Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Жоробек Ашыр уулу - АКШда жашаган кыргыз карыя. 90 жашка келген Жоробек ата Нью-Йорк шаарынын чекесиндеги Янкерс деген шаарчада байбичеси менен жашайт. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 1942-жылы Орусиянын Орел шаарында немистерге туткунга түшүп, согуш аяктаганга чейин Германияда туткундар лагеринде иштеген. Кийин СССРге баруудан баш тартып, 1956-жылы АКШга көчүп кетет.

- Ата, качан, кайсы жерде туулдуңуз эле? Ошондон кепти баштасак.

- Ош, Жалал-Абаддын жогору жагында Кылыч-Тамга, Чангек деген жерлер бар, мына ошол жактагы Бок-Дөбө деген жерде 1919-жылы төрөлгөм. Ал жерлерде биздин тагаларыбыз, туугандарыбыз жашаар эле. 1991-жылы июнь-июль айларында Кыргызстанга барып ал жерлерди, тагаларды, чогуу өскөн жолдошторду, бирге ойногон кыздарды көрүп кайттым. Ал жерлерде бир күн туруп, анан кайтып элге келдим. Эл турган жерлер, менин туугандарым Сүткөн, Кара-Суу, Жалал-Абад, Ошто турушат. Ал кезде мен жетимиш бир же жетимиш экиде элем.

Өз мекенимде калып калайын деп да ойлодум. Бирок агам бул жерде коммунисттер дагы деле бар, алар бийликке келсе сени алып кетишет деп айтты. Азыр болсо Америка менен жакшы мамиле түзүлүп турат, анан дагы кандай болуп кетет, ким билет деп айтты.

- Америка жергесине кантип келип калдыңыз?

- Мен Алманияга (Германия - "Азаттык") туткунга түштүм. Туткунда иштеп жүрдүм. Анан америкалыктар он алты, жыйырма, жыйырма үч жаштагыларды өздөрүнө алышты. Анан мен дагы Америкага келдим, бул жерде банктарда тазалык кызматында аяк жол жууп иштедим. Мына ошентип бул жерде иштеп, жашап калдым.

- Келгенде эле дароо Нью-Йорк шаарына келдиңизби?

- Америкалыктар өздөрү Нью-Йоркко алып келип, бизди карашты. Ошону менен мен иштедим. Анан бул аялды алып келген элем, азыр бирге жашайбыз.

- Жубайынызды бул жактан жолуктурдуңузбу, же Алманиядан ала келдиңиз беле?

- Алманиядан алып келдим. Мен кел дедим (күлүп).

- Апа кайсы улуттун кызы?

- Алман, немис.

- Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- Балдарым Америкада туулду. Эки уланым өлдү, эки кызым бар. Бирөөнүн турмуш курганы - теги ирландиялык америкалык жигит, экинчи кызымдыкы болсо теги Италиядан, өзү америкалык. Ошону менен Америкада жашайм, жаман эмес, иштесен жакшы бул өлкөдө, иштебесен жаман.

- Ата, урушта кайсы жерде туткунга түштүңүз эле?

- Орел деген жерде туткунга кабылдым. Мурун да бир жолу алмандар келип биздикилерди туткундап кеткен экен, анан кайра дагы келишкенде мен түшүп калдым.

- Сиз согушта кайсы батальондо, эмне кызмат кылчу элеңиз?

- Мен пулемёттук батальондо жүрдүм. Көптөр өлуп кетти, мени болсо Алла сактады. канча октордон калдым, канча октун чачырандысы тийди. (денесиндеги октон калган издерди көрсөтүп). Анан туткунга жакшы жерге түшүп калдым, ошону менен иштеп жүрдүм. Орустар кайра кайткыла деди, ал оңбогон пропаганда эле болчу да. (күлүп).

- 1991-жылы Кыргызстанга барганда элиңиз, жериңиз өзгөрүптүрбү? Сиз дээрлик жарым кылымдан кийин бардыңыз да ээ?

- Мен туура элүү бир жылдан кийин бардым. Албетте өзгөргөн, Өзгөнгө чейинки көп жолдор, суулар өзгөрүптүр. Өзгөндөн ары баягы эле кыргыздар, мал-жаны менен. Эми иштегендер жакшы жашашат экен, анан иштебей жатып алып бозо, бир аз ичкилик ичкендер да бар экен. Аны көрдүм, конок кылышты. Жакшы. Туугандарымдын бардыгы өлүп, эки агам калган, ал экөө тен өлдү.

- Ошол кездеги Кыргызстандын жетекчилиги, президент Аскар Акаев менен кезиге алдыңызбы?

- Ал жакка барбадым.

- Бишкек тарапка токтобой эле дароо өзүңүз туулган, ата-энеңиздин жерине кеткен турбайсызбы?

- Ооба. Бирок мен ал жерлерди кыргыздыкы деп ойлодум эле. Азыр Өзбекстан алып коюптур. Мен билген кыргыздын көп жерлерине бара албадым, Өзбекстандан документ (өзбек визасы - "Азаттык") алуум керек экен. Көп жерлерге бара албадым. Өзбектер сен башка жерден келипсиң деп менден паспорт сурашты. Ошону менен кайтып Америкага келдим. Туугандарымды, жолдошторумду көрдүм. Алар Америкадагыдай эмес, бардыгы жакшы.

- Ата, урушка чейин Кыргызстанда эмне кылчy элеңиз?

- Колхоздо иштедим, жаным. Колхоздун малын бактым, мен окуганды билбейм. Атамды кулак кылган, жетим болуп ар кай жерде өскөнбүз. Туугандарым бар экен, экөөнүн жети баласы, бирөөнүн беш баласы бар экен. Эки карындашым бар эле, алар өлүптүр. Өз калкыңдай эч убакта болбойт. Биздин калк чынын айтканда караңгы калк болчу. Азыр жаштар өсүп жатат, жакшы. Эски калктар аялдарын уруп согуп, анысы жаман. Америкада ал жок, бул жерде аялдарды соксоң түрмөгө жаза берет (күлүп).

- Ата, Алманияда жүрүп апаны кантип жолуктурдуңуз? Алман кызына үйлөнөм деп кантип айттыңыз?

- Айттым. Алмандардын кыздары көп, бере берет. Ал учурда 10 эркекке 11 аял туура келээр эле. Көп алман кыздарын Америкага алып келишкен.

- Сиз апа менен кантип тааныштыңыз?

- Сүйлөшүп. Иштен бош болгондо сүйлөшөбүз. Мен цемент заводдо иштедим. Таанышабыз, тилди билесиң. Алар да таанышат.

- Сизди Америкага чакырганда апаны алып алып бул жакка келдиңиз?

- Америкага чакырганда, Америка өзү кагаздарды жасап, жолго акчаны төлөп берди. Ал маалда эч нерсе жок эле го.

- Балдарыңыздын баары Америкада төрөлгөн турбайбы?

- Ооба, бул жерде туулду.

- Балдарыңыздын аттарын айтып койсоңуз?

- Курманбек, Козубек, Айчүрөк, Зуура. Бардыгы кыргыз аттары, өзүм койдурдум.

- Ата, кийин мекениңизге барганда, кыргыз жерин көргөндө кандай сезим болду?

- Ыйладым. Элди элүү бир жылдан кийин көрдүм. Ал жерде балдар бардыгы орусча сүйлөйт экен. Мурун жок эле андай, көптөр орусча сүйлөп калыптыр. Эми эл жаңыланып жатат да.

- Ата, азыр мекениңизден алыс отуруп алып Кыргызстан жөнүндө ойлойсузбу?

- Албетте. Кыргызстанда азыр демократия, жакшы деп ойлойм. Бирок дагы эле коммунист чыкса эмне болот деп да ойлойм (күлүп). Ойлойсун, албетте. Туулган жерди өлүп кеткиче ойлойсун. Туулган жердей жер эч жерде жок!

- Азыр эми Кыргызстанда демократиялуу башкаруу, коммунисттер бийликте эмес. Өлкө өз алдынча өнүгүүдө да…

- Дагы да коммунисттер бар дейт. Мисалы Өзбекстанда. Кыргызстанда алар жок болгону менен өздөрү (мамлекет - "Азаттык") затынын баарын өзү жеп коюп отура бербей элге берүү керек. Элди кембагал кылбай иштөө керек. Бизде өздөрү жеп коет экен. Америкада баары иштешет, байлар көп. Булар (кыргызстандыктар - "Азаттык") кайдагы байлыкты алып келет?..

- Ата, ден соолугуңуз жакшы болсо Кыргызстанга дагы бир жолу барып келейин деп ойлоп жатасызбы?

- Бүгүн алып кетсе, бүгүн барып ал жакта өлсөм мага жакшы. Менин каным ал жакта калды, туугандар калды. Билдинби?! Мына барып келгениме он жылдан ашты. Өз элиңдей, туулган жериңдей эч нерсе жок экен.

- Ата, бул өлкөдө Кыргызстандын өкүлчүлүктөрү бар да. Нью-Йоркто өкүлчүлүк, Вашингтондо элчилик бар. Алардан келип, ал жайыңызды сурап турушабы?

- Жок. Аларды көрбөйм. Азамат Алтай барып алып келип тураар эле. Азамат өлгөндөн бери эч балээ жок. Бул жердеги башка кыргыздар келип турушат. Эрбол деген мыкты жигит бар, ал үй-бүлөсү менен келип, ал-жайымды сурап турат.

- Жоробек aта, "Азаттык" үналгысына куруп берген маегиңиз үчүн рахмат! Алла канча жаш берсе ошону жашап, байбичеңиз, балдарыңыз менен сак саламатта туруңуз. Кийинки жолугушканга чейин дейлик...
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG