Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Украин элчиси кыргыз депутаттарынын Крымга барганына нааразы болду


Николай Дорошенко
Николай Дорошенко

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттары Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкинанын Крымга барганын айтып, буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык нааразылыгын билдирди.

Дорошенконун “Азаттык” үналгысына билдиргенине караганда, кыргыз депутаттары Орусиянын чакыруусу менен 18-21-март күндөрү башка өлкөлөрдүн депутаттарынын катарында Крымдагы жыйынга катышкан:

- Крымда кандайдыр бир иш-чара өтүптүр. Анын маңызы Крымдын Орусияга кошулушунун жана мыйзамсыз өткөн референдумдун жыйынтыгына арналган экен.

Николай Дорошенко муну Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлабастык катары баалады жана эки өлкөнүн мамилесине көлөкө түшүрөрүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу Крымга кыргыз депутаттарынын расмий сапары болбогонун билдирди.

Депутаттардын өздөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Депутат Ирина Карамушкина 24-мартта өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына сүрөтүн жарыялап, "Кыргыз депутаттары Крымда болду. Демек Крым – биздики дагы” деген пикирин калтырган.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги азырынча Украина элчисинин кайрылуусу боюнча расмий маалымат бере элек.

Өткөн жылдын аягында Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков баштаган төрт депутат Тайванга барган. Бул сапар Кытай элчилигинин нааразычылыгын жаратып, натыйжада Алимбеков вице-спикерлик кызматтан кеткен. (SDz)

XS
SM
MD
LG