Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

Урмат Барыктабасовго карата мурдагы чечим өзгөрүүсүз калды


"Мекен Туу" партиясынын лидери Урмат Барыктабасов. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
"Мекен Туу" партиясынын лидери Урмат Барыктабасов. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырды. Мындай чечимди жума күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ал эми Урмат Барыктабасовдун жактоочулары муну саясий буйрук катары баалап жатышат.

Биринчи май райондук соту бүгүн Урмат Барыктабасовго мындан беш жыл мурда издөө салуу жана аны камоо боюнча токтомду жокко чыгарууну жана анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу анын адвокаты Акин Токталиевдин арызын карады. Адвокат жаңы жагдайга жараша бул токтомдор жокко чыгарылып, же кайра каралышы керектигин айтып чыкты:

- Сот муну биз карай албайбыз, бул чечимди Баш прокуратура чыгарган, ошолор чара колдонгон, биз токтом чыгарсак алып таштайт элек дегендей кылып атат. Мен мурдагы депутат Кубанычбек Кадыровдун адвокаты болгом. Экөөнүн беренелери эгиз козудай окшош. Кадыровго болсо камакка алсын деп Баш прокурор токтом чыгарган. Анын токтомун жөнөкөй эле тергөөчү туура эмес чыгарылган деп алып таштады.


Бирок сот анын баш коргоо чарасын өзгөртпөстөн калтырды. Анын себебин сот Абдразак Боронбаев соттук жараянга катышкандарга кыскача минтип түшүндүрдү:

- Сот жараянына ошол адам киргенде гана ошол маселе көтөрүлөт. Мыйзам бар да, Кылмыш кодекси деген бар. Аны жокко чыгарууга негиз жок болуп жатат.

Ал арада Биринчи май райондук сотунун алдына У.Барыктабасовдун 100гө чукул жактоочулары пикетке чыгышып, “Мекен Туу” партиясынын лидерине Кыргызстанга кирүүгө мүмкүндүк берүүсүн, саясий куугунтукту токтотууну Убактылуу өкмөттөн талап кылышты. Ушул эле күнү “Мекен Туу” партиясынын 200гө чукул мүчөлөрү Караколдо облустук акимчилик имараты алдында ушундай эле талап менен митинг өткөрүштү. Чогулгандарга Ысык-Көл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Мирбек Асанакунов чыгып, У.Барыктабасов жеке менчик учак менен Кыргызстанга келмекчи болуп, ал учуу эрежелерине шайкеш келбегендиктен өлкөгө киргизилбегенин айтты. Губернатор мында эч кандай саясий өңүт болбогонун да ишендирип өттү.

Ал эми Убактылуу өкмөт жетекчиси, Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева буга чейин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып:

- Мен бу кишинин жасагандарын же ойлорун жакшы түшүнбөй атам. Бул кишини Бакиевдин бийлиги сотко тарткан эле. Азыр болсо Бакиев жок болуп атат, мүмкүнчүлүк ачылып атат. Эми ошондон пайдаланып соттон бошонууга, ошол ишин ачууга аракет жасаш керек, - деген эле.

Деген менен У.Барыктабасовдун жактоочулары сот иштеринде калыссыздык уланууда деп нааразы болушууда. Алар мурдагы бийлик учурунда соттулуп, качкандардын көбү акталып, жогорку кызматтарда иштеп жатканын белгилешүүдө.

Жактоочулардын бири Акыл Акунов мыйзам баарына тең иштеши керек деген ойдо:

- Барыктабасовдун келишин убактылуу бийлик каалаган жери жок. Себебин түшүндүрө алышпайт. Келатса тоскоолдук кылып жатышат. Муну менен биз бул күрөштү дагы улантабыз. Мыйзам чегинде жогорку инстанцияларга кайрылабыз.

Урмат Барыктабасовдун жактоочулары 2005-жылдын 17-июнунда массалык акция уюштуруп, Ак үйгө кирип барышкан эле. Бул окуя боюнча бийликти күч менен басып алуу аракети көрүлдү, өлкөдө башаламандыктыкты уюштурду деп айып тагылып, Урмат Барыктабасовго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган болчу.

Ошол убактан бери ал чет өлкөдө жүрөт. Анын учагы 24-майда “Манас” аба майданына конмок. Бирок аэропорттун жетекчилиги конууга уруксат бербегендиктен ал Дубайдан учкан эмес. Маалыматка караганда, ал Кыргызстанга биротоло көчүп келүүгө нитеттенип жаткан.

XS
SM
MD
LG