Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

«Манас» аба майданында Транзиттик борбор түзүү жөнүндөгү Кыргызстан менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуулар 25-июнда парламентте жактырылган. 2-июлда жаңы мыйзамга кол коюлду. Ошону менен жыл башынан бери козголуп келаткан маселеге чекит коюлуп, аскер базанын ордуна Ооганстанга ташылчу жүктөрдү тескеп турчу борбор түзүлүүдө.

Кыргыз өкмөтүнүн “Манас” абамайданындагы коалициялык күчтөр жайгашкан базаны Кыргызстандан чыгаруу чечими оболу Москвада жарыя кылынган. 1 миллиард 700 миллион орусиялык кредит тагдыры чечилер чакта ачыкка чыгып калган өкмөт чечими парламентте чоң деле талашты чыгарбай, базаны чыгаруунун мыйзамдык жөрөлгөлөрү тез эле аягына чыккан.

Анан минтип арадан төрт ай өтүп-өтпөй Ооганстанга ташылчу жүктөрдү тескөөчү Транзит борборун түзүү жөнүндө Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн макулдашууларына кол коюлуп отурбайбы. Буга чейин база тууралуу АКШ өкмөтү менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй келатканын айтуудан тажабаган кыргыз бийлигинин жаңы макулдашууларды апыл-тапыл парламентке алып келишинин жөн-жайына парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Кубанычбек Кадыров эле кызыкты окшойт.

Ага Кыргызстандын Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев мындай жооп узаткан.

- Ооба, “Манас” аба майданы боюнча сүйлөшүүлөр, расмий сүйлөшүүлөр болбогонун биз айтып келдик. Мунун баары туура, биз ошентип айтканбыз. Ал эми бул макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр жакында эле башталган. Мен ачык эле айта алам, сүйлөшүүлөр июнда, 16-17-июнда башталган. 22-июнда макулдашууларга кол коюлду.

Транзиттик борбордун ижара акысына АКШ өкмөтү жыл сайын мурунку 17 миллион 400 миң доллардын ордуна 60 миллион доллар төлөй тургандыгы жаңы макулдашуулардын экономикалык артыкчылыгы катары сыпатталып келатат. Парламент депутаты Кубанычбек Кадыровдун айтуусунда, ижара акы кандай негизде, кайсы эсеп менен алынганы белгисиз.

- А эмне үчүн 60 эле миллион? Бардык жерде такай биз 200 миллионго гана макул болобуз деп келдиңер. Бу 60 миллионду кайсы эсептин негизинде алдыңар? Кандайдыр бир экспертттик эсеп барбы?

Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Бейшебек Акуновдун пикирине ынансак, Транзиттик борбордун турушу Кыргызстандын коопсуздугуна чоң коркунуч алып келиши ыктымал.

- Оогандык талиптер биздин Бишкекте авиабазанын орногонун билет. Ракеталар кайдан учуп келгенин, кимдердин башына түшүп, өлүм алып келип жатканын да жакшы билишет. Эгер кокусунан, Кудай анын бетин ары кылсын, алардын колуна биздин жерге жете турган ракета тийип калса авиабазаны согом деп, биздин Бишкекти согуп таштабайбы?

Транзиттик борбор түзүү жөнүндөгү макулдашуулардын ыкчам түзүлүп, шашылыш кол коюлушунун себебин Сергий Радонежский фондунун төрагасы Игорь Трофимов шайлоо алдындагы саясий жагдайга байланыштырат.

- Президент шайлоодон кийин америкалыктардын чатак чыгарып ийишинен чочулап, Кыргызстан тарап Америкадан келген жүктөрдү текшерүүгө укугу жоктугун ырастаган макулдашууларга кол коюуга мажбур болду. Бу макулдашуулардагы бир пункт, Кыргызстан аймагы аркылуу өтчү жүктөрдү текшерүүгө акысы жоктугу, бизди канааттандырбайт. Калганына чатагыбыз деле жок.
И.Трофимовдун ынанымында, бу макулдашуулардан кийин орусиялык кредиттин келиши күмөн. Анан да шайлоодон соң макулдашууларга АКШдан келген жүктөрдү кароо жөнүндөгү өзгөртүү киргизилиши мүмкүн. Ооганстанга өтчү жүктөрдү тескөөчү Транзит борборду түзүү жөнүндөгү эки өкмөттүн ортолук макулдашуулары Ооганстандагы абалды турукташтырууга көмөк көрсөтөрүн Франция президенти Николя Саркози менен Ооганстан президенти Хамид Карзай президент К.Бакиевге жолдогон каттарында белгилешкен.

Тасмада: АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө

Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу сыналгы берүүсү обого чыгарылып, анда АКШнын “Манас” аскер базасы тууралуу олуттуу сын камтылган. Бирок база жетекчилиги жана ала-тоолуктар сын пикирлер менен макул эмес. ES, MiT, SA

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG