Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Д.Ошуракунова: Өзүн башкаралбаган бийликтин өлкөгө алы жетпейт


АКШнын Мамдепартаменти Адам укуктарынын абалы боюнча 2009-жылды иликтеген баяндамасын жарыялады. Буга байланыштуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова “Азаттыкка” маек курду.

- Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин отчетунда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, оппозицияга жана бейөкмөт уюмдарына болуп жаткан кысымдар тууралуу айтылган экен. Сиздин баамыңызда АКШнын Мамлекеттик департаментинин отчету канчалык негиздүү?

Динара Ошуракунова: Мен ойлойм булар өзүнүн отчетун биздин, же өлкөдөгү миссиялардын отчетунан алып жазган. Ал айтылгандын бардыгы туура болуп чыгат. Анткени чынында эле азыр өлкөдө саясий, жарандык укук, дегеле адам укуктары абдан кыйын абалда болуп атат.

- Сиздер чет элдик уюмдарга да билдирип келатасыздар. Мына Мамлекеттик департаменттин отчету чыкты. Ушуга биздин бийлик кандайдыр бир көңүл буруп, реакция кылып атабы?

Динара Ошуракунова: Азыр биз көрүп атабыз, бийлик көңүл бурбайт. Бийлик өз маселелерин чече албай жүрөт. Ал ошол эле менеджмент, өздөрүн өзү башкаралбагандыктан өлкөнү да башкаралбай, ошондуктан сындап, же проблема көтөргөндөрдү куугунтук жасайт, же көңүл бурбайт. Ушул эки эле мамилени жасап атышат.

- Мамлекеттик департаменттин баяндамасында 2008-жылдан бери бейөкмөт уюмдарды каттабай, аларга чет өлкөдөн финансылык колдоо алганга жолтоо болуп жаткан өлкөлөр 25ге жеткени белгилениптир. Бизде да ушундай фактылар барбы?

Динара Ошуракунова: Албетте. Бизде Исхак Масалиев көтөрүп чыккан мыйзамдын мамлекеттик эмес уюмдар, анан эл аралык уюмдар боюнча жаңы долбоорго эң жаман нормалар киргизилип атат. Бирок биз баарыбыз чогулуп, ага макул болбой, каршы чыкканыбыз үчүн, азыр ал мыйзам долбоору жөн эле турат. Бирок ал эч жакка кеткен жок, ар бир мезгилде аны кабыл алып калса болот. Ошондуктан мыйзам долбоору активдүү мамлекеттик уюмдарга басым кылганга ушундай аракеттер жасалып атат.

- Мамлекеттик департаменттин отчетунда кыйноолор, адам өлтүрүү жана адамдын жалпы укуктары көп бузулганы айтылды. Кыргызстанда да ушундай кездешеби?

Динара Ошуракунова: Албетте. Анткени азыр кайсы жерге караба, бүт жерде биздин социалдык, экономикалык, саясий, жарандык укуктарыбыз тебеленип атат. Керек болсо 8-мартта биз аялдардын укуктары жөнүндө сүйлөдүк. Азыр үй-бүлө укуктары, балдардын укуктары бузулуп атат. Алардын мектепте бекер окуганга мүмкүнчүлүгү жок. Бардык жерден укуктар тебеленип атат. Биз бул боюнча мамлекетке кайрылганда, мамлекет көңүл бурганы менен эч нерсе жасай албай атат. Ал белгилүү.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG