Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Опуртал кадамдын оорчулугу


"Манас" аба базасынын сырткы көрүнүшү

"Манас" аба базасынын сырткы көрүнүшү

Кыргызстан өкмөтү “Манас” аба майданындагы террорчулукка каршы эл аралык аскер күчтөрүн чыгаруу чечимин кабыл алды. Ушу тапта парламентте Кыргызстан менен АКШ ортолук келишимден чыгуу иштеринин укуктук жөрөлгөлөрү жасалууда.

"Азаттыктын" "Бетме-бет" талкуусунун бул жолку чыгарылышы мына ушул маселеге арналып, ага оппозициялык маанайдагы белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев менен ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын өкүлү Анаш Сейитказиев катышты.


- Топчубек мырза, «Манас» абамайданындагы эларалык антитеррордук күчтөрдү чыгаруу жөнүндөгү билдирүүнүн оболу Москвадан жарыя кылынышынын артында кандай максат-мүдөө бар? Ушул ишке Орусиянын тиешеси барбы?

,
Топчубек Тургуналиев:
- К. Бакиевдин билдирүүсү Кыргызстан кайрадан Орусиянын торуна түшүп, көз каранды мамлекет болуп баратканын билдирет. Канттагы авиабаза менен “Манастагы” авиабаза дүйнөлүк геосаясаттагы тараза болуп турчу. “Манастагы” эларалык күчтөрдү кетире турган болсо ал тараза бузулат. Кетире турган болсо экөөн тең кетирсе туура болмок. Канттагы авиабаза Кыргызстандын коопсуздугун коргоп турат деп айтыштан алысмын, тескерисинче ал контрабандага айланып кеткенин айтып, жазып жатышат. “Манас” абамайданындагы күчтөрдү кетирүү Кыргызстан террочулукка каршы күрөшүүдөн баш тартканын билдирет. Антитеррордук күчтөр 2001-жылдын аягында келген. Ал келгени Кыргызстандын чекарасы тынч туруп жатпайбы. Анан да ал жерде жалгыз эле АКШнын куралдуу күчтөрү турган жери жок, 12 өлкөнүн өкүлдөрү бар. Кыргызстан бир өлкөгө жагынам деп дүйнөдөгү улуу өлкөлөр менен чатак маселеге келет.

- Анаш мырза, сиздердин фракция авиабазанын чыгарылышы тууралуу өкмөт чечимин “Ак жол” фракциясына караганда кубануу менен кабыл алды. Мунун себебин түшүндүрө кетесизби?

Анаш Сейтказиев: - Кубанып тосуп алды дегенден алысмын. Бул маселе коммунисттер лидери Абсамат Масалиев тирүү кезинде 2001-жылы кабыл алынып, бирок ага биздин коммунисттер дайым каршы туруп келишкен. 2007-жылдан кийин бизге либерал партиялардын бир тобу кошулуп, кетишти талап кылып келатканбыз. А. Ивановду атып кетишкенден кийин көп акцияларды өткөргөнбүз. Ушул маселени жыйынга коюп, талкууга салып атканыбызда биздин “акжолдук” кесиптештерибиз каршы турушту эле. Мына эки күндөн бери алар чоң жеңишке жетишкенсип, авиабазаны чыгаруу жөнүндө телерадиодон тынбай интервью берип калышты. Алардын эки жүздүүлүгүнө мен абдан нааразы болуп жатам.

- Топчубек мырза, “Манас” абамайданындагы эларалык антитеррордук күчтөрдүн турушунан түшкөн экономикалык пайданы мен айтпай эле коеюн, эми ал жерге Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдү ыкчам аракеттеги күчтөрү жайгашат, деген сөз болууда. Эгер андай болсо Кыргызстанга Орусиянын эки аскердик базасы жайгашып калбайбы?

Топчубек Тургуналиев: - Азыркы парламенттин эл арасында кадыры жок. Акүй менен соодалышып келгендер отурушат. Булар “макул” дегенден башканы билбейт. Мына декабрда эл толкуну болсо Кыргызстандын ичинде аскер күчтөрүн колдонууга уруксат берген мыйзамды да ушулар кабыл алып беришти го. Бул парламент бийликтин бир бутагы болбой калган. Ал эми ыкчам аракеттенчү күчтөрдү бул жакка алып келе турган болсо, анын ичинде Орусиянын кандай орду бар экенин баарыбыз билебиз. Орусия В.Путиндин доорунда мурунку республикаларды кайрадан торуна түшүрө баштады. Анын ичинде Кыргызстан да бар.

