Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

УТРК: Байкоочу кеңештин боосу бек болор бекен?


УТРКнын президенти Мелис Эшимканов.
УТРКнын президенти Мелис Эшимканов.

Бүгүн Жогорку Кеңеш президент Курманбек Бакиевдин сунушу боюнча УТРКнын Байкоочулар кеңешинин курамын бекитти.

Жогорку Кеңеш ушуну менен УТРКнын Байкоочулар кеңешин экинчи ирет бекитип отурат. Биринчи жолу президенттин, парламенттин жана жарандык коомдун сунушунун негизинде түзүлгөн Байкоочу кеңеш пикир келишпөөчүлүктөргө тушугуп, тарап кетүүгө аргасыз болгон.

Ал эми Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кетер алдында кабыл алган “Телерадио берүүлөр жөнүндөгү” жаңы мыйзамда Байкоочу кеңешти президент жеке өзү сунуштайт деп көрсөтүлгөн. Анын негизинде сунушталган талапкерлердин бирине да депутаттар доомат айтышкан жок. Алардын катарында Билим, илим, маданият, маалымат саясаты комитетинин төрагасы, СДП фракциясынын төрага орун басары Иса Өмүркулов кеңешти түзүү принциби туура эмес болуп калган деп билдирди:

- Түзүү принциби туура эмес болгон деп мен өз пикиримди айткам. Мисалы, бу жерде жарандык коомдун өкүлдөрү жок, башка партиялардын өкүлдөрү жок. “Ак жолдун” өкүлү бар ал жерде. Саясий кеңештин мүчөсү болгондо да. Эмне үчүн оппозициялык партиялардан жок?

Ошол эле мезгилде “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Роза Абдыраимова Байкоочу кеңеш боюнча кандайдыр бир доомат айтууга эч кандай негиз жок деди:

- Ар бири татыктуу адамдар. Ушул адамдар оңдобосо биздин Улуттук телерадиону башка эч ким оңдой албайт.

Коммунисттер фракциясынын башчысы Искак Масалиев баштаган бир топ депутаттар Байкоочу кеңештин биринчи максаты УТРКда учурда орун алган чыр-чатакты жөнгө салууда тургандыгын белгиледи:

- Азыр кыргыз телерадио корпорациясында чыр-чатак болуп атат. Ушул кишилер барып чыр-чатакты басканга салым кошсо жакшы болот эле. Себеби, ал бирөөнүн менчиги эмес, мамлекеттики. Мамлекеттики болгон соң чыр-чатактарды токтотуш керек.

СДП фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева чыр-чатактын чыгышына Улуттук телеканалдын агартуучулук милдеттерин унутуп, коммерциялык максатты көздөп кеткендигинде болуп жаткандыгы себепкер деп, жаңы Байкоочу кеңешти муну тизгиндөөгө кеңешти чакырды:

- Азыркы жетекчиликти коммерциялык жактан бетин ачып аткан жаш, кыргыз элине абдан эле таанымал бир топ журналисттер турушат. Бир жылдан бери реформа болот деп көп убада берген Эшимканов. Биз ал реформаны көрүп аткан деле жокпуз.

УТРКнын директору Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүүнү талап кылган кызматкерлер тобу 3-декабрдан бери М. Горькийдин эстелигинин жанында пикетте турушат. Алардын бири Бейшенбек Бекешов УТРКдагы азыркы чатакты Байкоочу кеңеш чече алат деп ойлобойт.

Ошол эле мезгилде парламентте Байкоочу кеңештин жаңы мүчөлөрүнүн атынан сөз алган адабий, коомдук ишмер Бексултан Жакиев президент менен парламенттин ишенимин актоого жаңы курам аракет кылат деп ишендирди.

Президенттин парламенттеги өкүлү Камбараалы Конгантиевдин УТРКнын уставына таянып билдиргенине караганда Байкоочу кеңешке принципиалдуу милдеттер жүктөлгөн. Алардын катарында кеңеш директордун каржылык жана башка отчетторун уга алат, президентке сунуш киргизе алат.

Медиа тармагындагы укук коргоочулар болсо азыркы байкоочу кеңеш УТРКны башкарууда таасирдүү күчкө ээ боло алат дегенге дегеле ишенишкен жери жок. “Журналист” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев президент жеке өзү түзгөн Байкоочу кеңеш айтканды гана жасоого аргасыз топ болуп калат деген ойдо. Журналисттердин укуктарын коргоочулар УТРКны коомдук телекөрсөтүүгө айлантып, анын алдында чыныгы Байкоочу кеңеш түзүү керек деген көз карашта кала беришүүдө.

УТРКнын Байкоочу кеңеши:

Айтиева Максуда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын "Ош ресурстук борбору" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору
Актан Арым Кубат, кинорежиссер
Самат Бөрүбаев, “Даанышман” коомдук фондунун төрагасы
Бексултан Жакиев, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетинин төрагасы
Тынай Ибрагимов, кинорежиссер, УТРКнын көркөм кеңешинин төрагасы
Назаркул Ишекеев, педагогика илимдеринин доктору
Мира Карабаева, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын доценти, “Социалдык технологиялар агенттиги” бейөкмөт уюмунун эксперти
Ташмамбет Кененсариев, тарых илимдеринин доктору
Кадыраалы Коңкобаев, филология илимдеринин кандидаты
Сагынбаев Абдысамат, КТУнун телекоммуникация кафедрасынын башчысы
Турапов Каримберди, Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын башкы директору

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG