Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

МАИ кызматкерин тепкен кыз үй камагына чыгарылды


Алтынай Жайнакова
Алтынай Жайнакова

12-январда Ош шаардык патрулдук милициясы эки суткага камалган Алтынай Жайнакованы үй камагына чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ИИБдан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, Жайнакова сотко чейин үй камагында болот.

12-январда өзүн ырчы, теле алып баруучу деп тааныштырган Алтынай Жайнакова кызымтал абалында патрулдук милиция тарабынан токтотулган.

Жергиликтүү телеканалдардын бири тарткан тасмада көрсөтүлгөндөй, Жайнакова наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан. Милиция аны күчкө салып алып кетмей болгондо тартип сакчыларынын бирин унаа ичинен бетке тепкен.

Бул окуядан кийин милиция Кылмыш кодексинин 234-беренеси “бейбашчылык” боюнча кылмыш ишин козгоп, Жайнакованы эки суткага камакка алган. (YI)

XS
SM
MD
LG