Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

АКШ президенти Барак Обама жана Орусиянын мамлекет башчысы Дмитрий Медведевдин бүгүн боло турган жолугушуусу кызуу талкууга алынууда. Буга байланыштуу Нью-Йорк университетинин изилдөөчүсү, саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевди “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.

- Аскарбак мырза, эки ири державанын башчылары жолугушуусунда эки өлкөнүн өзөктүк корун кыскартуу, Иран, Ооганстан, Түндүк Кореядагы кырдаал жана ошондой эле отун-кубат коопсуздугу өңдүү маселелер талкууга алынаары айтылууда. Ошентсе да сиздин оюңузча, жолугушуунун өзөгүн кайсы маселе түзөт?

- Менимче, стратегиялык басып кирүүчү куралдарды кыскартуу маселеси. Анткени анын мөөнөтү бүтүп баратат, декабрда бүтөт. Барак Обама Москвага башында айткан Россия менен мамилени кайра баштоо максаты менен келгени жатат. Анан албетте Ооганстан боюнча суроолор коюлушу мүмкүн.

- АКШга Жорж Буш мамлекет башчылык кылып турган учурда, ошол эле учурда Орусияга Владимир Путин жеткечилик кылып турган тушта баягы Кансыз согуш доору кайрадан башталды деген пикирлер айтылып атты эле. Бул жолу Орусиянын жана АКШнын жаңы жетекчилери кансыз согушка алып келүүчү жолдорду жок кылууга мүмкүнчүлүгү жетеби?

- Азыр Россиянын СССР убагындай күчү жок, бирок Россия өзүн ошол чоң күчтөрдүн бири болуп эсептелем деп ойлойт. Бирок Америкада Орусияны анчалык чоң күчтөрдүн катарына кошпойт, ошондой болсо да азыр андай кансыз согуштун улануусу анчалык мүмкүн эмес. Анткен себеби Американын жана НАТОнун күчтөрү улам-улам чоңоюп баратат, Россия аларга атаандаша албайт.

- АКШ-Орусия мамлекет башчылары бул сүйлөшүүсүндө Бишкектеги “Манас” аэропортунда жакында түзүүгө уруксат берилген Транзиттик борбор тууралуу да кеп болот, анда борбор аркылуу аскердик жүктөрдү ташууга уруксат берүү маселеси каралат, деген да пикирлер айтылган. Сиз кандай ойлойсуз?

- Муну Россия азыр айтып атат аскердик жүк биздин абабыз менен дагы жер менен дагы өтө берсин деп, алар өзүнө бул ишти алып алышты. Башында аябай кыйкырып атты эле Россиядан аскердик жүк ташууларды андай мындай деп, азыр “Манаста” андай жүк ташылбай турган деп чечимге келбедиби. “Манастын” мааниси алда канча эле түшүп кетти бирок анын эсебинен Орустар өздөрүнүн проблемаларын чечип алайын деди. Мобул Грузия боюнча тигил Чыгыш Европадагы ракетага каршы коргонуу боюнча маселесин “Манастын” эсебинен чечип алайын деп аракет кылып атат. Азыр менимче, Медведевдин планы ишке ашып атат, азыр ал уруксаат берип атат “Манас” аркылуу өткөрбөй эле койгула, Россия менен өткөргүлө, баардыгын биз аркылуу чечкиле деп. Бул деген биз Кыргызстан азыр бир топ көзүрлөрдү Россияга берип койдук дегенге жатат да. Тышкы саясатта бул гравитациялык күчтөрдү тең кармап туруш керек да кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн. Биз Россияга дагы тартылып кетпей, Кытайга да, Америкага да тартылып кетпей үчөөнү тең салмакта кармап, үчөөнөн тең пайда көрүшүбүз керек эле. Бирок Россияга тартылып кеткендиктен өзүбүздүн эркиндигибизди тышкы саясатта жоготуп коюп атабыз.

- Демек Өзбекстан менен Кыргызстан мындан ары диний экстремизмге каршы күрөшүүчү эл аралык күчтөрдүн негизги өнөктөшү боло албай калды деген сиздин пикириңиздин себеби ушуга негизделген окшойт?

- Анткени биз өзүбүздүн чечимибизди Москавага берип коюп атпайбызбы, ошондуктан Обама деле ойлоп атат, алар ишенип калды биз Москава аркылуу өтпөсөк баары бир аларда өз алдынча чечим болбойт окшойт деп. Андыктан алар көбүнчө азыр Москва аркылуу чечүүгө аракет кылып атышат.

- Эми ушул Борбор Азиядагы мамлекеттердин жеткечилеринен Өзбекстан менен Кыргызстандын Москвага негизги көзүрүн алдырып коюшуна экономикалык кызыкчылыктар гана себеппи, же башка дагы таасирлер барбы?

- Биринчиден, бул биздин менталитетибизге да байланыштуу. Айрыкча биздин жетекчилерибиздин баары тең илгерки адамдар болгондуктан дагы деле эркиндиктин маанисин түшүнбөй, дагы деле ошол жакка көз каранды болуп аткандыктан болуп атат. Анан дагы өлкөнүн ичиндеги ар кандай процесстер, шайлоо, экономикалык абал дагы таасирин тийгизет. Ошондуктан бизде акча да көбүнчө маселени чечип коёт.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG