Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

БУУ: "ИМ" Ирактын Мосул шаарында кыргын салууда


Ирактын өкмөттүк күчтөрү Мосулдун жанында.
Ирактын өкмөттүк күчтөрү Мосулдун жанында.

Уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссиясынын өкүлү Руперт Колвилдин айтуусунда, 25-октябрда Мосулга жакын жайгашкан Тулул Насер айылында 70 сөөк табылып, алардын баары атылып өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Ошол эле маалда мындай жырткычтыкты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн боло элек. Согушкерлердин аялдарды, балдарды жана куралсыз эркектерди атып салышкандыктары тууралуу маалыматтар келүүдө.

19-октябрда Мосулдан 45 чакырым алыстыктагы Сафин кыштагында он беш адам өлтүрүлүп, дарыяга ташталганы кабарланган. Ушул эле айылда алты адам автоунаага сүйрөтүлүп, мерт болушканын Колвиль кошумчалады. Ирактагы экинчи чоң шаар Мосул согушкерлердин акыркы таяныч пункту болчу. Өкмөттүк күчтөр аны бошотууга аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG