Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Кыргызпатент кызматынын төрөгасы Улан Мелисбек өткөн жумада Чехияда иш сапары менен болуп, кайтып кетээринде “Азаттыктын” Прагадагы студиясына келип маек куруп берди.

“Азаттык”: Улан, кош келипсиз Прагага. Кандай максатта келип калдыңыз Чехияга?

Улан Мелисбек: Бизди Чехиянын интеллектуалдык менчик офиси тажрыйба алмашуу максатында атайлап чакырып, тосуп алды, беш күндүк сапар менен келдик. Айта кетчү нерсе, Чехиянын патент кызматынын тажрыйбасы биз үчүн абдан кызыктуу жана баалуу, анткени Чехия мурун социалисттик лагерге кирген өлкө эле, азыр ал ийгиликтүү түрдө Батыш экономикасына интеграциялануу этабынан өттү. Биз мындайча айтканда, изин басып, ишин туурай турган ийгиликтүү патент кызматынын тажрыйбасын изилдешибиз керек.

Кыргызстанда биздин мекеменин ичинде болуп жаткан реформаларды башка бир ийгиликтүү интеллектуалдык менчик офисинин кадамдары менен салыштырып, кайсы жагын туура, кайсыл жагын туура эмес жасап жатабыз деп иликтеп баалашыбыз керек.
Биз каякта болбойлу, баары бир кыргыз бойдон кала беребиз.


Айта кетсек, бизди кызыктырган нерсе - патенттик кызматтын иш кагаздарын электрондук форматка өткөрүү тажрыйбасы. Чехияда бардык иш кагаз-документтер электрондук формага өткөрүлүп, эчактан эле атайын программалар даярдалып, интеллектуалдык системага тиешелүү иш кагаздарын электрондоштуруп алышкан.

“Азаттык”: Бизде ошол интеллектуалдык менчикти каттоо, коргоо системасын компьютерлештирүүгө адистер жетпейби, же техника начарбы?

Улан Мелисбек: Бизде көп нерсе жетпейт. Эң негизгиси – албетте, каражат тартыш, анткени электрондоштуруу, же компьютерге өткөрүү процесси абдан татаал иш. Өзбекстандагы патент кызматы 2 миллион доллар айланасында каражат сарптап, өзүнүн иш кагаздарын электрондоштуруп алды. Биздин өлкөнү алсак, Бажы кызматы 10 миллион доллар сарптап, өзүнүн электрондук системасын жасаттырып алды. Негизи электрондоштуруу абдан кымбат процесс. Адистер дагы жок, ал эми чет өлкөлүк адистердин ишинин баасы, албетте, абдан жогору.

“Азаттык”: Улан, өзүң билесиң го, Борбор Азия ичинде Кыргызстан жаштар арасында интернет пайдалануучулар, компьютер пайдалануучулардын саны жагынан баарынан алдыда келатат. Бизде ушундай жаш адистер жокпу?

Улан Мелисбек: Интернет пайдалангандар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу көбүрөөк бизде, жети жүз элүү миңге жакын киши кеминде айына бир ирет интернетке кирет, айрым изилдөөлөргө караганда. Бирок жөнөкөй эле катардагы интернет колдонуучуларды жогорку технология тармагында иштеген, атайын электрондук системаларды программалаган адистер менен чаташтырбоо керек.
Биз Сингапурга окшоп, силикон чыгаруу өнөр жайын өнүктүрүп алышыбыз мүмкүн эле.


“Азаттык”: Кыргызстан өзүн ачык өлкө деп жарыялап, 1990-жылдардын башынан бери канча миңдеген Кыргызстандык жаштар чет өлкөлөргө барып билим алып келишти. Бир нече тилде сүйлөшөт, интернет, компьютер технологиясы жагынан билим алган жаштар абдан көп, өкмөттүн кагаздарын компьютерлештирүү ишине ошолорду тартсак болбойбу?

Улан Мелисбек: Тилекке каршы, компютерлик жогорку билим алган биздин адистерибиз башка өлкөлөрдө калып калып атышат. Анткени бул тармак маянасы жогорку деңгээлде төлөнгөн тармак. Ошол эле Батыш өлкөлөрүндө, Европада биздин жаштар калып иштесе Кыргызстанга салыштырмалуу абдан көп акча таба алышат. Эми биз аларды кантип мажбурлайбыз?

Кыргызстанда анча деле көп ресурстар жок. Биздин эң негизги ресурстарыбыз адам ресурсу деп эсептеп келгенбиз көп жылдар бою. Бирок санай турган болсок, биздин ушул адамдык ресурсубузду, анан дагы бир нече тармактарыбызды өнүктүрүп бутка тургуза алмакпыз. Жалаң эле туризм же банк, же кандайдыр бир башка соода-кызмат секторунда эмес, ошол компьютердик сектордо да биздин абдан чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар болчу. Анткени биздин тоолордо hard ware (компьютерди даярдоодо колдонулган материалдар) өнүктүргөнгө керектүү бардык элементтер, силикон бар биздин тоолордо.

Биз негизи Сингапурга окшоп, силикон чыгаруу өнөр жайын өнүктүрүп алышыбыз мүмкүн эле, али мүмкүн . Эми программа жазуу жагын алсак, ал жактан дагы бизде керектүү шарттар түзүлө баштаган, анткени чын эле бизде ЭВМ заводу бар болчу, биздин жогорку билим берүү жайлары абдан жакшы адистерди даярдап келген, азыр деле даярдап жатат. Бирок тилекке каршы, Кыргызстанда азырынча бул тармактагы иштер, акыбал, ачык айтканда анчалык ийгиликтүү эмес.
Электрондоштуруу абдан кымбат процесс. Адистер дагы жок, ал эми чет өлкөлүк адистердин ишинин баасы, албетте, абдан жогору.


“Азаттык”: Улан, өзүң башкарган интеллектуалдык менчик тармагы Кыргызстанда кандайдыр бир жапайы деңгээлде калып жаткандай сезилет. Анткени кайсы дүкөнгө кирбесең, DVD, СD дегендердин пираттык (уурдалып жаздырылган) нускалары миңдеп, миллиондоп сатылып атат ушул күнгө чейин. Ушуну кандайдыр бир жаңы деңгээлге көтөрүү жагын сен, мисалы, Америкадагы ишиңди таштап, Кыргызстанга келип иштеп берейин деп кыргыз өкмөтүнө кошулганда Батышта билим алып, иштеп такшалып калган Уландай адистерди алып келип атат деп сүйүнгөнбүз. Ошол өзүңдүн тармагыңда бир жылдай убакыт ичинде кандай жылыш жасадың?

Улан Мелисбек: Кыргызстанда менин кабинетимде дайыма барактарын ача калып карай турган китептерим бар, анын баары менеджментке тиешелүү, анткени мен Батыш өкөлөрүндө көп жыл жашап, ошол жактан билим алып, өз көзүм менен көрүп каныма сиңдирген нерселерди Кыргызстанда ишке ашырайын дегем. Бирок, мына ошол китепте жазылган Батыш өлкөлөрүндө өзүнүн ийгиликтүүлүгүн далилдеген башкаруу, же менеджмент ыкмалары биздеги мамлекеттик органга көбүн эсе туура келбей калып атат.

Анткени системалык тоскоолдуктар бар, бирок ага карабастан эмнеси, кайсынысы, ушул заманбап менеджмент системасынын кайсы элементтери Кыргызстандын шартына, мамлекеттик органдын шарттарына ылайык болсо, ошолорду чечкиндүүлүк менен ишке ашырып жатам. Кыргызпатентте,тилекке каршы, техника абдан эски экен, техниканын баарын тең азыр жаңыртып атабыз атайын тендер жарыялап, жакында эле жаңы компьютерлер келди, азыр баары тең орноштурулуп атат.

Биздин иш-чараларыбызды автоматташтырганга азыр каражат жок, болсо дагы өз күчүбүз менен, өзүбүздүн мекемеде иштеген балдардын күчү менен, ошолордун билими менен акырындап баштадык. Анан мекеменин ичиндеги, биздин кызматкерлер арасындагы мамиле маданиятын өзгөрткөнгө аракет кылдым. Анткени бизде бир эски Совет доорундагы салт боюнча дагы эле уланып келаткан көп жаман адаттарыбыз бар да. Мисал үчүн, жетекчи бир жерге кире калса, баары тең тура калышат, чочуп кетишет, коркушат. Эми ушунун баарын, адамдардын ички психологиясын өзгөрткөгө аракет кылып атам.
Батыш өлкөлөрүндө өзүнүн ийгиликтүүлүгүн далилдеген башкаруу, же менеджмент ыкмалары биздеги мамлекеттик органга туура келбей калып атат.


“Азаттык”: Улан, көп жылдар чет өлкөдө жашап жүрдүң - Түркияда, Америкада жашадың, Швейцарияда билим алдың, ошол тажрыйбаңдын баарын топтоп туруп, жакшы маяна тапкан жумушуңду таштап, үй-бүлөңдү дагы убактылуу ар кандай себептерден улам океандын ары жагына калтырып, өзүң Кырыгзстанга келип иштеп атканыңа бир жыл болуп калды. Ошентип келгениң өзүңдүн жеке турмуштук тажрыйбаң үчүн кандай сабак берип атат? Деги ушул чет өлкөлөрдө окуп иштеп жүргөн кыргыз жаштарына Кыргызстанга келип иштегенге кеңеш берет белең?

Улан Мелисбек: Албетте, Кыргызстанга кайтууңар керек деген кеңеш берет элем. Бирок мындай чечим алуунун өз баасы бар. Мындай бааны төлөгөнгө кудурети жеткен балдар кайтышы керек. Анткени мына мен сиз айткандай үй-бүлөмдү океандын аркасына таштап келдим, бул оңой эмес.

Биз каякта болбойлу, баары бир кыргыз бойдон кала беребиз. Кыргызстан биздин мамлекетибиз, ошон үчүн Кыргызстанды ар кандай квалификациясы төмөн деңгээлдеги адамдарга таштабай, өз өлкөбүзгө ээ болуп чыгышыбыз керек да биздин муун.

Канчалык система бизге уруксат бербей, кайра колдогондун ордуна тоскоолдуктарды жаратып, ар кандай оюндар, терс көрүнүштөр болбосун, кыргыз жаштары, өзүнө ишенген, менин алым, кудуретим жетет деген жаштар Кыргызстанга келип, бири-бирин колдоп, бири-бирине жөлөк болуп, баарыбыз чогуу өзүбүздүн өлкөбүздү көтөрбөсөк, башка ким көтөрөт?

“Азаттык”: Чоң рахмат, ишиңе ийгилик каалайбыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG