Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

ЮНИСЕФ: Аялдын бир ажалы төрөттөн


ЮНИСЕФ жаңы баяндамасын жарыялады. Ага ылайык 19 жылда дүйнөдө төрөттөн 10 миллиондой аял көз жумган. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө аялдар төрөттөн каза табуу коркунучуна 300 эсеге көп кириптер болушкан.

ЮНИСЕФтин изилдөөлөрүнө караганда акыркы жылдары Кыргызстанда наристелердин өлүмү белгилүү денгээлде кыскарган.Учурда жылына 1000 бала төрөлсө, анын 38 чарчап калат. Бирок ЮНИСЕФтин Бишкектеги өкүлүнүн орун басары Раджа Мсеффер Беррада бул көрсөткүч дагы кичинекей Кыргызстан үчүн көптүк кылаарын белгилейт:

- Бул сан беш жашка чейинки балдарга тиешелүү болгону менен, анын көпчүлүгү бир айга жетип жетпей эле чарчап калгандар. Демек бул багыттагы ишти дагы күчөтүү талап кылынат. Балдардын өлүмүнүн негизги себеби эненин ден-соолугунун начардыгында. Анткени азыр аз кандуулук менен ооругандардын саны өтө көп.

Бишкек шаарынын тургуну Алия болгону 18 жашта. Азыр эки баланын энеси. Биринчи уулун ал аз жерден жоготуп ала жаздаган. Анткени бала өтө алсыз, ара төрөлгөн:

-Турмушка эрте чыккам. Анан бат эле төрөдүм. Күн ысыкта кыйналып башып айланчу. Ошентип балам жети айлык болуп төрөлдү. Салмагы 2 килограмм эле болду. Бат-баттан эле ооруй берчү. Өзүмдүн да сүтүм эмнегедир аз болду.

Балдардын өлүмүнө караганда, Кыргызстанда төрөттөн каза тапкан аялдардын саны көп жана кыскарбай келет. Мисалы Кыргызстанда учурда 100миң аялдын ичинен 150 төрөт учурунда каза табат. Алардын ичинен көпчүлүгүн жаш эрте турмушка чыккан аялдар түзөт. Аларда эне болуу, төрөт тууралуу эч кандай маалыматты жоктугунан өздөрүн тобокелге салышарын айтат Раджа Мсеффер Беррада:

-Дүйнө жүзү боюнча төрөттөн каза тапкандардын 70 пайызын 15 тен 19 жашка чейинки кыз-келиндер түзөт. Көпчүлүгү төрөт учурунда кан кетүүдөн каза табат же инфекциялык ооруларга туш болот. Аларды алдын алуунун жолдору тууралуу, өзүнө болочок баласына кандайча кам көрүү керектиги, кантип төрөө керектиги жөнүндө эч маалыматтары жок.

Бул ойду шаардык төрөт үйлөрүнүн биринин акушери Наби Тагиев да тастыктайт:

-Кыздарга жок дегенде ата энеси деле алгачкы денесиндеги өзгөрүүлөр, турмушка чыгуу туурасында уялбай эле кеп-кеңеш берсе болот да. Мисалы эрте кош бойлуу болуунун зыяндуулугу жөнүндө айтып бериш керек. Анан мектеп деген дагы бар. Алгачкы маалыматты ачык айкын эле жеткирип койсо ал деле пайдасы тиймек.

Раджа Мсеффер Беррада учурда балдардын төрөлүшүн, алардын өлүмүн каттоого карата мониторинг жүргүзүү керек. Анткени мындай байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен бул көрүнүшкө каршы күрошүүнүн жолдорун аныктоо жеңил болот.

Бүгүнкү жарык көргөн ЮНИСЕФтин “2009 - жылдагы дүйнө жүзүндөгү балдардын абалы” аттуу баяндамасында эне менен баланын өлүмүн азайтуунун негизги жолу катары саламаттыкты сактоо системасы аркылуу комплекстүү жардам берүү сунушу айтылган.

Башкача айтканда, мындай жол менен бир үй бүлөнү кандайдыр бир конкреттүү оору боюнча бир жолку гана эмес, эне менен баланы коргоонун бардык аспектисин камтыган үзгүлтүксүз медициналык тейлөө менен камсыз кылуу белгиленген.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG