Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Бишкек: Куруучуларга талап азайды


Бишкектеги Жаштардын эмгек биржасы февралдын башында иш орундардын кезектеги жарманкесин өткөрдү. Мурдагыларга салыштырмалуу бул жарманкеде куруучуларга болгон керектөө кескин азайганы байкалды.

Жаштардын эмгек биржасына Куттубек аттуу жигит Малик деген досу менен келген. Алар борбор шаардагы №5 орто кесиптик окуу жайды жаңы эле аякташты:

- Бул жерге биринчи жолу келип жатам. Буга чейин иштеп көрө элекмин. Ушул жерден жумуш тапсаңар болот дегенди угуп келгенбиз. Өзүбүздүн окуубузда жумуш жок. Курулуш тармагында иштесек болот. Кафель, обой чаптап. Штукатурка шыбап.

Бул күнү Жаштардын эмгек биржасына миндей киши келди. Алардын теңинен көбүнө жумуш сунуш кылынды. Аталган биржанын жетечиси Азиз Идирисовдун айтымында азыр шаарда соода жана тейлөө тармагында иш орундар бар:

- Бизге азыр 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр көп кайрылып жатат. Билим министринин маалыматы боюнча он миңден ашык өспүрүмдөр азыр эч кайда окубайт жана иштебейт. Эмгек мыйзамдарына ылайык, өспүрүмдөр азыраак иштеп, бирок башкалар менен бирдей айлык алышы керек. Бирок бул иш берүүчүлөргө пайдалуу эмес.

Шарипа Кайназарова Жаштардын эмгек биржасы менен он жылдан ашык убактан бери кызматташып келет. Ал чет өлкөлөрдө кыргыздын кол өнөрчүлүк буюм-тайымдардын көргөзмөсүн уюштуруп ишкерлик кылат. Шарипа айым иш издеп кайрылган улан-кыздардын арасынан чет тилдерин билгендерди тандап алат. Анын айтымында, кыргыз жаштары иштин көзүн билип тың келишет. Бирок өздөрүн иш берүүчүлөргө дурустап сунуштай алышпайт. Көпчүлүгү өзү тууралуу маалымат камтылган кадимки эле резюмени толтуруп жазуудан аксайт:

- Мен Борбор Азияда, дагы көп мамлекеттерде болгом. Биздин жаштар ушунчалык тилди, башка нерсени тезден үйрөнөт. Бар болгону биздин менталитетти бир аз өзгөртүү керек. Болбосо биздин балдар-кыздар илим-билим жактан абдан күчтүү. Ушунчалык тырышчаак. Ар бир тилди үйрөнүп кетишет.

Жумуш караштырып Жаштардын эмгек биржасына Айнура аттуу кыз да келген. Айнура кесиби боюнча юрист, мурунку жумушунан айлыгы канааттандырбаганы үчүн кетип калган:

- Азыр кризиске байланыштуу жумуш табуу өтө эле татаал болуп калыптыр. Айлыгы он миң сомдон өйдө жумуш болсо жакшы болмок эле.

Атайын билими бар курулушчулар Куттубек менен Маликтин бул жарманкеден жолу болбоду. Каржы кризисинин эпкининен уламбы, айтор бул ирээт курулуш тармагындагы адисттерге дээрлик талап болгон жок.

Өткөн жылы Кыргызстанда жумушсуздардын жалпы саны 270 миңдей кишини түзгөн. Ишсиздердин көпчүлүгү күчү карууга толуп турган жаш адамдар эсептелет. Дүйнөлүк каржы кризистин айынан чет жерде иштеп жүргөн мигранттар Кыргызстанга кайтып, өлкөнүн өзүндө жумушчу орундар кыскарып бул сан быйыл бир нече эсеге көбөйүшү ыктымал экени айтылууда.





XS
SM
MD
LG