргөн кыздар кааласа Түркияга барышы мүмкүн. Ал өлкөгө барганда да Түркия өкмөтү тарабынан бүт бардык акчасы төлөнөт, кааласа компьютер жана тигүү бөлүмү боюнча Түркиядагы бардык университеттерде окушу мүмкүн.

- Мындан сырткары Кыргыз-Түрк "Манас" университетине да кабыл алынышы мүмкүнбү?

Хасан Дурсун: Кабыл алынышы мүмкүн. Бул жакта кааласа "Манас", же "Ата-Түрк Ала-Тоо" университеттеринде алардын сынак беришине жеңилдиктер болот, документ тапшырышы керек. Түркиядагы университеттерде экзамен болбойт, кааласа Түркияга барып окуйт.

- Канча жылдан бери кыздар кесиптик лицейи иштеп, анан канча окуучу билим алып тарбияланып чыкты?

Хасан Дурсун: 1993-жылы лицейибизде билим берүү башталды. Бул жылы 17 жыл болду. Өткөн жылы 15-бүтүрүүчүлөр окуп чыгышты. Жыл сайын 35, же 40 бүтүрүүчүлөр бүтүрүп кетет. Булар чогуу Түркияга барат, ал жактан билим алат, бирөө Түркияда калып жашашы мүмкүн, чогуу кайра Кыргызстанга келип жашайт. Биз алар менен жыл сайын көрүшөбүз. Түркияга барып келгенде лицейибизге келип азыркы окуучуларга маалымат беришет.

- Түркиядан канча мугалим келип иштеп атышат?

Хасан Дурсун: Азыр лицейибизде 20 мугалим иштейт, булардын он төртү Түркиядан келген мугалимдер, алтоо кыргыз тарабынан берилген мугалимдер. Түркиядан келген мугалимдер бул жакта 5 жыл иштейт, 5 жылдан кийин кайра Түркияга барат, башка жаңы мугалимдер келет. Өткөн жылы 5 мугалим Түркияга кетти, келишим боюнча иштөө убактысы бүттү. Буйруса сентябрдын биринчи жумасында жаңы 5 мугалим келет.

- Кыздарга кайсы багыттар боюнча билим бересиздер?

Хасан Дурсун: Алгач даярдоо класстан кийин үч жыл, бардыгы 4 жыл окуу болот. Даярдоо класста англис тили, түрк тили жана маданият сабактары бар. Даярдоо классын бүтүргөн кыздар кесибин тандайт. Биздин лицейде эки кесип бар, биринчиси – компьютер бөлүмү, экинчиси – тигүү бөлүмү. Эки бөлүмгө 25 окуучу кыздардан кабыл алабыз.

- Ошол окуучулардын жатаканасы, тамак-ашы бекерби?

Хасан Дурсун: Баары бекер. Биздин жатаканабызда 82 окуучу жашайт. Жатакана тар болууда. Кыргыз өкмөтү тарабынан башка жер, имарат берилсе биз көп окуучу кабыл алат элек. Бирок азырынча №4 техника лицейинин жатаканасынын экинчи кабаты бизге убактылуу ижарага берилип жүрөт. Ошондуктан жер жетпейт. Биз жыл сайын 82 окуучубузду жатаканабызда жаткырып тарбиялайбыз. Киймин, тамак-ашын, эмне керек болсо баарын бекер беребиз.

- Сиздерде чечилбей аткан эмне көйгөйлүү маселе бар?

Хасан Дурсун: Билим берүү боюнча эч проблемабыз жок. Мугалимдерибиз үчүн Бишкекте жашоо кымбат. Түркияга учак менен барыш-келиш мугалимдер жана үй-бүлөлөрүнө кымбатка турууда. Ошондуктан Түркиядан мугалимдер Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга барып, иштөөнү каалайт. Кыргызстан аларга кымбатчылыкка турууда. Бишкектен түркиялыктарга жашоо үчүн ижарага турак үйлөр кымбатка табылууда. Чет өлкөдөн келген адамдар үчүн аябай кымбат сурашат. Азыр үч бөлмөдөн турган бир турак үй үчүн 400 доллар ай сайын төлөп жатабыз. Бир мугалим учак менен үй-бүлөсү менен Түркияга барып келишине 2,5 – 3 миң доллар каражат кетет. Мугалимдер үчүн да колдон келген жардамдарды берип, окуучуларга да жакшы шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз.
XS
SM
MD
LG