Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

"Манас" аба базасы өз нугунда иш жүргүзүүдө


"Манастагы" АКШ базасы боюнча кыргыз тараптын чечими жана бул базанын иш-аракеттери тууралуу аталган базанын маалымат кызматынын жетекчиси Демиен Пикарт “Азаттыкка” кеп салып берди.

- Кыргыз бийлиги тарабынан базаны Кыргызстандын аймагынан чыгаруу тууралуу чечим же билдирүү базанын жетекчилигине келдиби?

-Жок. АКШнын аскер аба базасына расмий эч кандай билдирүү келеген жок. Биз мурунку эле тартипте өз милдетибизди аткарып жатабыз.

- Эгерде база акыры жабыла турган болсо, сиздердин Ооганстанга зарыл болгон жабдууларды жеткирүүнүн башка да жолдору барбы жана Борбор Азиядагы башка өлкөлөр менен бул тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?

- Базада кызмат өтөгөн аскердик курам базалар тууралуу сүйлөшүүлөргө кийлигишпейт, ошондуктан ал тууралуу бизде маалымат жок. Биздин милдет аскердик кызмат,биз кандай буйрук болсо ошону аткарабыз. Ал эми Манас базасы коалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы иш аракеттерге колдоо көрсөтүүчү жайлардын бири гана. Бирок эгерде база жабыла турган болсо, албетте Оогандагы операцияларды ийгиликтүү жүргүзүү үчүн бизде башка да мүмкүнчүлүктөр бар.

- Бишкектеги база кандай милдетти аткарат? Бул жакта канча аскер күчү бар? Эгерде база жабылса, АКШ үчүн бул канчалык денгээлде жоготуу болот?

-Бул жакта ушул учурда миңдей аскер бар. Жүз элүүсү Франциялык жана Испаниялык аба аскерлери. Калганы АКШныкы.. Бул жактан Ооганстан аймагында учуп жүргөн учактарга күйүүчү май жеткирилет, аскердик курам да ушул база аркылуу өтө. Манас аскерий аба базасы терроризмге каршы күрөштө чындап эле стратегиялык жактан абдан маанилүү, дегеле бул база АКШ үчүн гана эмес жалпы коалициялык күчтөрдүн иш аракетине кошкон салымы өтө чоң. Ал эми база жабылса башка жолдор менен Ооганстандагы күчтөр керектүү жабдуулар менен камсыздала берет.

АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00


Тасмада: Базада бир күн: Далилдер жана аргументтер

Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу програмасы көрсөтүлүп, Ооганстандагы анти террордук иштерге негизги таяныч болгон АКШнын Кыргызстандагы “Манас” базасы тууралуу бир катар маалыматтар айтылган. Бирок база жетекчилиги булар менен макул эмес. ES, MiT, SA

XS
SM
MD
LG