Орусия мурдагыдай эле Батыш өлкөлөрү менен тирешип турат. Анан бул жерден эларалык антитеррордук күчтөрдү кетирүүнүн артында дагы бир маселе бар. Орусия 2 миллиард доллар акча бөлүп, 150 миллион долларды жөн эле беребиз деп атышпайбы. Анын көбү биздин аткаминерлердин чөнтөгүнө кетерин билип эле турабыз. 2 миллиарддын 300 миллиону да биздин бюджетти колдоого жумшалат. Казынаны уурдагандар анын деле кыйласы сол чөнтөккө солору шексиз. Кыргызстан сууга бай өлкө. ГЭСтерди куруп берейин деп Орусия бул байлыкты да колго алганы турат. 1 миллиард 700 миллион доллардын деле Кыргызстанга келиши күмөн. Себеп дегенде ал акчага орусиялык жабдуулар сатылып алынат, орусиялык курулуш фирмалары бул жерде иштейт. Акчаны кандай бөлүштү Орусия өзү чечет. Мына Д. Медведев Ташкенде ири ГЭСтерди коңшулар менен кеңешип, алардын уруксаты менен куруш керектигин айтып, Москвага баргандан кийин Кыргызстанга ГЭС курулушка акча бөлүүгө кол коюп олтурат. Кечээ мен кубаттап келген К. Бакиевдин ички саясатты эле канабайрам кылбастан, тышкы саясатты да кооптуу жагдайга кептелтип койгону өтө өкүнүчтүү нерсе.

- Анаш мырза, айрым байкоочулар Кыргызстанда орус жарандыгын алгандар арбып баратат, эртеңки күнү алардын коопсуздугун коргоо шылтоосу менен Орусия Кыргызстандын эгемендигин жок кылып коюшу мүмкүн экендигин айтышууда. Ошондой коркунуч жокпу?

Анаш Сейтказиев:
- Бул жерде чочулабаш керек. Орус эли В.Путин, Д.Медведев менен эле чектелбейт. Орус менен жакындашканыбызга 3 кылым болуп баратат. Катнаштарыбыз мыкты болчу. Эгемендик тушунда ал сээлдей түшкөнү ырас. 1916-жылы миллионго жакын кыргыздын тең жарымы “ак падышанын” геноцидинен кырылып калган. Көпчүлүгү Кытайга ооп кеткен. Совет бийлиги келген соң В. Лениндин буйругу менен 100 миң орус рубли акчасын Кытайга которуп, элди көчүрүп келгенге уруксат алып берген. Мына ошондон бери элибиз өнүп-өсүп 5 миллионго жеткен калк болдук.

- Топчубек мырза, Кыргызстандын ушундай кадамы артынан кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

Топчубек Тургуналиев: - Бул жерде Батыш өлкөлөрүнүн, ошондой эле Чыгыш өлкөлөрүнүн куралдуу тобу бар. Террорчулукка каршы күрөштөн чыгып кеткенибиз биртоп эларалык чатакка түшөт. Эми Орусиянын торуна дагы терең түшөбүз. “Манаска” ыкчам күчтөр келсе бул жерде Орусиянын эки базасы болуп калабы? Биз 1991-жылдан эгеменбиз дегенибиз менен андайга жете элекпиз. Менин айтайын дегеним, биз Орусия менен да, Кытай менен да, Америка менен да - баары менен жакшы мамиледе болушубуз керек. Бу иним туура айтып атат, Орусия жалгыз эле В. Путин менен Д. Медведев эмес. Ал дагы эле империя бойдон калып жатат. Сибирдеги кыргыз менен тектеш канча элдерди колониалдык саясат жок кылууда, бул өтө коркунучтуу нерсе. Кыргызстандын келечек тагдырына К. Бакиев айбалта чаап аткандай сезилип жатат.

- Анаш мырза, сизге деле ушул эле суроо. Орусия менен дос болгон жакшы. Бирок антитеррордук 12 өлкө менен мамилени бузуп алуу артынан кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

Анаш Сейтказиев: - Террорчулук сырттан эле келбейт, ал ичтен деле чыгышы мүмкүн. Анан биздин миллионго жакын калкыбыз Орусияда иштеп оокат кылып жүрүшөт. Эртең аларды кетирип ийсе эмне кылабыз? Алар каякка барышат? Алар Бишкекке келип керек болсо бийликти көңтөрүп салат. Ошон үчүн муну да ойлой жүрүш керек. Тышкы саясатта бирөө ысык, экинчиси суук болбош керек. Биздин партиянын жазгандарын К. Бакиев колдоп, аткарып жатат. Биз Орусия менен тыгыз карым-катнашта болууну башынан айтып келаткан партиябыз. К. Бакиевдин ошону аткарып жатканы мени кубандырат.

- Мырзалар, студияга келип маек куруп бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG