Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Сириядагы кубаттуу куралдуу топ Казакстандагы сүйлөшүүгө катышпасын билдирди


Сириянын өкмөттүк аскерлери.
Сириянын өкмөттүк аскерлери.

Ахрар аль-Шам тобу Астанага 23-февралга белгиленген сүйлөшүүгө катышпасын 18-январда социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады. Бирок ал Орусия, Түркия жана Ирандын ортомчулугу астында боло турган сүйлөшүүлөрдө “улуттун кызыкчылыгына туура келген ар кандай чечимдерди” колдорун белгилеген.

Сириядагы башка куралдуу топтор Астана сүйлөшүүсүнө катышмакчы. Орусия жана Түркиянын ортомчулугу астында декабрь айынын соңунда жарыяланган ок атууну токтотуу келишими кагылышууларды азайтып, бирок аларды биротоло токтото албады. Ахрар аль-Шам алардын ээлеген позициясы Сирия жана Орусиянын аскерий аракеттерине каршы турууну улантуу жана куралдуу топтор арасында бөлүнүп-жарылууну кыскартуу максатына байланыштуу экенин белгилеген.

Ахрар аль-Шам Түркия жана АКШ колдогон сунний топтор жана аль-Каида менен байланышкан Жебхат аль-Нусра менен жакшы байланышта болууну көздөйт. Бирок ал “Ислам мамлекетин” колдобойт. Орусия жана Түркия ортомчулугу астында жетишилген ок атууну токтотуу келишими Жебхат аль-Нусра жана “Ислам мамлекети” террордук уюмдарына тарабайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG