Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Кыргызстандын Украинадагы мурдагы элчиси, мамлекеттик ишмер Эсенгул Өмүралиев Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында эки талапкер тең жеңишке жете албай калышы ыктымал деп эсептейт.

- 7-февралда Украинада шайлоонун экинчи айлампасы күтүлүп, Тимошенко менен Януковичтин ортосунда күрөш жүргөнү турат. Эмнени күтүп атасыз, сиз дагы байкоо салып турсаңыз керек азыр бул шайлоого?

- Ооба. Эми азыр кимиси жеңээрин бир беткей айтыш кыйын. Менимче, бул кырдаалга, элдин маанайына жараша болот. Бирок бүгүнкү күндө Тимошенко менен Янукович экөөн тең эл колдоп кете турган фигуралар. Буга Украинанын ички маселеси эмес, тыштагы маселе дагы таасир этет.

- Мисалы?

- Мисалы, Орусиянын, Европа Биримдигинин, Американын позициясы дегендей. Анын ичинде бир чоң маселе бар да, жанагы Сергей Тигипко деген жигит, бул өзү мындай айтканда батышчыл жигит.

- Бирок ал Януковичке ыктаган саясатчы болуш керек?

- Аны азыр ал айта элек, ал мен тиги жакка да, бул жака да эмесмин, ортодомун, эч кимге кошулбайм дегендей кылып атат. Бирок мен ойлойм, бул баары бир Тимошенкого кошулуп кетет деп. Себеби ал жигитти мен жакшы билем, ал экөөбүз убагында вице-премьер болуп да чогуу иштегенбиз. Анан бул Ющенкодон кийин Улуттук банктын ордун ээлген жигит, негизинен булардын командасындагы жигит. Бул бир жагы. Экинчи жагынан, азыр Радада эки чоң фракция Януковичти колдоп кетип атат, Литвин менен коммунисттердин блогу. Булардын да чоң электораты бар. Ошон үчүн азыр буларда мындайча айтканда теңме-тең болуп атат. Мен ойлойм, 7-февралдагы шайлоодо жеңиш бир тараптуу болбойт, бир тараптуу болсо да чоң чатак чыгат. Янукович жеңсе Тимошенко Майданга “саргылттардын” баарын алып чыгат, берки президент, Батыш кошулат. Анда Европа Биримдиги илгеркидей бул туура эмес өттү деп кайра чатак баштайт.

- Ошон үчүн Тимошенконун утканы өлкөнүн тынчтыгы үчүн да, эл аралык мамилелер үчүн дагы пайдалуу деп эсептейсизби?

- Жок, мен пайдалуу деп эсептебейм. Тимошенко ЕБ менен Американын колдоосуна таянып турат да. Алардын ою белгилүү, алардын ою Украинаны КМШдан ажыратып, Батышка тартып, берки жакты алсыздандырыш керек да. Орусия Януковичке басым жасаганы менен Тимошенко менен да Путин ойноп атат да, анда-санда колдоо көрсөтүп. Ал киши дагы Путинге кичине реверанс берип атат. Бирок мен ал аялды жакшы билем, ал бүгүн ошентип коюп, эртең тескери басып кетет. Ошон үчүн ага чоң ишенич жок. Өзү ичинен макул болгону менен баары бир орустар берки тарапка карайт. Менимче, экинчи турдун жыйынтыгы болбойт. Абал азыр мындай болот да, тең-тең болуп калды, анан шайлоонун дагы бир этабы болсун деген бүтүмгө келишет го.

- Андай учурда кандай чечилиши мүмкүн президенттин орду?

- Анда экөө тең чыгат, анан жаңы талапкер чыгат. Мен ойлойм, Литвин менен Тигипко экөө чыгат деп.

- Эсенгул мырза, Украина менен Кыргызстанды кандай салыштырат элеңиз. Мисалы бир топ талдоочулар айтып жүрүшөт да, Кыргызстанда Украинадагыдай демократиялык шайлоо, же болбосо демократияга чукулураак шайлоо өтө сейрек болгон деп. Мисалы, Масалиев менен Акаевдин биринчи жарышы учурунда 90-жылдары болгон деп айтып жүрүшөт. Сиз кандай деп айта аласыз, мисалы “жоогазын ыңкылабынан” кийин биздеги шайлоо кандай өттү эле, ага чейинки Акаевдин учурундагы шайлоолор кандай өттү эле. Украина менен салыштыра аласызбы?

- Украина менен Кыргызстандагы шайлоону салыштырууга болбойт. Украинада такыр башка абал, шайлоо процесси да, жыйынтыгы да башка. Бизде башкаруудагы шайлоо болгон, азыр деле болуп келатат, бизде такыр башка.

- Биздеги шайлоолордо качандыр бир салыштырмалуу түрдө болсо да, акыйкаттыкка жакыныраак аракет кылган учурлар болду деп эсептейсизби?

- Бизде бир эле шайлоо болгон акыйкаттыкка жакын, бул баягы легендарлуу парламентти шайлаганда. Андан бери мен андай шайлоо көрө элекмин, уга да элекмин.

- Ал эми президенттик, же парламенттик жарыштарчы?

- Президенттикке дагы, парламентке да андай шайлоо боло элек. Эгемендик алып атканда бир аз таза шайлоо болгон. Ошондо анча-мынча элдер келип, өзүңөр билесиңер, легендарлуу парламентте бөлөк пикирлер, бөлөк ойлор айтылып, бөлөк сунуштар киргизилип, ошонун негизинде мамлекет кичине бөлөк өнүгүү жолуна түшкөндөй болгон да. Анан кийин баары кайра тескери бурулуп кетпедиби.

- Акаев-Масалиев жарышына кандай баа бересиз?

- Ал жерде жарыш деле болгон эмес. Ал кезде мен легендарлуу парламенттин депутаты катары айтып коеюн, ал жерде бир жактуу эле болгон. Маркум Апсамат Масалиев 15 президенттин эмне кереги бар дегенде, биз ал кишини оюндан чыгарып эле тиги кишини алып келели деген сунуш болгон.

- 2005-жылкы ыңкылаптан кийинки президенттик шайлоо сизге кандай таасир калтырды?

- Бийликти алган кишилер ошол бийликти өзгөртүүгө даяр келиш керек, ошого өзүнүн концепциясы, ой-пикири, программасы болуш керек. Программасы, ой-пикири жок бийлик эмненин үстүнөн чыгып, кандай жетишкендикке жетээрин турмуш көрсөтпөдүбү, мына 2005-жылдан берки турмуш көрсөттү, эл ичинде ынтымак жок, экономикада өнүгүү жок дегендей. Анын баары эле бийлик даярдыгы жок, келечеги жок келди деген маселе.

- Маегиңизге чоң рахмат.


  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG