Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

АКШ Ооганстанга жүгүн Өзбекстан аркылуу ташыйт


Америкалык аскерлер өзбек жерине кайра кайтышат өңдүү

Америкалык аскерлер өзбек жерине кайра кайтышат өңдүү

Өзбекстан аркылуу Ооганстанга аскерий эмес жүктөрдү жеткирүү үчүн АКШ расмий Ташкен менен 3-апрелде макулдашууга жетишти. Кыргызстандын аймагынан АКШнын аскерий базасы жарым жыл ичинде чыгарылышы керек. АКШ болсо Бишкектеги базанын ордун толуктай ала турган башка мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатканын билдирген эле.

Өзбекстан менен жетишилген макулдашууда сөз аскерий эмес жүктөр туралуу болууда. Башкача айтканда, азык-түлүк, дары-дармек жана курулуш жабдуулары тууралуу айтылып жатат. Пентагондун өкүлү билдиргенине караганда, Ооганстанга Пакистан аркылуу жүк ташуу кооптуу болгондуктан жана Кыргызстандагы базанын тагдыры арсар болуп жаткандыктан, АКШ башка жолдорду издеп жатат. Ал эми Москвадагы “Саясий маалымат борборунун” башкы директору Алексей Мухин Кыргызстандан базанын чыгарылып жатышына АКШ кайгырбайт деле деп “Азаттыкка” билдирди.

“Кыргызстандан базанын чыгарылып жатышы АКШ үчүн оңтойлуу эмес көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул чечим Вашингтонду Орто Азия регионундагы башка өлкөлөр менен сүйлөшүүгө козутту жана бул багытта ийгиликтерге жетишти десек болот. Ошондуктан АКШ Кыргызстандагы базаны сактап калууга жан үрөп далалат кылган жок. Себеби алардын максаты терроризмге каршы операциясына мүмкүн болушунча көбүрөөк мамлекетти кошуу. Анын ичинде Орусия жана Кытай. Албетте мындай иш аракетте АКШ үстөмдүк кылып жаткан тарап катары бул өлкөлөрдүн позициясына таасир этүү мүмкүнчүлүгүн алууга дилгир”, - дейт орусиялык аналитик.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” базанын чыгарылышы тууралуу маек куруп жатып, базаны чыгаруу чечимин кабыл алуу менен Кыргызстан дүйнөлүк аренада өзүн олуттуу эмес өлкө катары көрсөттү деген оюн билдирди. Анын айтымында, Ооганстандагы оперцияларга коңшу бардык өлкөлөр көмөк көрсөтүүгө ниетин билдирип жатса, Кыргызстан далысын салып жатышы таң калаарлык.

“Тажикстанда Франциянын аба аскерий базасы бар. Жүктөрдү Орусиянын аймагы аркылуу темир жол менен алып өткөнгө АКШ менен макулдукка келген. Казакстандын парламенти үч базаны берүүгө дароо колдоп беришкен. Өзбекстан да даяр. АКШнын генералы Дэйвид Петреус менен Ислам Каримов өзү сүйлөшкөн. АКШ мындай бир топ маселелерди чечип келе баштаган. Эми мындан кийин биз менен олуттуу маселелер боюнча эч ким сүйлөшпөй, Москва менен эле сүйлөшүп чечип алса болот дегенге өзүбүз алып барбадыкпы”, - дейт ал.

Айрым серепчилер Кыргызстан базаны жабуу тууралуу чечимин Орусиянын кысымы астында кабыл алган деп билдирип, буга жүйөө катары Орусия Кыргызстанга эки миллиард доллар насыя сунуш кылганын келтиришкен эле. Ал эми Жогорку Кеңештеги “Ак Жол” фракциясынан депутат Автандил Арабаев Кыргызстан базаны чыгаруу тууралуу чечимди Орусиянын кысымы астында кабыл алды деген пикирди четке какты.

“Бул жерде үчүнчү мамлекеттердин кызыкчылыгы бар деп аралаштырууну саясий көз карашта туура эмес деп ойлойм. Бул чечимди Кыргызстан суверендүү өлкө катары өз элинин кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алды”, - деп ишенет депутат.

Ал ортодо айрым маалымат каражаттары “Манас” авиабазасы боюнча Кыргызстан менен АКШнын ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалыматты таратышты. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Кошмо Штаттары менен Өзбекстандын ортосунда кол коюлган макулдашуу жана “Манас” авиабазасы боюнча сүйлөшүү тууралуу маалыматы жок экендигин жана эч кандай түшүндүрмө бере албасын билдирди. “Манас” авиабазасынын өкүлдөрү болсо мурдагыдай эле тартипте иштеп жатышкандыгын айтып, жаңы макулдашуулар тууралуу эч кандай маалымат бере алышпасын айтышты.



Тасмада: Базада бир күн: Далилдер жана аргументтер

Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу програмасы көрсөтүлүп, Ооганстандагы анти террордук иштерге негизги таяныч болгон АКШнын Кыргызстандагы “Манас” базасы тууралуу бир катар маалыматтар айтылган. Бирок база жетекчилиги булар менен макул эмес. ES, MiT, SA

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG