Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Барак Обама Курманбек Бакиевге кат жазды


АКШнын президенти Барак Обама кыргыз президенти Курманбек Бакиевге кайрылуу кат жазды. Анда Пакистан жана Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирилген. Кыргыз тарап жооп катты даярдоого киришти.

11-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болуп, анда АКШнын президенти Барак Обаманын Курманбек Бакиевге жолдогон кайрылуу катын тапшырды. Кайрылуу кат дипломатиялык жолдор менен келген.

Кайрылуунун мазмуну тууралуу Кадырбек Сарбаев буларды билдирди:

- АКШнын президенти, биринчиден, Борбор Азия регионунда туруктуулукту орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын жасап жаткан аракеттерине ыраазычылык билдирген. Биргелешкен аракет менен терроризм жана баңгизаттарын ташууга каршы күрөшкө салым кошо аларыбызды белгилеген. Өзгөчө Ооганстан жана Пакистандагы кырдаалга тынчсыздануу билдирилген. Андан сырткары кыргыз-америка мамилесин чыңдоого көңүл бөлүнүп, буга байланыштуу жогорку деңгээлдеги делегация жөнөтүү ниети маалымдалып, алар менен биргеликте кызматташуулардын келечегин аныктоо, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди талкуулоо айтылган.

Президент Курманбек Бакиев тийиштүү министрлик жана тармактар менен биргеликте Барак Обаманын катына жооп даярдоону
Кадырбек Сарбаевге тапшырган. “Жооп Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына жараша, ошол эле учурда Ооганстан менен Пакистандагы кырдаалды эске алуу менен болот. Бирок Манастагы аскердик базаны чыгаруу боюнча чечимдер артка кайтарылбайт”,- деп билдирген жергиликтүү маалымат каражаттарына Кадырбек Сарбаев.

Кыргыз-америка байланышынын негизги өзөгүн Манаста жайгашкан АКШнын авиабазасы түзөрү белгилүү. Дал ушул Манас аба майданына АКШнын Конгресси 30 миллион доллар бөлүп койгону да маалым.Бирок Кыргызстан базаны чыгаруу боюнча бардык чечимдерди кабыл алган. Ага ылайык 18-августка чейин база чыгарылыш керек. Бирок саясат таануучулар база статусун өзгөртүп, Манаста кала берет деген пикирде болууда. Бул божомолдорду Кыргызстан бийлигинин акыркы кадамдары да тастыктап жатат.

Өлкөнүн коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов маселеге карата мындай пикирин билдирди:

- Базаны чыгарууга эч кандай шарт жок. Ошондуктан эл аралык коомчулук Кыргызстанга, кыргыз бийлигине кайрылып, базаны калтырууну сунуштап жатат. Бул туура ой болуп жатат. Анткени Ооганстандагы коркунуч дүйнө жүзүнө тарай турган коркунуч. Биз болсо тескери саясат жасап жатабыз. Эми эртели кеч биздин бийлик болуп жаткан проблемаларды туура түшүнсө экен. Ошого жараша караштырып, базаны калтырыш керек деп ойлоймун. Ошон үчүн Барак Обама бекеринен кайрылган жок.

Бийликтеги “Ак жол” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев Барак Обаманын каты тууралуу мындай пикирин ортого салды:

- Менин оюм боюнча сөзсүз диалог болуш керек. Анан базаны денонсация кылып койдук деп эле зыңкыйып туруп алган болбойт. Конституция боюнча тышкы саясат президенттин ыйгарым-укугундагы нерсе. Ошондуктан Курманбек Салиевич сөзсүз диалогго барат деп ойлоймун.

Табылды Орозалиевдин айтымында, жаңы сүйлөшүүлөрдө база үчүн ижара акы маселеси көтөрүлүп, анда Кыргызстандын кызыкчылыгы корголуш керек. Кыргызстандын азыркы саясаты прагматикалык, рационалдуу саясат.

Кыргыз президенти АКШнын Манастагы базасын чыгаруу чечимин 3-февралда Москвада сапары учурунда жарыялаган. Мына ошол сапарда Кыргызстанга 300 миллион доллар насыя, 150 миллион доллар грант жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлүү чечими кабыл алынган. Ошондуктан Кыргызстан АКШ базасын калтыруу боюнча Москва менен кеңешип чечим кабыл алып жатса бир жагдай, өз алдынча чечим кабыл алып жатса башка жагдай түзүлөт. Ошондуктан түзүлө турган жагдайга жараша кандай чечим кабыл алынганы айкын болот.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG