Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

Айша Жоробек кызы - Америка жергесинде туулуп-өскөнү менен өзүн теги кыргыз-америкалыкмын деп санап, тарыхый мекенине алыстан болсо дагы сереп салып турат. Ал тагдырдын буйругу менен АКШда жашап, азыр 90 жашка келип калган улутташыбыз Жоробек Ашыр уулунун кызы. АКШдагы кабарчыбыз Гүлайым Ашакеева Айша Жоробек кызы менен Кыргызстан жана кыргыздар тууралуу баарлашты.

- Айша айым, алгачкы мени кызыктырган суроо – сиз өзүңүздү кайсы улуттанмын деп сезесиз жана сурагандарга эмне деп жооп бересиз?

- Кээ бирлер мени карап, кайсы улуттан экенимди сурашканда, мен теги кыргыз америкалыкмын деп жооп берем. Анткени менин атам жана анын тегине байланыштуу. Мен бала кезимде дайыма Кыргызстан кайда экенин түшүндүрүүгө аракеттенчүмүн. Биз бала кезде америкалыктарга Кыргызстан деген өлкө белгисиз эле, бул жакта бир гана СССР деген өлкөнү билчүбүз. Ошондуктан мен өз теңтуштарыма, мугалимдериме менин атамдын өлкөсү кайда экени тууралуу дайыма айтып берчүмүн.

- Сиз эми Америка коомунда өсүп чоңойдуңуз дa. Бала кезиңизде Кыргызстан, кыргыз деген сөздөрдүн маанисин түшүнчү белеңиз?

- Мен кичинекей кыз экенимде менин мугалимим «сен кайдансың» деп сурады. Менин атам англис тилинде башкача бир басым менен сүйлөчү дагы "биз - Мидл Аaзин" дечү. A мен бала болгондуктан, атам кандай айтса дал ошондой "Мидл Аaзин" деп жооп бергеним эсимде. Мен кийин чоңое түшүп, китептерден окуп, менин атамдын жери "Мидл Эйже" (Middle Asia) экенин билдим. Ал учурда менин атам келген өлкө тууралуу китеп, сүрөт дегендер жок болчу, ал тургай дүйнөлүк картада да Кыргызстан деген мамлекет жок эле. Ал кезде дүйнө жүзү абдан кичинекей болчу да. Биздин бар болгон билгенибиз - атамдын досторунyн айткандары, анан атамдан үйрөнгөн салт-санаа болчу.

- Сиз бала чагыңызда көрүп, сөзүн уккан атаңыздын достору кимдер экенин эстей аласызбы?

- Албетте, бирок мен алардын чыныгы толук аттарын билбейм. Мисалы мен билгенден Толик деген бар эле, аялы немис кызы - Торидо, алардын Айша, Сара деген кыздары бар болчу. Дагы бирөөнүн аты Эргеш, менимче анын улуту өзбек болсо керек эле, Мамед жана Жон деген уулдары бар эле. Анын аялы дагы немис кызы болчу, булардын бардыгы тең II Дүйнөлүк согуштан кийин Германияда калгандыктан дээрлик бардыгы немис кыздарына үйлөнүшкөн. Күнтуугандын болсо Эми деген аялы жана эки кызы Айша, Кэрин, Карим жана дагы бир кичүү уулу бар болчу. Азамат Алтай, тилекке каршы анын баласы жок эле.

Биз бала кезибизде ал ишемби күн сайын биздин үйгө келип, бизге орус тилинен сабак өтчу. Ал бизди кийин Ата Мекенибизге кайтуубузду жана ал жакка барганда тил жагынан кыйналбай сүйлөп кетүүбүздү каалоочу. Бирок биз ал кезде бала элек, анан өзүбүздүн мектептеги сабактар да көп болгондуктан, бул ишембилик орус тил сабактары анча натыйжалуу болбой калчу.

Андан кийин биз узак мезгил Азамат Алтайды көрбөй калдык, анткени ал Европада жашап иштеп жүрдү. Aл абдан билимдүү, меймандос жана жашоону сүйгөн адам эле. Өз мекенинин тарыхын сактап, китеп жазып, айтор биз сыймыктанган адам эле. Анын дүйнөдөн кайтышы чон жоготуу болду.

- Мына азыр чек аралар ачылып көп кыргызстандыктар Америкага каттай баштады. Ал тургай айрымдары бул үйгө да келип кетишет экен. Сиз бала чагыңызда көргөн атаңыздын жолдоштору менен учурдагы кыргыздардын айырмасы чоңбу? Сизге кандай сезилет?

- Ооба, албетте, айырма асман менен жердей. Менин атамдын замандаштары, мен бала кезде көрүп-билген кыргыздардын билим алууга далалаты болгон менен шарты болгон эмес да. Ал кезде алар жаш болсо дагы талыкпай иштөөгө мажбур болушкан, ошондуктан кат-сабатын ар ким өз алынча жойгон.

Ал эми мен азыр жүз көрүшкөн "кандуу согуштан" кийинки кыргыздар абдан билимдүү. Бул үйгө биринчи келген кызгыздардын тобун көргөндө алардын англис тилинде жакшы сүйлөгөнүнө суктандым. Улам барган сайын Кыргызстандан келгендер менен баарлашуу, ал жакта эмне болуп жатканын билүү жеңил болуп баратканын айткым келет.

Ии, баса. Менин аталаш иним биринчи жолу биздин үйгө келгенде бири-бирибиз менен сүйлөшүү бир аз татаал болгон, анын англис тили анча жакшы эмес эле. Эң өкүнүчтүүсү мен кыргыз тилин билбейм да, мен ушу тилди үйрөнүү милдетим деп сезип жүрөм.

- Атаңыздын өз мекенине болгон сапары тууралуу айтып берсеңиз. Ал киши Кыргызстанга бараарда эмнелерди күттү эле, кайра кандай ой-пикирде кайтып келди?

- Эми бул атамдын жашоосундагы чоң бурулуш болду да. Анткени ал өз мекенине барууну, туугандарына жолугууну көп жылдар бою күтүп келди. Атам өз өлкөсүнө барууну ойлогондо, ал жакка барса түрмөгө камап коебу, кандай болот деген коркунуч коштоп жүрчү. "Кандуу согуштан" кийин атама өз мекенине барууга жол ачылышы анын өмүрүндөгү эң сонун мезгили болду десем болот.

Атам Кыргызстандан келгенден кийин мага көп нерселер мурдагыдай эле болгону менен чындыгында өзгөрүптүр деп айтып бергени эсимде. Ал бала кезинде көргөн-билген нерселер ага бир нече жылдан кийин салабаттуу кишинин көзү менен караганда башкача көрүнсө керек. Ал тургай бир убакта атам карыганда өз мекенине барып, ал жакта өмүрүнүн акырына чейин жашагысы келээрин айтчу.

Бирок ошол эле учурда үй-бүлөсү, балдары башка өлкөдө отурукташып калса, аларды таштап кетүү оңойго турбаса керек. Айтор, атам ары-бери ойлонуп, өз мекенине барып келген сон үй-бүлөсү менен бул жерде калууну чечти.

- Рахмат, Айша айым!
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG