Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:59

Т. Табылдиев: “Конституция долбоорунда премъер-министрдин колу-буту тушалуу...”


Белгилүү мамлекеттик ишмер, Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин статс-катчысы Тынычбек Табылдыев сунушталган Конституция долбоорунда кайрадан иштеп чыга турган бир катар беренелер бар экендигин баса белгиледи.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, Конституция долбоору жөнүндө сөз күчөгөндөн бери эле Кыргызстан парламенттик республика болуш керекпи же президенттик республика болуш керекпи деген маселе айлампадай кайра-кайра айланууда?

Тынычбек Табылдиев: Маселени ушундай койгондун өзү өтө ыңгайсыз болуп атат адамдар үчүн. Кыргызстандын буга чейинки эки президентинин жасаган иштери элдин көңүлүн таптакыр кайт кылып салды. Кой, президенттик деген эң жаман экен дейт азыр ким болбосун. Бирок, кичине артка кайрылып, азыркы менен салыштырып карай турган болсок, чо-оң айырма болуп атат. Ошол эки президент тең бийликке келип алып анан баш мыйзам жаздырышкан. Эки механизм менен алар баарысын өзүлөрүнө тууралап, өзүлөрүнө буруп алышкан. Азыркы баш мыйзамда ошол ачкычтар, мындайча айтканда, алынып атат.

Мына караңыздар, келе турган президент баш мыйзам жазып атканда катышкан жок, анын жетекчилиги менен жазылган жок, конституциялык кеңешмени ал түзгөн жок. Бул бир. Экинчиси, референдум жарыялаганга кийинки президенттин укугу жок азыр. Анан дагы, президент азыр бир эле мөөнөткө шайланып атат. Конституциялык соттун жоюлушу дагы эң туура болду. Биз турмушта көрдүк да, эч кандай элге анын пайдасы болгон жок. Ушул механизмдердин негизинде азыркы шайлана турган президент мурдагылардай өзүм билемдик кылып, элди көзгө илбей, балдары жана үй-бүлөсү менен бардыгын башкара албайт. Себеби, бийликтин балансы азыр сакталып, ага жол бербейт.

“Азаттык”: Ал эми Кыргызстандын партиялык тизме менен шайлануучу парламентине толук ишенүүгү болобу азыр?

Тынычбек Табылдиев: Парламентти да көрбөдүкпү. Азыркы биздин шартта аты белгилүү партиялык ишмерлерден жыйырма кишини атай алабызбы? Мыйзам чыгарганга жөндөмдүү жыйырма кишини? Эгемендүүлүктүн 15-20 жылында ошондой адистер даярдалдыбы? Менимче, ишке караганда саясат көбүрөөк болуп келди. Мыйзамдын ар бирин карасаңыз – алынгандан эки айдан кийин эле кайра өзгөртүүлөр киргизилет. Бул деген эмне? Бул деген – баягы професионалдар албаган, жакшы изилденбеген мыйзамдар кабыл алынгандыгы. Кайра-кайра өзгөртүү киргизилип, акырында эмне деген редакциядагы мыйзам экендигин да билбей калдык.

“Азаттык”: Кеп учугун саясий партияларга бурсаңыз?

Тынычбек Табылдиев: Кыргызстандын саясий партияларынын ишмердүүлүк багыттарын, позицияларын калк азырынча билбейт. Бул партиянын идеясы мындай, тиги партиянын идеясы тигиндей, ал партиянын мындай максаттары бар деп кыргызстандыктар айта албайт жакынкы күндөрдө. Маселен, ошол эле Америкада, ошол эле Европада таптакыр башкача да бул маселелер. Кайсы партия жеңип келатса эле, чет өлкөлүк саясий серепчилер айтып коёт, бул мамлекетте эмки беш жылдыкта мындай саясат болот деп. Себеби, ошол эле Германиядагы социал-демократтардын позициясы мындай, Англиядагы консерваторлордуку андай, Америкадагы республикачылардын саясаты тигиндей.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, “Германиядагы социал-демократтар мындай, Англиядагы консерваторлор андай” деп айтып атпайсызбы. Ошо партиялардын позициялары кандай экендигин бир өлкөнүн мисалында сүрөттөп айта кетсеңиз – сөзүңүз далилдүү болгону турат?

Тынычбек Табылдиев: Мисалы үчүн, Америкада республикачылар партиясы либералдык саясат кылат, бай адамдарды колдойт. Ошол бай адамдардан көбүрөөк салык түшүрүп – ошону менен социалдык маселелерди чечет. Мунун баарын эл алдын ала билет. Демократтар Америкада социалдык көп маселелерди теңештирүү саясаты аркылуу жүргүзөт – байларды колдогондун ордуна. Муну да эл билип турат алдынала.

Бизде, Кыргызстанда болсо саясий партиялардын иши, позициясы, саясий жолу так, дайын эмес. Карасаңар, жаштар азыр ой жүгүртүп атышат. Силердин “Азаттыктын” теле долбоору аркылуу дагы аябай жакшы ойлорду айтышты. Көрүп олтурдум. Бирок, ошолор да бүгүнкү күндө Кыргызстандын партияларынын саясий жолдорун ажырата албай, тааный албай, натыйжада кимисине багыт алышты билбей жатышат. Саясий партиялардын курамында жаштар канаты кантип бийликке келет – ушунун механизмин да билишпейт. Бул деген сөз – саясий партиялардын аткарган иштери, алардын парламентке келүү механизмдери белгисиз дегендикти билдирет.

“Азаттык”: Конституция долбоорундагы, аны талкуулоо иштериндеги сизди кейиткен жагдайлар да болсо керек, Тынычбек мырза?

Тынычбек Табылдиев: Айтып атышпайбы, биз парламенттин “ключевой” комитеттерин азыраак орун алган партияларга беребиз деп. Бул жомок... Бул таптакыр болбойт. Себеби дегенде, партиялар эл алдына чыгып, бизге ишеним көрсөтсөңөр – биз көпчүлүк орунду алсак, силерге мындай иштерди жасап беребиз деп саймедиреп айтып, убада берип атып анан парламентке келишет. Кийин, беш жыл өткөндөн кийин, эмне, айтабы – биз баягы чечүүчү комитеттерди беркилерге берип коюп анан эчтеке жасай албай калдык деп. Ушундай жооп болобу кийин. Жок! Мындай нерсе дегеле тажырыйбада жок. Ошондуктан Конституция долбоорунун бул жагдайдагы беренелери олдоксонураак, элге жеткиликтүү эмес.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз Эмгек, жумуштуулук, миграция тармактарын тейлеген министрликте иштейсиз. Конституция долбоорунда ошо эмгек, экономика реформасы байкалабы?

Тынычбек Табылдиев: Эмгек, экономика реформасы деген Конституция долбоорунун башында эле жазылыш керек. Саясат дей берип, аны менен элди тоюндура алган жокпуз. Жаныбыздагы эле Кытайдын – Дэн Сяопиндин принциптерин алышыбыз керек. Тигил Горбачевдукун эмес. Ал жалаң саясий реформа кылам деп атып – акырын таппай калды. Миллиондогон элди багып аткан Дэн Сяопин бийликти баштаганда эле айткан – айланайын элим, саясий реформаны кичине коё тургулачы, шашпайлы ушуга, экономикалык реформадан баштайлычы деп. Анан фермерлерге, дыйкандарга өз алдынчалык берген. Мамлекет сатып алат деген, өзүң өндүргөндү өзүң сатасың деген бир эле сөз менен Кытайдын реформасын алдыга жылдырган! Ошон үчүн биз дагы айыл жериндеги фермерлерди, жумушчу-дыйкандарды конкреттүү түрдө колдоп, экономиканы алып кетишибиз керек. Элди тоюндурушубуз керек. Антпесек болбойт.

“Азаттык”: Конституция долбоорун талкуулоочулар парадокс катары белгилеген нерсе – Кыргызстанда калктын ашып кетсе 10 гана пайызы партиялар менен иштешет же партиялардын ишмердүүлүктөрүн тааныйт, ал эми 90 пайыз калк партиядан сырткары. Анан кантип 100 пайыз партиялык тизме менен парламент шайланат деп атышат? Же жетекчилерине карап туруп эле партияга ишенсе болобу?

Тынычбек Табылдиев: Эң туура суроону коюшкан. Чындыгында эле азыр Кыргызстанда саясий партиянын жетекчисин карап –
партиясы да ошондой деп ойлойбуз. Дагы эле чет өлкөлүк тажырыйбаларга токтолоюн. Биздикиндей түбөлүк жетекчилер жок алардын партияларында. Алар бийликке келгенде – партияны баштап келет. Келип – өкмөттү башкарып, андан кеткенден кийин башка лидер келет партияга. Мына, маселен, Тэтчер... партиясы менен жеңишке жетти да, өкмөттү башкарып иштеди. Кийин өкмөттөн кеткенде – Тони Блэр болду. Азыр Браун...

Биздики болсо баягы жеке фирмадай эле. Отуз жыл бою жүрө берет партиянын лидери болуп. Жеңилсе деле жүрө берет – жеңилген күрөшкө тойбойт болуп. Биздеги партиялардын өздөрүнүн ичинде конкуренция болмоюнча өнүгүп-өсүү болбойт. Саясий партиялар өзүнөн-өзү элге жакшылык алып келе бербейт. Американы эле карабайсыңарбы. Элден мурун 50 штат элди кыдырып – партиянын лидерин аныктап атышпайбы. Энчилеп койгон лидер жок. Андан кийин анан эки партиянын лидерлери ат салышып атпайбы президенттикке. Ошондо гана биз тандадык деп эл айтып атат. Биздикиндей шартта партия лидерлери эң жакшы турмушту алып келебиз деп айтса да – эл ишенбейт.

“Азаттык”:
Тынычбек мырза, сиз кезинде легендарлуу парламенттин мүчөсү болгонсуз. Бир катар өкмөттүк кызматтарда иштедиңиз – вице-премъер министр даражасына чейин. Айтсаңыз, азыркы Конституция долбоорунда – же президенттин, же премьер министрдин, же парламенттин колу-буту узун болуп калган эмеспи?

Тынычбек Табылдиев: Президентти эл шайлайт деп атат. Бул эң туура. Парламенттик республика болобуз деп атышпайбы. Баш мыйзамда жазыптыр: парламент өкмөттүн структурасын бекиткенге, премьер-министрди бекиткенге жана өкмөттүн курамын бекиткенге да макулдугун берет деп. Өкмөт курамын бекиткенге макулдук берет дегени – таптакыр туура эмес. Анда дагы эле биздин өкмөт алсыз болот. Себеби, премьер-министр, анын кол алдындагы өкмөт мүчөлөрү – ар кандай саясий партиялардын өкүлдөрү. Премьер-министр алардын бирөөнө дагы тийе албайт, жумуш боюнча аны кызматтан кетире албайт. Парламентке барганда соодалашып гана отура беришет. Премьер-министрдин отчётун, анын башка маселелерин өткөрүү суранычы болот. Ошондо ар бир партия: биз өткөрүп беребиз, а сен биздин партиянын өкүлүнө – паланча министрге тийбе дейт. Андай шартта өкмөт алгылыктуу иштей албайт. Колу-буту тушалуу болот.

Италияны, Германияны алсаңыз, өкмөт мүчөлөрүн премьер-министр өзү бекитет. Кетирем дегенин отставкага кетирет. Ошондо гана премьер-министр, ошондо гана жалпы өкмөт аткарган иштери үчүн эл алдында жооп бере алат.

Премьер-министрге райондук, шаардык, мамлекеттик администрациянын башчыларын, губернаторлорду бекитүү укугун да бериш керек. Себеби дегенде, аткаруу бийлигинин вертикалдуу иш-аракетин ошондо гана премьер-министр көзөмөлдөй алат. Алынып аткан чечимдер айылдарга чейин жетип атабы, жеткен жокпу, жетсе кандай сапатта аткарылып атат – баарысы көрүнүп турат ошондо.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, сунушталган Конституция долбоорунда парламент катуу бапестелген деген пикирлер арбын айтылууда?

Тынычбек Табылдиев: Парламентке ушунчалык өзгөчө шарт түзүшүп, аны авторлор өздөрү да байкабай калышса керек. Жазып атат: депутат эч кандай себепсиз 30 күн ишке келбей койсо – ошондо гана депутаттыктан кетет деп. А эмне, депутат өзгөчө адамбы? Эмгек кодекси ага өзгөчө таасир этеби? Кээ бирөө бар да – 30 күн өзүнүн бизнеси менен кетип калат. Бул жакта эмне иш болуп атат, кандай мыйзам кабыл алынып атат – аны менен иши жок. Эмне үчүн министр 30 күн ишке чыкпай койсо болбойт? Эмне үчүн биз, мамлекеттик кызмат адамдары 30 күн жумушка чыкпай койсок болбойт? Депутат болгондон кийин, элдин өкүлү болгондон кийин жумушчу күндөрүнүн баарысында жумуш ордуна келип, милдетин аткарыш керек да депутаттар дагы. Ошон үчүн эмгек акысын алат. Ансыз да депутаттардын иш сапарларына эч ким чек койгон жери жок.

“Азаттык”: Бизнесмендердин депутат болушуна кандай карайсыз?

Тынычбек Табылдиев: Бүт дүйнөлүк тажырыйбада ушундай, парламентке бизнесмен келбеш керек. Бир жагынан бизнесте отуруп, экинчи жагынан парламентте отурбаш керек. Муну мыйзамда так көрсөтүш керек. Кантип элге далилдейсиң – ошол бизнесмен депутаттыкка келгенден кийин бизнесин таштаганын. Же аялына, же карындашына, же үкөсүнө каттатып коюп, өзү кайра парламентте чөнтөк телефон менен бизнесин башкарып олтурат да.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, эми кеп учугун жергиликтүү бийликтерге, жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга бурсак. Конституция долбоорунда булардын орду кандай белгиленген?

Тынычбек Табылдиев: Азыр жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын формалдуу эмес, реалдуу полномочиелерин баш мыйзамда көрсөтпөсөк болбойт. Бүгүнкү күндө кандай? Айыл кеңешинби, райондук кеңештиби, облустук кеңештиби, ала турган болсок, өздөрүнө жана кызматкерлерине гана каралган акча каражатын бекитүүдөн башка каражат маселесин дегеле карашпайт. Финансысы жок полномочие болбойт, бул өзү аксёма. Ошондуктан салык жыйноо боюнча, салыктардын түрлөрүн аныктоо боюнча жергиликтүү бийликтерге чоң укук бериш керек. Бир кезде мен Австриядагы шаарлардын ассоциациясынын укугун карап чыккан элем. Ошондо кандай жазылган? Өкмөт эмки жылга карала турган бюджеттин долбоорун парламентке чыгарардын алдында сөзсүз түрдө ошол ассоциациянын макулдугун алат. Ал деген эмне? Жалпы табылып аткан акчанын канчасы республиканын деңгээлиндеги бийликке кетип атат, канчасы элдин өзү катышып аткан жергиликтүү бийликке кетип атат – ошону көзөмөлдөйт. Бул маселе бизде дагы талкууланышы керек. Бүгүнкү күнгө чейин муну эч ким талкуулай элек.

Азыркы баш мыйзам долбоорунда жазылып атат: жергиликтүү бийлик, мамлекеттик бийлик ошол конкреттүү айыл округунун болобу, райондук масштабда болобу – социалдык-экономикалык өнүгүүсүн аныктайт деп. Анын финансылык каржыларынын булактарын билбесе кантип аныктайт да кантип пландайт? Формалдуу эле берилген ой болуп атат бул жерде. Мен ойлойм, жанагы ар бир региондун өзгөчөлүгүн карап туруп – дотацияда тургандары бар, өзүнөн ашырып пайда таап аткандары бар, кимде кайсыл региондо канча пайыз калыш керек экендиги баш мыйзамда жазыш керек.

“Азаттык”: Анын баарын Конституцияга кантип жазмак эле?

Тынычбек Табылдиев: Пайыздарын жазуунун кереги жок, бирок, бул жерге жергиликтүү мамлекеттик бийликтер жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары мамлекеттик бюджетти бекитүүдө макулдугун берет деген нерсени жазыш керек. Бир эле пункт жазып коюш керек. Калганы өзүнчө мыйзамдарда чечмеленет.

“Азаттык”: Жергиликтүү бийликтердеги кадр маселеси кандай чечилсе дейсиз, Тынычбек мырза?

Тынычбек Табылдиев: Ошол эле жергиликтүү башкаруу органдарына, мисалы үчүн, райондун деңгээлиндеги, айылдын деңгээлиндеги жетекчилерди бекитүү укугун бериш керек. Буга чейин бул укук министрликтерде болуп келген. Алар ошол жерде иштеген адамдарды беките албаса – кантип жоопкерчилигин сурай алышат? Ал эми министрликтер болсо техникалык жактан аларды тескейт, жанагындай лицензия берет, атестациядан өткөрөт ж. б. Ошондуктан кадр маселелери элге жакын – ошол жакка берилиш керек.

“Азаттык”: Демек, облустун жетекчилиги кайсы маселелерди чечиш керек дагы, райондун акими кайсы маселелерди чечиш керек, конкреттүү айтсаңыз?

Тынычбек Табылдиев: Облустун губернатору облустун масштабындагы тармактык жетекчилерди, өздөрүнүн орунбасарларын бекитиш керек. Азыр бизде облкеңеш жок. Ал эми районго келгенде, райкеңеш бар. Жалгыз бир аким каалаган нерсесин жасабаш үчүн бардык маселе, кадрлар маселеси райкеңештин макулдугу менен чечилиши керек. Ал жерде бүгүнкү күндө 25-35 депутат бар. Бишкек шаарында ушундай механизм. Айыл кеңеш болсо ошол жердеги участкалык милицияны, мектептин деректирин, оорукананын, почтонун жетекчилерин, азыр таза суу долбоору бар, ошол сыяктуулардын башчыларын, башка техникалык уюмдардын жетекчилерин бекитиш керек.

“Азаттык”: Бул жагы Конституцияда кандай белгиленет?

Тынычбек Табылдиев: Бир эле сөз менен: жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары бюджетти башкаруу, кадрларды бекитүү укугуна ээ деп. Бул укуктар жок азыр баш мыйзам долбоорунда. Жергиликтүү кеңештин бюджетин бекитет деп гана койгон. Мындай укуктар башка чет өлкө баш мыйзамдырында бадырайта жазылып коюлган.

Инвестицияны тартканга, инвесторду алып келгенге да жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары макулдугун берүүсү керек. Бул эмне деген сөз? Жыйырма жылда көрбөдүкпү, кайсы бир жерде алтын кени болсо, аны кимдир-бирөөлөр казса –жергиликтүү эл билбейт кайда кетип атканын. Ошондуктан жергиликтүү кеңешке инвестор өзүнүн долбоору менен келиш керек. Жер байлыгын өздөштүрүүгө канча акча жумшайт, андан канча жумушчу орун кыргызстандыктарга, демек, жергиликтүү элге түзүлөт. Андан сырткары, кандай социалдык объектилерди бүтүрүп бергенге милдеттенме алат. Кардар өзүнүн кирешесин да көргөзөт, бизнес кирешесиз келбейт эмеспи. Эл карап көрөт да, макулдук берет же бербейт. Буга чейин кандай болуп жүрдү? Геология тармагын тейлеген министрликке 300 сом төлөсө эле жер байлыктарын казганга лиценция алып жүрүштү. Алар кимдер экенин, лицензияны канча адам алганын эч ким билбейт.

“Азаттык”: Ал эми... ал эми шайлоолордун таза өтүшүн шарттай турган көрсөтмө барбы сунушталган Конституция долбоорунда?

Тынычбек Табылдиев: Эгерде азыр Конституцияга бир берене киргизсек – ал маселе да ордунда болот. Бир катар өлкөлөрдүн баш мыйзамдарында бар андай нерсе. Мамлекеттик, муниципиалдык кызматтагылар, армия, милиция кызматкерлери саясий бийликтегилердин алмашуусуна байланыштуу эч кандай жумуштан кетпей тургандыгы жазылыш керек Конституцияга. Ошондой болгондо гана, маселен, мектептин деректири эртеңки күнү мени иштен алып койбосун деп коркуп-үркпөйт. Чоңдорго жүгүнбөстөн, өз милдетин так аткарат. Билет, шайлоодон кийин эч ким ага кине тага албайт, өзүнүн кызмат ордунда иштейт. Көз карандысыз.

XS
SM
MD
LG