Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Айылдашынан айрылган «австриялык» Гүлзат


Кайгылуу Гүлзат
Кайгылуу Гүлзат

Соңку тополоңдо курман болгондордун саны сексенге чукулап барды, алардын бири учурда Австрияда жашаган Гүлзат Боннестин Бишкектин чет-жакасындагы айылда кичинесинен чогуу өскөн балалык курбусу болгон.

Отуздун кырынан эми ашкан жигиттин өлүмүн Гүлзат кабар жетпей, Бишкек өрттөнүп жатат деп ал жакка да бара албай камалып калган Таш-төбөдөгү урук-туугандарынан укту. Венага телефон чалып, Жаңыл Жусупжан Гүлзаттан каза болгон жигит тууралуу сураштырды.


Гүлзат: Кечээ ата-энем менен сүйлөшкөм, алар Чүй облусундагы Таш-Дөбө (мурдагы Воронцовка) айлында турушат. Биздин кошуна бала каза болду деп кечээ апам телефондон айтты. Айылда кичинекейибизден чогуу өскөнбүз.

Жаңыл Жусупжан: Балдары жетим калды?

Гүлзат: Ооба, эки баласы бар болчу. Бир баласы эки жашта, атам жумушта, бүгүн келет деп көчөдө ойноп жүрөт экен. Бала да, билбейт.

ЖЖ: Чогуу окудуңар беле?

Гүлзат: Жок, ал менден 3 жаш улуу. Айылда чогуу ойноп, өскөнбүз.

ЖЖ: Кандай бала эле?

Гүлзат: 31 жашта, 1979-жылкы, аты Талант. Ата-энесин жакшы таанычумун, үй-бүлөсүн жакшы билчүбүз.

ЖЖ: Мүнөзү кандай бала эле?

Гүлзат: Жакшы бала болчу, токтоо, гүлүп-жайнап, адамга мамилеси жакшы болчу. Арты кайырлуу болсун.

ЖЖ: Кесиби ким эле?

Гүлзат: Окууну бүткөндөн кийин прокуратурада иштейт деп уккам. Кандайча оппозицияга кирип кеткенин билбейм.

ЖЖ: Келинчегин таанучу белең?

Гүлзат: Ооба, банкта иштеген, жакшынакай аялы бар болчу. Кеминдин кызы, турмушка чыккандан кийин биздин айылда туруп калган.

ЖЖ: Таланттын башка бир туугандары барбы?

Гүлзат: Ооба, ага-инилери бар. Кара кийип отуруп калышыптыр. Башка эмне кылат?! Өйдөкү айылдан да эки бала каза болду деп угушуптур. Чын-төгүнүн билбейм, өзүм алыс жерде жүрсөм. Бул жактан (Венадан) кабарларды уксак, улам улам эле бир нерсени кайталап атышат. Үйгө улам чалсам «эчтеке билбейбиз, баарыбыз коркуп эле үйдө отурабыз, маршрутка, такси жок. Бүт жерлердин баары жабык, шаар күйүп атат» деп айтышат. Сиңдим шаарда экен, унаа жок, келе албай жатыптыр. Жаңылык жок дешет. Радиодон орусча кабарларды угушат экен, бирок башка жаңылык жок.

ЖЖ: Ошондо айылда кабар жок, камалып калышкан экен да... Бакиев кетти деп сүйүнүп жатышабы, же бекер болду деп өкүнүштүбү?

Гүлзат: Баары сүйүнүп жатышат. Апам « Бакиевди эле жек көргөн киши, кан төктүрбөй эле кетсе жакшы болмок. Элдин баары өзү эле кетип калып, эч кимди өлтүрткөн эмес деп Акаевди мактап жатышат» дейт. Бакиевди баары эле жек көрүп атышат.

ЖЖ: Алыста жүрүп, Кыргызстандын келечеги кантет деп жатасың?

Гүлзат: Эми үмүтсүз адам шайтан дейт эмеспи. Үмүт менен жашайт экенбиз да. Кыргызстандын келечегине ишенем, бирок 10 жылда оңолуп кетпейт го. Бийлик алмашса, балким жакшыраттыр...
XS
SM
MD
LG