Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Түштүктөгү укук коргоочу уюмдар бирдиктүү иштөөгө умтулууда


Тополоңдон качып тентиген балдар
Тополоңдон качып тентиген балдар

Кыргызстандын түштүгүндөгү балдардын укуктарын коргоочу уюмдар өздөрүнүн күч-аракеттерин бириктирип иш алып барууну максат кылышууда. Бул жөнүндө "Азаттыкка" Укук коргоочу Назгүл Турдубекова айтып берди.


-Кечээ сиздер Оштон келген экенсиздер, ал жактан балдардын укугун коргоо боюнча иш чараларды жүргүзүп келди деген маалыматтар чыгып атат, кыскача токтоло кетсеңиз?

- Биз "Благодать" деген бейөкмөт уюм менен чогуу Ош шаарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында иштеп жаткан балдардын укугун коргоочу уюмдарга тегерек үстөл өткөргөнбүз. Аны негизинен коомдук уюмдар кыймыл аракеттерин биригип кылган иштерин координациялоо максатыбыз болчу. Себеби деген азыр гуманитардык жардам келеби же кандайдыр бир аракеттер болобу, жардам жетип атабы, балдар эмнеге муктаж болуп аткандары жакшы билинбей жатат.

Ошондуктан күнүгө иштеп жаткан уюмдар өз ара аракетибизди бириктириш үчүн биз ошол жерге барып тегерек үстөл өткөрдүк. Чогуу биргелешип союз же альянс түзөбүзбү, азыр Ош шаарында ушул абдан керектүү болгонун айтышты. Мисалы, салыштырсак жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын уюмдары айтышты, Бишкекте ушундай уюмдар жакшы иштейт деп. Ош же Жалал-Абад облустарында негизи эле жетишпейт экен. Ошондуктан бизге жардам бергиле деп кайрылышкан.

-Оштогу коогалаңдан кийин балдар кандай корголуп, көз салынып атыптыр?

- Бизде дагы маалымат аз болуп атат, азыркы күнү ЮНИСЕФ менен Швейцариялык бюронун колдоосу астында ошол бейөкмөт уюмдар жакшы иш кылып атыптыр. Ар бир короо жайларга, кичи райондорго балдар үчүн ойноочу жайларды уюштуруп атышыптыр. Бирок негизи мониторинг өткөрүү үчүн ал дагы жетишпей жатат. Ден-соолугун чыңдоого канча бала муктаж экенин, башка жагынан дагы эмнеге муктаждыгын билбей жатабыз. Ошондуктан тегерек үстөлдүн ичинде эффективдүү мониторинг өткөрүү үчүн да көп маселе көтөрүлдү.

-Жай мезгили ушул өспүрүмдөрдү, жаш балдарды эмгекке тартуу көйгөйлүү проблемалары болуп атат Кыргызстанда, ушул тууралуу эмне айта аласыз?

- Эми бизге мындай деген маалымат айтышты, мурда базарда иштеп күнүмдүк нан таап жүргөн балдар азыр жумушсуз калды деп кайрылгандар болду. Биз негизи балдар базарга иштегенге каршыбыз, бала иштебей окуп же ойногон убагы. Бирок, тилекке каршы, экономиканын жетишсиздигинен улам балдар иштеп жатканына күбө болдук. Алар дагы жумушубуз жок калды деп кайгырып атышат.

-Ош тарапта, түштүктө балдардын ич оорусу жугуштуу оорулар дегендей маалымат бар ушул туурасында билген жоксузбу?

- Шарк айыл өкмөтүндө андан мурда ЮНИСЕФ менен изилдөө өткөргөнбүз. Анан ушул айыл өкмөтүнө барганда биз күбө болдук, үйлөрү жок, көчөдө калган элдер суусу жок, санитардык гигиеналык шарттар жок болгондон кийин жаш балдар диарея оорусуна кабылышат экен.

Аны менен бирге эле ата-энелер дагы ошондой эле ооруга алынып кеткенин көрдүк. Бирок ошолорго жардам болуп атат деп биз уктук кайра эле эл аралык уюмдар аркылуу. Азырынча ден-соолуктарын чыңдаган-чыңдабаганын биз көрө алган жокпуз. Негизи ушундай проблема бар экени анык.
XS
SM
MD
LG