Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Мери Бекешова: УТРК мыкты адистерге муктаж


Коомдук телерадиого айланып аткан УТРКны реформалоо маселесинин айланасында “Азаттыктын” суроолоруна “Журналисттер” коомдук бирикмесинин программалык координатору Мери Бекешова жооп берди.

- Мурдагы бийликтер тушунда айтылганы менен ишке ашпай келген Коомдук телеканалга айланып аткан Биринчи каналдын байкоочу кеңеши учурда түзүлдү. Байкоочу кеңештин төрагалыгына Элвира Сариева шайланды. Эми бул кеңеш каналдын жетекчилигин шайлоо, редакциялык саясатын аныктоо жана каржылык агымдарын көзөмөлдөө укуктарына ээ болот экен. Кандай ойлойсуз, Коомдук телерадионун байкоочу кеңеши канчалык эффективдүү иштей алат? Мурда-кийин практика деген болуп көргөн эмес эле да, чоң өзгөрүүлөрдү күтсөк болобу?

Мери Бекешова: Негизинен байкоочу кеңеш Улуттук каналды таптакыр түп тамырынан өзгөртүп, башкача нерсеге алып келет дегенден алысмын. Себеби толугу менен өзгөртүп, аны башкача кылууга жетише албайт. Болгону азыр байкоочу кеңеш Улуттук каналдын жетекчилигинин мамлекет башчысынан болгон көз карандысыздыгын гана берет. Себеби азыркы байкоочу кеңеш Улуттук каналдын жетекчилигин шайлоого, эгерде туура эмес иштерди жасап атса аны сындоого, керек болсо жумушунан алып таштоого да мүмкүнчүлүгү болот. Болгону ушул жагынан жакшы жетишкендиктерге ээ болдук. Себеби мурун мамлекет жетекчилигине ким келсе, ошону сөзүн сүйлөп, ошонун саясатын жүргүзө берген Улуттук канал, эми байкоочу кеңештин козөмөлүндө ишин алып барып калат. Бул жагынан эң чоң жетишкендик. Бирок түп тамырынан өзгөртүп, аны башкача жүзгө алып келет дегенден алысмын.

- Улуттук 1-каналдын мындан ары маалыматтары, программалары эркин, бейтарап болот деп ишенсек болобу?

Мери Бекешова: Байкоочу кеңештин түзүлгөнү болгону маалыматтарды бейтарап, бир партиянын, же бир адамдын саясатын жүргүзбөгөн объективдүү маалыматтарды берүүгө түрткү болот. Ал эми башка программалардын бардыгы тең эле бир аз өзгөрүшү мүмкүн, калганы ошол бойдон эле калат.

- Дегеле мамлекет тарабынан каржыланган маалымат каражаттарын, Улуттук биринчи канал баш болгон эл аралык талаптарга, рыноктук шарттарга, демокартиялык принциптерге ылайык өзгөртүү үчүн негизги эмнелер керек деп ойлойсуз?

Мери Бекешова: Негизги талап 1-каналга профессионалдар керек. Бул жерде аябай көп киши иштеп, бирок анча прогрессивдүү иштей албаган аябай чоң уюм болуп атпайбы. Ага караганда жеке телеканалдар аябай жогорку деңгээлдеги программаларды, маалымат программааларын жасап атат. Бул жерде болсо менеджментин өзгөртүш керек, профессионалдар керек, прогрессивдүү уюмга айландыруу үчүн дагы көп иштеш керек. Улуттук каналдын байкоочу кеңеши бул жакта туруп, анын толук курамын өзгөртүп, адистерин алмаштырууга таасир бере албайт. Азыр болгону анын жетекчисине өзүнүн кеп-кеңешин берүүчү гана орган болуп калат.

- Балким жеке менчик маалымат каражаттарын өстүрүп, ошолорго шарт түзсө эле атаандаштыктын негизинде мамлекеттик каналдар да өзгөрөр?

Мери Бекешова: Албетте бизде жеке менчикке деле шарт жакшы эле берилген. Буга чейин берилбесе, эми мындан ары жакшы эле берилет. Атаандаштыктын негизинде өнүгүшү мүмкүн. Бирок Улуттук канал мамлекеттин эсебинен каржыланып аткандан кийин анын жетекчиси мамлекеттин акчасына жашап аткандан кийин көп деле атаандашпай, тынч иштей бериши мүмкүн.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG