Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

Кыргызстандагы украин жарандары да добуш берүүдө


Бүгүн Украинада өтүп жаткан президенттик шайлоого Кыргызстанда жүргөн бул өлкөнүн жарандар да добуш берип жатышат. Украинанын Кыргызстандагы элчилиги билдиргенине караганда, Кыргызстанда 246 украиналык жаран ырасмий катталган. Андан тышкары иш сапарлары менен Кыргызстанда жүргөндөрү да бар.

“Азаттыктын” кабарчысы Мирлан Токталиев Бишкектеги Украина элчилигинде болуп, украиналыктар үчүн ачылган № 42 добуш берүү учаскасындагы шайлоо процессине күбө болду. Кабарчыбыз билдиргендей, добуш берип аткандардын катарында 18 жаштагы алгачкы жолу шайлоого катышып аткан украиналык жарандар бар. Украинада бүгүн өтүп аткан президенттик шайлоого 18 талапкер катышууда.

Украиналыктар беш жыл мурдагы “саргылт ыңкылаптан” бери алгачкы ирет өз өлкөсүнүн башчысын тандап жатышат. Ыңкылаптан кийин президент болгон Виктор Ющенко бул ирет да президенттикке ат салышууда, бирок аны шайлоочулардын 3% гана колдошу мүмкүн дешет. Анын ордуна Ющенконун беш жыл мурдагы атаандашы Виктор Янукович жеңиши ыктымал.

Коомчулуктагы пикир сурамжылоолордун жыйынтыгына ылайык, Януковичтен кийинки орунда азыркы премьер-министр Юлия Тимошенко турат. Бүгүнкү шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атынан 600дөй байкоочу көз салууда.

Ала-Тоодогу украин жарандары да добуш беришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

XS
SM
MD
LG