Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

М. Макфол: ЕККУ күчтөрүн киргизүүнү кыргыз өкмөтү колдоду


АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Макфол Бишкектеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 4-майы.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Макфол Бишкектеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 4-майы.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Макфол кыргыз өкмөтү Ош менен Жалал-Абадга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы эместигин маалымдады. Анын ырасташынча, Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялар эл аралык иликтөөгө алынышы керек.


Эл аралык полиция күчтөрү келет дейби?

Майкл Макфол Кыргызстандын түштүгүндө өткөн кайгылуу окуялар кылдат иликтениши керектигин, жагдайды жөнгө салуу үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун эларалык полиция күчтөрү киргизилиш зарылдыгына токтолду.

- Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун эл аралык полиция күчтөрүн Кыргызстандын түштүгүнө, Ош менен Жалал-Абадга киргизүү жөнүндөгү президент Обаманын демилгеси кыргыз өкмөтү тарабынан колдоого алынганы мен үчүн күтүүсүз болду.

Эларалык полиция күчтөрүн жөнөтүүнүн эреже-тартиби эмдиги жумада Казакстандын башкалаасы Астанада өтчү Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жөнжай жолугушуусунда талкууланмакчы. Майкл Макфол Кыргызстанда адам укугунун сакталышы жаатында айрым проблемалар бардыгын белгилеп, жаңжалды жөнгө салууда коопсуздук күчтөрүнүн жөнжай адамдарды негизсиз басмырлабай, мыйзам эрежелерин так сакташы керектигин айтты. Бул маселе Кыргызстандын Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу маалында кенен-кесир талкууланганын белгиледи.

- Кошмо Штаттар Кыргызстанда адам укугунун сакталышы, айрыкча өлкөнүн түштүгүндө, өзгөчө кыргызстандык өзбек улутундагы жарандардын укугунун сакталышында биртоп өксүктөр бар экендигине тынчсызданууда.

М.Макфол Кыргызстанда демократиянын жайылышы, адам укугунун сакталышына АКШ өкмөтү өзгөчө көңүл бура тургандыгын ырастады. Бул жаатта алдыда өтчү парламенттик шайлоодо атаандаш саясий күчтөрдүн текши баарына бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарылдыгына токтолду.

Өлкө тагдырын эл өзү чечиши керек

Антип Батыш өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы демократиялык принциптердин так сакталышына өзгөчө көңүл буруп жатышы, саясат таануучу Уран Ботобековдун ырасташынча, өлкөдө мыйзамдуу бийлик орногон соң оожалууда.

- Борбордук Азияда аларга стабилдүүлүк керек. Стабилдүүлүктү кармаган расмий бийлик керек. Ал бийлик кандай жол менен келди? Эң негизгиси ал шайлоо жолу мененби, референдум жолу мененби, айтор бийликти мыйзамдаштырган бир процесс болуш керек эле. Мына ошол процесс болду деп алар эсептешип атат.

М.Макфол мурунку бийлик тушунда “Манас” абамайданындагы америкалык авиабазанын турушунан улам АКШ өкмөтү Кыргызстандагы адам укугунун сакталышындагы одоно мыйзам бузууларга көз жумуп коюшканы жөнүндө көп сындар айтылганын маалымдады.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ушу тапта айрым эларалык уюм, маалымдоо каражаттарынын, кээ бир расмий өкүлдөрдүн аракети менен Ош менен Жалал-Абаддагы окуялар боюнча бир жактуу коомдук пикир түзүлүп, жаатташкан тараптардын бирөөн зордукчул, экинчи тарап жөн жерден ыксыз азапка туш келип жатканы айтылып жатканына токтолуп, өлкө проблемасын кыргызстандыктар сырттан кийлигишүүсүз өздөрү чечиши керектигине токтолду.

- Кыргызстандын тагдырын кыргызстандыктар чечиши керек. Кыргызстан турмушун, кыргыз элинин турмушун кыргыздар оңош керек. Башка бирөөлөрдү сыртта күтүп отурбайчы. Бизге жардам алып келет деп отурбай. Негизги максат ушул философияга өтүш керек.

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү жаңжалды жөнгө салуу үчүн Орусиядан аскер күчүн сураган. Расмий Маскөө ал маселени Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн талкуусуна коюп, соңунда аскер күчү эмес атайын техника, жарак-жабдык жагынан жардам кылынары маалымдалган. Ал эми ЕККУнун эларалык полиция күчтөрү кандай шартта киргизилери азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG