Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Роза Отунбаева Барак Обама менен жолугушту


Барак Обама Роза Отунбаева менен жолугушууда, Нью-Йорк, 24-сентябрь.
Барак Обама Роза Отунбаева менен жолугушууда, Нью-Йорк, 24-сентябрь.

Кыргыз мамлекетинин башчысы Роза Отунбаева менен АКШ президентинин жолугушуусу кечээ Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын отурумунун алкагында болду. Анда Барак Обама Кыргызстандагы демократиялык институттарды калыбына келтирүүдө президент Отунбаеванын акыркы айлардагы иш-аракетин жогору баалады.

Жолугушууда АКШ президенти Барак Обама Кыргызстандагы демократиялык институттарды калыбына келтирүүдө акыркы айлардагы президент Роза Отунбаеванын иш-аракетин жогору баалаган. «Жаңы өкмөт көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына болгон чектөөлөрдү жойду, референдум аркылуу жактырылган конституциянын жаңы долбоорун даярдады жана шайлоону өткөргөнү жатат. Мен мындай аракеттер өлкө тургундарынын социалдык-экономикалык жактан жогорулоосуна шарт түзүп берет деп ишенем. Сиздер жүргүзүп жаткан реформаларды биз толугу менен колдойбуз деп ишендирип кетким келет”, - деди президент Барак Обама.

Тараптар мындан тышкары коопсуздук маселелерин да талкуулашты. Сүйлөшүү учурунда өлкө түштүгүндөгү абалды жөнгөрүүдө жана калыбына келтирүү иштери боюнча кыргыз өкмөтүнүн иштери белгиленди. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG